Сөз дайра: 23.09.2011

Бул жолу “айлан” деген сөздү талдайбыз.

Мисалы, “үйдү айлан, короону айлан, Жерди айлан, Күндү айлан” деген сөздөр бар.

“Кар ээрип, сууга айланды” дейт. “Айланып өтмө жол экен” дейт.

“Айланайын” деген түшүнүк бар. Кээде мунун “айнанайын” деп, кээде “айланып кетейин” деп да айтат. Жалынган, жакшы көргөн сөздү билдирет.

Кээде ушул сөз аркылуу таптакыр тескери маанидеги түшүнүктөр да айтылат. Мисалы, “Кой, айланайын, колуңдан келген ишке асылба!”,  “Ал сенден айланып кетсин!” же “Ал ырдагандан айланабы!” деп коюшат.

Ушуга окшош эле “Алкыштан айлансын!” же “Башыңдан айлансын!” деген сөздөр да айтыла калат.

Баласы начар чыгып, эл алдында ата наамын булгаган жаман иштерди жасаса, “Атадан айлангыр!” деп каргайт.

Жакшы сөз, көптөн күтүп жүргөн жакшы сүйүнчү кабар укса, “Оозуңдан айланайын!” же “Оозуңа май!” деп алкайт.

“Ал оозуңдан айлансын!” деген да бар, “Эми сен андан үмүт этпей эле кой,” деген мааниде.

Атак-даңкка, сый-урматка жеткен адам “Элден айланайын! Мени эл көтөрүп, эл таяды!” деп кубанат.

“Жогол, акмак! Канча баланы кан жуткурдуң! Жогол, элден, журттан айлангыр!” деп каргайт. Бул жеке көргөндөгү каргыш сөз.

“Мүрзөдөн айлан, мүрзөдөн айлангыр!” дейт. Бул да каргыштын бир жаман түрү.

“Сенин сөөгүңдү жадагалса көргө да көмбөй, ит-кушка таштап салыш керек!” деген мааниде.

“Айланганы келдиңби?” дейт. “Керегиң тийер кезде жолобой, эми керегиң жокто келдиңби?” деген маанини билгизет.

Же ушунун дагы бир мааниси “Колуңдан кокон тыйын келбеген соң айланганы бардыңбы?” дейт.

“Убагында көзүмдүн агы менен тең айланчу эле, эми саламга келбей калыптыр” дейт.

“Кызматта турган кезимде кошомат кылып турчу эле, кызматтан кеткенден кийин карабай калыптыр” деген мааниде.

“Жыл айланбай эле шайлоо боло берчү болду” дейт.

“Үйү толтура, көчүк айланбай калды” деп коет. “Үйүнө киши батпай, отурарга орун жок” дегени.

“Алты баламдын ачына айланып, тогуна толгонуп жүрө берген экемин” дейт.

“Балдарым ачка болсо ыйлап, ток болсо жыргап жүрө берипмин” деген маанииде айтылган сөз.

“Айлан көчөк” деп коет. Ушундай аттагы коңуздун түрү.
“Айлан көчөк”. Балдардын оюнунун аты.
Үчүнчү мааниси “Бүгүн кечке айлан көчөк атып чыктык” дейт. “Түйшүк тартып чыктык, жаныбыз тынбай иш кылып жүрдүк” дегенди түшүндүрөт.

“Ал бат эле “айланбаш” болуп калды” дейт. “Анын башы бат эле айланып калды, бирөөлөрдүн жумшаганы менен болуп калды, ошолордун айткан-дегенинен чыкпай калды” деген маанидеги сөз.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 23.09.2011-ж.

Сөз дайра. 26.07.2011

Сөз дайра. 03.08.2011

Сөз дайра. 08-16.08.2011

Сөз дайра. 26.08.2011

Соц тармактар:

One thought on “Сөз дайра: 23.09.2011

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.