Бириккен Араб Эмиратында Kyrgyz Clubдын өкүлчүлүгү иштей баштады

Kyrgyz Club өзүнүн кеңейишин улантууда жана Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) да эми Kyrgyz Clubдын өкүлчүлүгү бар экендигин кабарлайт. Бул тууралуу Кыргыз Сlub уюмунан Айбек Хакимов билдирди.

Kyrgyz Club – БАЭнин башчысы америкалык ири компаниянын инженери 32 жаштагы Марс Орозов болуп калды, ал Эмираттарда 7 жылдан бери жашайт жана кыргызстандыктардын үмүт-тилектери жана көйгөйлөрү тууралуу да эң жакшы билет.

Расмий эмес билдирүүлөргө караганда, азыркы учурда БАЭде жашаган кыргызстандыктардын саны 2 миңден 3 миңге чейин жетет.

Марс Орозовдун айтканы боюнча, мындай бирикмени түзүү зарылдыгы эбак эле бышып жетилген.

«Эмираттарда жашаган кыргызстандыктар көйгөйлөрү менен жеке калып, өзүлөрүн сыртка түртүп салгандай сезбөөгө тийиш. Биз мекендештерибизге колубуздан келген бардык жардамдарды көрсөтөбүз – бул жакка жаңы келгендерге консультация берүү жана ишке орношууга көмөктөшүү, дегеле адамдын турмушунда нелер болбойт, ошондуктан бөтөн эл, бөтөн жерде жардам бере турган жер бар экенин билүү – абдан маанилүү. Дагы бир маанилүү аспект – маданий жактан өз ара алакалашуу, биз бөтөн өлкөдө жашап жүрөбүз да, андыктан өз маданиятыңа аралашкың, өз тилиңде сүйлөгүң, бирдей менталитеттеги адам менен баарлашкың келет», – дейт М.Орозов.

Kyrgyz Club – БАЭ өзүнүн биринчи маданий-көңүл ачуу иш-чарасын 31-августта өткөрөт – бул Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын майрамдоо болот.

2011-жылы 31-августта Дубайда болуучу салтанатка көптөгөн эмираттардан, анын ичинде Абу-Даби, Шарджу, Аджман, Рас-Альхайму жана Фуджейрудан кыргызстандыктар келишет. Кыргызстандан барган музыкалык топтун концерти майрамдык иш-чаранын көркүн ачат, ар түрдүү конкурстар, байгелер жана белектер менен коштолгон оюндар келгендердин көңүлүн көтөрөт. Чакырылгандарга кыргыз тамактары сунуш кылынат, билеттер боюнча баалуу байгелери бар утуш оюну ойнолот.

«Баракелде», 30.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.