Жупка

Бул кыргыз тамагынын жасоо жолу менен алыскы Батыш Австралияда жашаган Венера Раст бөлүштү.

Kеректелүүчу азыктар (3 адамга эсептелген):
Ун, 1 баш пияз, 2 помидор, 2 баш сарымсак (чеснок), 1 сабиз, 1 болгар калемпири, кызыл калемпир, туз, мурч, 500 г. эт

Даярдоо ыкмасы:
Этти беш бармак сыяктуу кылып бышырабыз. Же болбосо этти туурасынан туурап, аны куурабыз, кууруп жатканда помидордон кошобуз.

Калган жемиштерди төрт чарчы кылып туурайбыз.

Ысыган казанда алгач пияз менен сарымсакты кызарганча кууруп, андан кийин помидорду, сабизди, калемпирди кошуп алар жумшак болгончо кууруш керек.

Туз, мурч, кызыл калемпирди кошуп, суу куябыз, отту басаңдатып тууралган этти салабыз да демдейбиз.

Камырды катуу кылып жууруп, аны калыңдыгы 1-2 мм кылып жайабыз.

Аны кесип, туз кошулган сууга бышырып алабыз.

Баардыгы даяр болгондо үстүн чөп-чар менен кооздоп койсо болот.

Тамагыңар таттуу болсун!

Венера Раст, Батыш Австралия

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.