Намазбек Уралиев, комузчу: “Ырчылардын көбү менден алышкан…”

– Намазбек мырза, алгач өзүңүздү тааныштырып, анан канча жылдан бери комуз чабуу менен алектенип келе жаткандыгыңыз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
– Көлдөн болом. Бала кезимден, тагыраак айтканда 13 жашымдан бери комуз чабуу менен алектенип келе атам. Эң алгачкы комузумду 13 жашымда чапкам. Кийин 9-класста окуп атканда экинчи комузумду чаптым. Ошентип, музыкалык окуу жайга тапшырып, дирижёрлук кесипке ээ болгом. Бала кезимден комузга жакын болуп чоңойгондуктан, тилекке каршы, тандап алган кесибимдин өтөөсүнө чыга алган жокмун. 1986-жылга чейин маданият тармагында иштеп, кийин комуз чабууга өтүп кеттим. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күнгө чейин 1000ден ашык комуз чааптырмын. Сахнада жүргөн ырчы акындардын көпчүлүгү менин колумдан чыккан комуз менен ырдап жүрүшөт. Мисалы, комузчулардан Самара Токтакунова, Замирбек Үсөнбаев, Саламат Садыкова, Роза Аманова, Сыймык Бейшекеев, акындардан Элмирбек, Амантай, Жеңишбек, Аалы, Азамат, айтор, бардыгы эле менден алышкан.

– Бир комузду канча сомго сатасыз?
– Ар кандай өрүк комуздарды 250 доллардан, 300 долларга чейин сатам. 300 доллар деген бул абдан арзан. Мисалы, казактарда домбранын баасы 1000 доллардан жогору турат. Улуттук аспап деп, казактар домбраны абдан баалашат. Бизде болсо комузга көп маани беришпейт. Эгер элибиз илгеркидей комузга маани берип, барктап-баалаганда комуздун баасы бир топ эле жогору болмок.

– Бир комузду канча убакытта чаап бүтөсүз?
– Чапкан бат эле, ашып кетсе бир айдын ичинде чаап бүтөм. Баарынан жыгачты даярдоо чоң түйшүктү талап кылат. Жыгачты кыйып келгенден кийин аны күнгө коюп, кургатуу зарыл, эгер кургатпаса, ал чабылбайт. Жакшылап кургатыш үчүн жок дегенде бир жылга жакын убакыт керек. Мурун Көлдө жашап жүргөндө күн салкын болгондуктан, кеминде 2 жылга жакын күнгө коюп кургатчумун. Бишкекте жакшылап караса, бир жыл эмес, жарым жылда эле кургайт экен. Карагайды тандоонун да өзүнүн жолдору бар. Жыгач деп эле көрүнгөн өрүк бакты кыйып келип эле чаба берген болбойт. Сортуна карап, чабуу керек. Көбүнчө мен жыгачты Көлдөн алам, биринчиден, Көлдө өрүк карагайы көп, экинчиден, сорту жакшы.

Суроо салган Мирлан Алымбаев, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.