Чак-чак

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 1 килограмм
Жумуртка – 4 даана
Лимондун ширеси – 1 аш кашык
Май – 600-800 грамм
Татымына жараша туз
Ширесине 1 стакан бал, 1 стакан кумшекер жана 200 грамм мейиз же жаңгак керектелет

Даярдоо ыкмасы:
Жумуртка, лимондун ширесин кошуп катуураак кылып камыр жууруйбуз. Камыр бир аз тыныккандан кийин жука жайып, өзүбүз каалагандай формада кесебиз. Кесилген камырды майга кызарта бышырып, кагазга төгөбүз. Кагаздан майлыкка, майлыктан кагазга төгүп отуруп майын сарыктырып алабыз. Канчалык майдан арылса, ошончолук даамдуу болот. Анан ширесин даярдоого киришебиз. Алгач мискейге балды куюп, ага кумшекерди кошобуз да, жай отто тынымсыз аралаштыруу менен кайнатып алабыз. Качан гана кумшекердин бүртүкчөлөрү эригенде, шире даяр болот.
Чак-чакка мейиз менен жаңгакты кошуп аралаштырабыз да, ага ширени ысык бойдон куябыз. Жабышпас үчүн колубузду улам-улам суулап, каалагандай формага келтирип, сууган соң дасторконго коё берсек болот.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Камырды жакшы эленген ундан жууруса, арасына аба кирет да, жакшы жуурулуп, ийи бат каныгат жана тез ачыйт.
  • Камырды жылуу сууга жууруу шарт. Ысык сууга жуурулган камыр катуу болуп калат.
  • 1 килограмм унга орточо көлөмдөгү сууга бышырылган 2-3 картошканы эзип кошуп жиберсе, камыр жумшак болот.
  • Камырга сууга бышкан бир кесим ашкабакты эзип кошуп жиберсе, камыр жумуртка кошкондой сапсары жана даамдуу болуп калат.

Дамира Арстанова, «Супер-инфо», №470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.