Чакчакей

Керектелүүчү азыктар:
Ун
– 1 килограмм
Сүт – 0,5 литр
Жумуртка – 4 даана
Ашкабак – 200 грамм
Кумшекер – 100-150 грамм
Май – 500-800 грамм
Ачыткы – 10 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Алгач ашкабакты сууга бышырып, эзип алабыз. Анан жумуртка менен кумшекерди көбүргөнчө чалып, эзилген ашкабакты, сүт жана ачыткыны кошуп, катуураак кылып камыр жууруйбуз. Ачыгандан кийин аны чакан бөлүктөргө бөлүп, жука кылып жаябыз. Жайылган камырды ичке-ичке кесип, чакчакейдин формасындай кылып оройбуз. Камырдын учу жанып кетпөө үчүн ширеңкенин чийи же тиш чукуур менен бекитип, кызыган майга бышырабыз.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Камырды жакшы эленген ундан жууруса, арасына аба кирет да, жакшы жуурулуп, ийи бат каныгат жана тез ачыйт.
  • Камырды жылуу сууга жууруу шарт. Ысык сууга жуурулган камыр катуу болуп калат.
  • 1 килограмм унга орточо көлөмдөгү сууга бышырылган 2-3 картошканы эзип кошуп жиберсе, камыр жумшак болот.
  • Камырга сууга бышкан бир кесим ашкабакты эзип кошуп жиберсе, камыр жумуртка кошкондой сапсары жана даамдуу болуп калат.

Дамира Арстанова, «Супер-инфо», №470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.