«Күз» сынагы: Зайырбек Ажыматов

Алтын күз менен Алтын кыз

Алтын күз сыртта… күн ачык,
Алтын кыз менден алыста.
Аралык азыр мунарык,
Апкаарып турам барышка….

Ошол кыз мага дары эле,
Жайнаган гүлдөй кулпуруп.
Анын да чачы сары эле,
Көздөрү Көлдөй туптунук…

Ал жүргөн жерлер шаң экен,
Азыр ал мага табылбай…
Ай чырай асыл жан экен,
Апаппак орус кайыңдай.

Сыр калды менде айтылгыс,
Кыйылам сен деп садага.
Алтын күз менен алтын кыз
Салдыңар мени санаага.

Сени эстеп далай сыздаармын,
Сезимге жанды мас кылдың.
Есенин сүйгөн кыздардын,
Элжиреп бирин жактырдым.

Зайырбек Ажыматов,
“Күз” сынагына

Соц тармактар:

5 thoughts on “«Күз» сынагы: Зайырбек Ажыматов

  • 17.11.2011 at 13:42
    Permalink

    Есенин суйгон кызга ашык болсонуз демек Есенин менен сиздин аз эле айырманыздар бар экен 🙂 Сиз да кийин кыргыздын урпактарынын эсинен чыкпаган улуу акыны бойдон каласыз деген ишенимдемин. Ырыныз жакшы экен. Бар болунуз акын ага.

    Reply
  • 21.11.2011 at 12:17
    Permalink

    Сары чачтуу кызга алтын кыз деген төп келбейт. Жөн эле жазып койгон болмок беле

    Reply
  • 08.12.2011 at 12:45
    Permalink

    bul akindin yrlary ozunco ele shedevr da. Padysa el degen yryn gimn kilsa bolchuday.
    suiuu jonundo yrlari da durus. bul yrynda da suiuu aralashyp sonun boluptur. birok kyrgyz ele kyzdarybyzga jetpeit go deim :)orustar aman ele bolsun

    Reply
  • 10.12.2011 at 13:13
    Permalink

    Абдан жакшы жазылган ыр. Менин тээ мектепте окуп жүргөндөгү алгачкы махабатым эске түшүп, жаркылдаган, узун сары чачтуу сары кыздын күлүмсүрөгөн элеси көз алдыма тартыла түштү. Талантың ташкындай берсин Зайыр!

    Reply
  • Pingback: «Күз» темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды — kmb3

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.