“Күз” сынагы: Мелис Маматжан уулу

Күз

Табият салт улантса тигүүчүлүк,
Тамшана карап турат тирүүчүлүк.
Күндүзү, түнү дагы тыным албай,
Күз менен жарышууда тиричилик

Аккан тер бешенеден ысып чыгып,
Ак эмгек алаканды жышып чыгып.
Түйшүкчүл дыйкан баба күчү менен,
Талааны каптап барат бышыкчылык.

Чөп бетин мойсоп улам түшүмдөрү,
Чайпалат дарактардын үшүгөнү.
Шагына шап олтуруп шамал дагы,
Шашылат жалбыракты түшүргөнү.

Күркүрөп чагылгандын буулукканы,
Күн чыгат көлчүктөрдү курутканы.
Жайылып көзчөсүнөн жамгыр төгөт,
Жер бетин тиктеп турган булут дагы.

Күз дагы катуу коюп талаптарын,
Күлүктөй туман каптап барат баарын.
Көк менен кышты күтпөй сапар улайт,
Канаттуу куштар кагып канаттарын.

Коомубуз ырыскыга кошо болсун,
Колубуз берекеден бошобосун.
Меймандай тиги четте кыш да турат,
Мезгилдин аттасам деп босогосун.

Мелис Маматжан уулу,
“Күз” сынагына

Соц тармактар:

3 thoughts on ““Күз” сынагы: Мелис Маматжан уулу

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.