«Күз» сынагы: Айсалкын Сооронбаева

Күз келди

Күз келди кыргыз тоолорго,
Күкүктөп, өзөн суу акпай.
Көк майсаң күңгөй,тескейди,
Коңур күз жортуп саргайтаар.

Күз келди талаа, түздөргө,
Кырманды данга толтуруп.
Күжүрмөн баба дыйкандар,
Кепсенин берип, молчулук.

Күз келди айыл ичине,
Кутту үйдө тойлор, токчулук.
Көк бөрүү таштап ортого,
Көөнөрбөс салттар коштолуп.

Күз келди Ыссык-Көлгө да
Көөшүлүп, толкун согулбай.
Көрк берген көлгө ак чардак,
Катарын бузбай жол улай.

Күз келди менин үйүмө,
Көөдөндү букка толтуруп.
Көзүмөн учуп Ата Журт,
Кусада жүрөм саргайып.

05.12.2011-ж. Москва

Айсалкын Сооронбаева,
“Күз” сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.