“Кар” сынагы: Зайырбек Ажыматов

Таңкы бурганак

Муздак жел кышты жулмалап,
Уюлгуп ак кар буйдалат.
Ак таңда чыксам ак дүйнө,
Аймалайт жүзүм бурганак.

Кечип мен аппак иримди…
Келатам салып изимди.
Ааламдан түшкөн аппак кар,
Агартчы көңүл, дилимди?

Сөгүлүп аткан таң сыңар,
Сөөгүмдөн, жандан зар чыгар.
Аруулай турган дүйнөнү,
Аппак кар силер барсыңар.

Ак бороон сени күтүнбөй,
Жүрчү элем жектеп, түшүнбөй.
Кар бүртүк бетке чачырайт,
Апамдын эмчек сүтүндөй.

Жазылбай канча ыр калып,
Жанды эзип далай ыйладык.
Бурганак болуп кетким бар,
Буйдалып жүрбөй, буйдалып.

Күттүргөн жазы, күзү да,
Гүлдөгөн өмүр күчү да.
Ааламдан түшкөн аппак кар,
Алп Жердин эне сүтү да.

Ак таңда түндү кубалап,
Аппак кар жаашы уланат.
Асмандан түшүп атайы,
Аруула бизди бурганак…

Зайырбек Ажыматов,
“Кар” сынагына

Соц тармактар:

15 thoughts on ““Кар” сынагы: Зайырбек Ажыматов

  • 22.01.2012 at 16:33
    Permalink

    Соз жок! Ыр сонун жазылыптыр! Мага абдан-абдан жакты.

    Күттүргөн жазы, күзү да,
    Гүлдөгөн өмүр күчү да.
    Ааламдан түшкөн аппак кар,
    Алп Жердин эне сүтү да.

    Укмуш берилиптир! Бар болунуз акын ага! Жакшы ырларыныз учун рахмат!

    Reply
  • 02.02.2012 at 14:12
    Permalink

    Мына, а бул болсо белгилуу чон акындын жазганы экени дароо байкалып турат.
    Ырдын мааниси, уйкаштыгы, баардыгы жайында.
    Бир окуганда шар окулуп, конулундо, журогундо кала турган ыр.

    Reply
  • 07.02.2012 at 18:13
    Permalink

    Бирок бул белгилуу акынынардын кунгурт прошлыйы тууралуу эмне дейсинер…

    Reply
  • 08.02.2012 at 16:42
    Permalink

    Ар бир адамдын откону болот. Бирок, менимче бул жерде акындардын жашоо-турмушуна киришип, кандай адам деп анын “кунурт прошлыйын” териштируучу жер эмес го дейм урматуу Жанара айым. Акындар деле жонокой эле адамдар: жанылышат, жашашат, суйушот, кайгырышат. Копчулук адамдар акындын ырын жактырышат, суйушот, а акындын озун тушунгусу келишпейт. Акындар идеал деп ким айтты? Деги эле бул дуйнодо идеал адам болбойт. Биз адамдарды кандай болсо ошондой кабыл алуубуз керек.
    А бул жер адамдарды сындан откорчу жер эмес. Ырларды сындан откорчу жер.
    Андыктан, ырдын озуно пикир калтырсак жакшы болоор эле…

    Reply
  • 09.02.2012 at 10:36
    Permalink

    Бул жерде катуу сөздөр жүрө баштады окшойт. Адамдын аброюну шек келтирген сөздөр да айтылып калууда. Ушуга байланыштуу бир пикирди мен жалпынын назарына чыгарууга уруксат бербедим. Дагы бир эстетип кетким келет, бул жер айтылган макала, ыр боюнча гана пикирди айтуу, угуу үчүн, ага тиешеси жок нерселер колдоого алынбайт. Пикир алмашуу да маданияттуу болушу керек.

    КМБ

    Reply
  • 16.02.2012 at 11:50
    Permalink

    Ыр мага абдан жакты. Бул автордун ырларын мурда да окуп журчумун.
    Соз жок.
    Азамат!

    Ак бороон сени күтүнбөй,
    Жүрчү элем жектеп, түшүнбөй.
    Кар бүртүк бетке чачырайт,
    Апамдын эмчек сүтүндөй.

    Сунушум, жогорку куплеттеги “Апамдым” деген создун ордуна “Ааламдын” деп койсо кандай болоор эле, билбейм дагы…

    Reply
  • 20.02.2012 at 01:02
    Permalink

    кана эми акындын козу,акындын журогу менин коодонумо да ыр турмокторун тамчылатып отсо…Баракелде!ийгилик!

    Reply
  • 22.02.2012 at 17:00
    Permalink

    оо эми закемди ким тааныбайт
    ырлары укмуш да
    сын айтуунун да кереги жок
    жакшы жазыптыр

    Reply
  • 24.02.2012 at 08:43
    Permalink

    Азаматсың иним, арыба, сенден көп ийгилик күтүүгө болот, ырын жаккандыктан бул сайтка коюп койдум, туура түшүнөрсүң…http://www.kyrgyzym.com/

    Reply
  • 27.02.2012 at 12:11
    Permalink

    Ырыныз чынында эле жакшы жазылыптыр, мага аябай жакты, мындан аркы ишинизге ийгилик чыгармачылык эргуу каалайм. ал эми бул сынакта ийгиликке жетесиз деп терен ишенем. Бар болунуз!!!

    Reply
  • 27.02.2012 at 20:45
    Permalink

    Зайырбек мырзанын ыры абдан жакшы жазылган. Ммдаа.. Жан-дуйнонун бороон-чапкыны ыр саптарына астейдил жуурулуп, ырга озгочо корк берип турат экен .Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм, Зайырбек.

    Reply
  • 28.02.2012 at 11:27
    Permalink

    Азаматсың Заке! Сенин жүрөктү кытыгылаган ырларыңды, сенин ар бир адамга аруулук тартуулаган чыгармачылыгыңды дайыма сыйлаймын. Бар бол! Калемиң арыбасын!

    Reply
  • Pingback: Сынактын аяктаарына аз эле калды « Кыргыз маданият борбору

  • Pingback: Сынактын аяктаарына аз эле калды — Кыргыз маданият борбору

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.