“Кар” сынагы: Сулайман Турганбаев

“Карсезим”
(
түрмөк)

Бозоргон талааларды кыроо басып
Кыш дагы көп кечикпей келчү кирип…
Тигилип терезеге уза-ак-узак
Буюккан аяз үнүн аяр тыңшап
Экөөбүз жазды күтүп жашачубуз.

* * *
Кечээ күн кар аралаш жамгыр жаады
Кыңылдап келе жатып көчө бурчтан
О-о сулуум, көрдүм сени!
Чачыңды сууланышкан
Кол менен каптал жакка сылай тарап,
Жанымдан күнөөлүүдөй өтө бердиң
Бекемдеп мендеги бир ишенимди…

* * *
Буралган бетегеси жазды эңсейм.
Жааган кар борошолоп күчөп барат…
Байкуш  дарак
Анын да арыз-муңу аз эместей,
Бүтүндөй боюн ийип… жыпжылаңач…

* * *
Кычыроон кыштын кечи
Агылып сен тарапка
Кар кечип эмен бакта жалгыз барам
Жарыгы терезеңдин
Жаныма кубат болуп,
Үшүгөн колдорума кайылмын да
Муздаган дубалдарга атың жазам…

Сулайман Турганбаев,
“Кар” сынагына 

Соц тармактар:

2 thoughts on ““Кар” сынагы: Сулайман Турганбаев

  • 26.01.2012 at 17:51
    Permalink

    Бул ырды өзбек тилине да которгону жетишишиптир. Тагырак айтканда, акыркы строфасын. Эркин которулуптур.

    “Кычыроон кыштын кечи
    Агылып сен тарапка
    Кар кечип эмен бакта жалгыз барам
    Жарыгы терезеңдин
    Жаныма кубат болуп,
    Үшүгөн колдорума кайылмын да
    Муздаган дубалдарга атың жазам…”

    Анын котормосу:

    “Қаҳратон қиш оқшоми
    Интиларкан сен томон
    Эманзораро танҳо қор кечиб бораяпман.

    Деразангдан тушган нур
    Жонимга қувват бўлиб
    Кўнглимнинг кўйлакларин мен ечиб бораяпман.

    Қор кечиб бораяпман,
    Қўлларим – муз, кўкарган.
    Муз деворга исмингни кўчириб бораяпман.

    Қор кечиб бораяпман,
    Ечиниб бораяпман…”

    Reply
  • Pingback: Сынактын аяктаарына аз эле калды — Кыргыз маданият борбору

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.