Жок дегенде балдарыбызды Кыргызстанга алып кеткиле деп суранышууда

Памир кыргыздарынын балдары. Тынчтыкбектин фотоблогунан алынды

Ооганстандагы памирлик кыргыздардын аянычтуу абалы, бийик тоодогу климаттык шарттын катаалдыгы, өзгөчө жаш балдар, энелер көз жумуп, алардын саны кескин кыскарып, кыргыздар жоголуу коркунучуна кептелип бараткандыгы тууралуу “Dе-факто” гезити бир нече ирет жаздык. “Кыргыз бутагы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлзат Болотованын маеги жана фоторепортаждар дагы жарыяланган эле. Памирлик кыргыздар “балдарыбыздын убалына калгыбыз келбейт, жок дегенде балдарды Кыргызстанга алып кеткиле” деп айткандары зээнди кейитет. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бул боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөргөн. 3-февралда “Республика” фракциясынын жыйынында Кичи Памир кыргыздарын көчүрүп келүү боюнча 2012-жылдын бюджетинен кошумча каражат кароо жагы каралды.

3-февралда Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын жыйынында кичи памирликтерге жардам берүү маселеси көтөрүлдү. 2012-жылдын бюджет долбооруна кичи памирликтерди Кыргызстанга көчүрүп келүүгө кошумча каражат кароо сунушталды. Ал жыйынга “Кыргыз бутагы” коомдук фондунун жана “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Бул боюнча депутат Мирлан Бакиров маалыматтарды алып чыгып, кичи памирликтерди көчүрүп келүү демилгесин айтып чыкты. 2011-жылы Кыргызстанда 3834 киши “кайрылман” макамын алган болсо, ушул жыл башындагы маалымат боюнча жарандыгы жок 9 миң адам жашайт.

“Кыргыз бутагы” коомдук фонду тастыктаган маалыматтарга караганда, кичи памирликтер өздөрүн 2000дей деп эсептешсе, алардын санагы боюнча 720 гана кыргыз калгандыгы өкүнүчтүү. КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун качкындар боюнча өкүлчүлүгүнө Кичи Памир кыргыздарын көчүрүп келүү тууралуу маселе койгону да белгилүү.

Финансы министринин орун басары ­Арзыбек Кожошев министрлик кичи памирлик кыргыздарды көчүрүп келүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, болжол менен ал иштерге 20 миллион сом керектелерин белгилеп жатат.

Эгер кичи памирликтерди көчүрүп келүү маселеси боюнча мамлекеттик деңгээлде, Бириккен Улуттар Уюму аркылуу маселе чечилип кала турган болсо, жардам беребиз деген кыргызстандыктар, чет өлкөдө иштеген журтташтарыбыз да чыгып, алар биздин гезитке чалышууда. Талкууларга караганда, кичи памирликтерге маселе бир жаңсыл болгончо материалдык жардам берүү, жаш балдардын маселесин чечүү, ириде жаш балдарды окууга алып келүү сыяктуу эң биринчиден жасала турган жардамдар тууралуу сөз болууда.

Аңгыча каалоочулар “Кыргыз бутагы” коомдук фонду ачкан, кичи памирликтерге жардам берүү эсебине каражат которушса болот.

“Dе-факто” гезитинин редакциясынан:
“Кыргыз бутагы” коомдук фонду Ооганстандагы Памир кыргыздарына жардам берүү боюнча эсеп ачты. Ал мындай:
Кыргыз бутагы.
ОАО РСК банк эсеп: 1299001900065220
БИК 129001
Сурап-билүү телефондору: 0556 44-21-80
0772 96-14-61
0312 48 31 97 

Келгиле, катаал шартта жашаган Ооганстандагы боордош кыргыздарды колдоп, колубуздан келген каражат-көмөгүбүздү көрсөтөлү!

“Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.02.2012-ж.

Сүрөт Тынчтыкбектин фотоблогунан алынды


Соц тармактар:

3 thoughts on “Жок дегенде балдарыбызды Кыргызстанга алып кеткиле деп суранышууда

  • 12.02.2013 at 00:25
    Permalink

    Men Kytaylek Kyrgyzmen. Allahdan bizdin baarebzga insap berip, öz-ara jardamda bolgolu nasep etsin dep tileym! Ushul japaaluu kyndordon kutuluunun birden-bir jolu ozubuzdu jana urpaktarebezde jahkshe tarbialoo.

    Reply
  • 12.02.2013 at 00:28
    Permalink

    Baardek küchübüz menenP amerdek boordoshtorubuzga jakendan jardamda bololu.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.