Кайгы баскан карыптай, карып кеткен алп акын

Акын Курбаналы Сабыровду эскерүү

Бир учур кыргыз адабияты курак жагынан жаш, талант жагынан күчтүү жоон топ акындарынан ажырады. Алар – Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Беганас Сартов, Табылды Муканов жана Курбаналы Сабыров. Алар аз жашашты. Бирок арман толгон, сүйүү толгон ырлары калды артында. Бүгүн биз Курбаналы Сабыров тууралуу кеп кылабыз. Ал 1942-жылы Лейлек жергесинде жарык дүйнөгө келип, 1981-жылы дүйнөдөн кайткан. Бул жарык дүйнөдө болгону 39 жыл гана өмүр сүргөн. Анын көзү барында “Козу-Баглан”, “Нур-Булак” “Өрүкзар”, көзү өткөндөн кийин “Жүрөктөгү күн”, “Керээз” деген ыр китептери жарык көргөн. Акын поэзияга аралашкан өмүрүнүн ошол 15 жылы абдан оор жылдардан болгон. Жеке турмушунда да оош-кыйыштар, ажырашуулар, сагынуулар көп болгон. Анын жазылган чыгармалары басмадан көпкө жарык көрбөй, таланты бааланбай көп азаптарды башынан кечирген. Акындын өмүрүнүн акыры трагедиялуу болуп, өз жанын өзү кыйып, жарыкчылыкты таштап кете берген.

Орозбек Көчкөнов, акын, жазуучу:
“Маркум Кукем жана үч чоку”

– Акын Курбаналы Сабыров менен замандаш, курбалдаш болдук. Сырдаш болдук. Маркум Кукем менен көп баарлаштык, көп бирге бастык. Студенттик куракта, андан кийинки ак-караны жүрөктөн электеп, көңүлдөн кечирген жылдарда бирге болдук. Ошого карапбы же жазмышыбы, адабий чөйрөгө да кеч аралаштык, поэтикалык кудуретибиз деле бири-бирибизден айрымаланган жок. Көргөн шорубуз деле бирдей болду. Ошондой болсо да менин жеке баамымда анын калемдештеринен бөлүп турган эки-үч жагы боло турган. Ал ашкере бала пейилдиги эле. Ал – анын кумар отуна тойбостугу эле. Ал – анын жеткен санаакөйлүгү эле. Кийин байкап көрсөм, деги эле калемгерди калемгер кылган да мына ушул туу чокулар окшобойбу? Мен Кукемди мына ушул үч чокудан көрөм, ушул үч чокудан элестетем, ушул үч чокудан ыманы салабат болду деп эсептейм.

Анатай Өмүрканов, эл акыны:
“Ичинде кандай арман барын билбей калдык”
– Курбаналы экөөбүз университетте чогуу окуганбыз. Өтө көп окуган, көп изденген акын эле. Мекенин жанындай сүйчү. Мекенин сүйүп, өрүкзарды даңктап далай ырларды жаратты. Тилекке каршы, өмүрү өтө кыска болуп калды. Өз жанын өзү кыйып, өлүмү трагедиялуу бүттү. Сыртынан сыр билдирбей эле зыңкыйып жүргөн жигит болчу. А ичинде кандай армандар, кандай көйгөйлөр менен кеткенин биз билбей калдык. Артында бир нече ыр жыйнактары калды. Лейлектеги бир мектепке Курбаналынын ысымы берилген. “Издер кайра жаңырат” деген жакшы рубрикаңар бар экен. Ыр жүрөк кыргыз барында Курбаналыдай акындар жүрөктөрдө өлбөйт.

Курбанаалы Сабыровдун ырлары

Жамиля Таштанбекова, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.