Бешик байыртадан келген таберик

Мезгил өткөн сайын адамзаттын жашоого болгон көз карашы да өзгөрүп келет, аны менен бирге күнүмдүк жашоодо колдонуучу буюмдар да замандын талабына жараша өзгөрүүдө. Ал эми кээ бир буюмдарды кылымдар бою пайдаланып келебиз. Алардын бири касиеттүү Умай энеден калган таберик – бешик.

КӨЧМӨН ТУРМУШКА ШАРТТАЛГАН
Ата-бабаларыбыз көчмөн калк болгондуктан, бешик биринчи ирет көчмөн турмуш үчүн шартталган. Көчкөн кезде бешикке салынган наристени өз энеси өңөрүп жүрчү. Ошондой эле бешик энелерге наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлашып, күнүмдүк жашоодогу эң чоң жардамчысы болуп келгени талашсыз. Бешик жасоодо байыркы усталар бардык ыңгайлуулуктарды эске алышкан. Байкасаңыздар, баш жагындагы алкакка тирөөч орнотулган. Ал эне бешикке салмагын салып эмизгенде тирөөч кармап туруусуна ыңгайлашкан. Ошондой эле бешиктин эки таманына жаа сымал жыгачтар ашталып, бешиктин термелишин жеңилдетет. Бешик төрөлгөн наристенин тазалыгы, денеси менен акылынын ойдогудай калыптанышына чоң жардам берет.

АРЧАНЫ АЛБАРСТЫ ЖАНДАБАЙТ
Бешик талдан, жаңгактан, арчадан жасалат. Эң баалуусу — арча бешик. Баланы бешикке бөлөөрдүн алдында алгач ар кандай оору, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен ичи-сыртын аласташат. Кээде бешикте жаткан баланын денесинде учу агарган майда-майда кызыл тактар пайда болуп калышы мүмкүн. Анткени күн жүзүн көрбөгөн бешиктин жыгачында курт пайда болуп, баланы чага башташы ыктымал. Андай учурда бешиктин олпогун күнгө жайып кургатышат. “Арчадан жасалган бешикке курт түшпөйт” деп эл арасында бааланып келет. Элибиз арчанын бекемдигин, чирибестигин, жайы-кышы көгөрүп турганын күнүмдүк турмушта байкап-билген. Ошондон улам бөлөнгөн баланын ден соолугу бекем, узун өмүр берсин деп арча бешикке бөлөп келишкен.

“Кир болсо, албарсты уялап алат” деген ишеним болгондуктан, бешикти илгертен таза тутуп келишет. Бешикти күнгө жайганда караңгыга калтырбайт. Себеби “караңгыда сыртта калган бешикке шайтан жатып алат. Ага жаткан наристе чочуп, ооруй берет” деген ишеним да бар.

ЫРЫМ-ЖЫРЫМ, ИШЕНИМДЕР
Ымыркай төрөлүп, киндиги түшкөн соң жети күнгө жеткирбей аны бешикке салышкан. Ал күнү жыт чыгарылып, атайылап бул жөрөлгөгө чаначтагы сары майдан томурулуп, мал-жан союлуп, коңшуларга, тууган-урукка тамак берилип, бата алынган. Наристени бешикке айыл ичинде сый-урматка татыган, кадыр-барктуу апалардын бири бөлөп, келген коноктор баланын бешигине боорсок жана таттууларды чачышкан. Мындай каада бүгүнкү күнгө чейин сакталып келүүдө. Бешикке салардан мурун анын ичи-сыртын аластап, жакшы тилектерин айтып, бешикти, шимекти суу май менен майлашат. Бөлөгөнгө чейин бешиктин ичине эркек балага балта же чот, бир нече чүкө, ал эми кызга кайчы, шуру же сөйкө салып коюшат. Бешиктен балта же чот, чүкөлөр түшүрүлүп, арча түтөтүлүп аластаган соң наристени бөлөгөнгө киришет. Балта же чот салуу – жаны темирдей бекем болот деген ишеним болсо, кайчы – кыздын колу уз болсун деген ниет. “Умай эне жаман жин-шайтандардан баланы сактайт” деген ишенимден улам чүкөнү бешикке байлап да коюшат.

Баланы бешикке саларда “шайтан кач, кач, кач, ээси келди!” деп жаткырышып, “Бешик апа, бек карма, Умай эне, уйку бер” деп таңуу керек. Илгери апалар эмгекти сүйсүн деген тилек менен кетмен, балта, чот баштаган жети эмгек куралын бешикти айлантып койгондугу жөнүндө да маалымат бар. Салт боюнча жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп тогуз нерсени бешикке жаап, төрөлгөн баланын таенеси берет.

Көп балалуу үй-бүлөнүн бешигин ырымдап көбүнчө баласы токтобогон аялга беришет. Андай келин бала төрөп калган учурда бешиктин ээсине белек-бечкек берип ыраазычылыгын алуусу керек.

БАШКА ЭЛДЕ…
Калмак элинин илгерки бешиктеринде баланын тизелерин эки тарапка түртүп туруучу атайын буюм бар болгон. Бурят калкында да бөбөктүн тизелеринин ортосуна тоголоктолгон терини же башка нерсе коюп бөлөп келишкен. Бул атайы баланын буту тайтайып өсүүсү үчүн жасалган чара. Андай буттар аттын капталына чып жабышып, ат жалында шамдагайлыкка шарт түзгөн.

БЕШИКТИН ЖАБДУУЛАРЫ

Бешиктин жабдуулары 1 миң сомдон өйдө. Учурда жабууларына, борткосуна ар түрдүү оймо-чиймелер түшүрүлүп, ал эми күлтүктөрү айнек, пластмассадан да жасалат.

Жабуулары – бешикти сыртынан жабуучу кездеме. Жайкы жабуу баланы чымын-чиркейден сактоо үчүн тордон тигилет. Кышкы жабуу балага жылуу болуш үчүн калың кездеме – баркыттан тигилет.
Бортко – баланы байлоо үчүн жумшак кездемеден тигилген жазы курлар. Бала муну менен эки жеринен: тизесинен жана төшүнөн таңылат. Төшүн таңуучу бортко узунураак жана кененирээк болсо, бутун таңуучу бортко кыска жана ичке болот.
Олпоктору – күлтүктүн орду оюлган үч кабат төшөк. Эң астыңкы олпоктун ичине арчадан салып тигишет. Бул баланы бешик курттан сактайт. Анын үстүнө баланын асты калың болуусу үчүн эки катар төшөк салынат.
Шимек – заара агып, күлтүккө түшүүгө ыңгайлашкан буюм. Жыгачтан жасалган жаңы шимекти кызып турган майга салып күйгүзүп алуу керек. Андан соң күнгө жакшылап кургатат. Ошондо жыгачтын майда таарындылары жоголуп, сыйда болот. Шимек эркек балага өзүнчө, кыз балага өзүнчө жасалат.
Күлтүк – баланын заарасы менен заңы түшүүчү идиш. Адатта бул идиш чоподон же жыгачтан жасалат. Бирок азыркы күндө айнектен, пластмассадан жасалган идиштерди да колдонуп жүрүшөт. Заара ары-бери чайпалып, чачырабаш үчүн күлтүккө топурак же күл салып коюшат.
Жаздык – баланын башына коюлат.
Бут ороосу – баланын бутунан белине чейин жабуучу жууркан.

БЕШИК МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ИШЕНИМДЕР

  • Бош бешикти терметсе, балалуу болбой калат.
  • Бешикти бут менен тээп жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт, наристени бешиктин үстүнөн алып бербейт.
  • Бир убакта эки адам эки башынан көтөргөнгө болбойт. Себеби бул сөөк койгондо табытты эки башынан көтөрүүгө окшоштурулат. Ошондой эле эки адам да бир учурда терметпейт.
  • Бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагын чыгарат.

Мальвина Уметбекова, «Супер-инфо», №480 13-19-январь, 2012-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.