Бурулкан Сарыгулова

Сарыгулова Бурулкан Турдубековна 1959-жылы 30-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында туулган.

1966-76-жылдары Кичижаргылчак орто мектебинде жалпы билим алган. Эмгек жолун 1976-жылы Ысыккөл областынын Жетиөгүз районундагы «Үлгүлүү-Жаш» колхозунда (кийинчерээк «Актерек» совхозу) жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1977-78-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы мамлекеттик университеттин даярдоо бөлүмүндө окуган. 1978-жылы ушул эле университеттин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүнө тапшырган.

1983-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинин журналистика болумун аяктаган.

Университеттин акыркы курсунда «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы болуп иштеген.

1984- 1990-жылдары «Нарын правдасы» гезитинде котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, 1990-2000-жылдары «Мугалимдер газетасында» («Кутбилим») кабарчы, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары болгон. Мындан тышкары «Кыргыз маданияты» гезити, «Кыргызстан аялдарды» журналы, Кыргыз радиосу менен тыгыз кызматташып келген.

1996-жылдан тартып эл аралык көзкарандысыз эркин радио болгон «Азаттык үналгысында» – “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Кыргыз кызматында кабарчы болуп иштейт.

Журналистика менен бирге адабиятка да салым кошууда.

Жазган ырлары менен окурмандар альманахтар, журналдар, маалымат каражаттары аркылуу тааныш.

1983-жылы «Алыкулдун акбоз ат» акындар фестивалынын лауреаты.

1989-жылы Кыргызстандагы акындардын Токтогул фестивалында биринчи орунду алган.

1996-жылы “Эл агартуу отличниги” төш белгиси ыйгарылган.

Уикипедиядан алынды

 

Бурул Сарыгулова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Подружка маек

 

Ырлар

ЖАЗДАГЫ КҮЗ

Жан кирген көчөдөгү карап элге,
Баратат тал-тал чачын тарап желге.
А бирок көөдөн турат мунарыктап,
Аваз жок алып учаар көмөкөйдө.

Көчөдө жаз, каректе кунарсыз күз
Кумсарат куса жуткан ыраңсыз жүз.
Кылт этип келет эске баягы ой:
“Жоготуу… орду толбойт, үмүттү үз”

Же бугун ичине бүт батыра албай,
Күздөй  жүзүн же жаздан жашыра албай,
Сур булутка айланып бара жатат,
Түгөнүүгө жаан болуп, тамчы калбай.
1-март, 2012-жыл

 

ОН СЕГИЗИНЧИ НОЯБРЬ

Күн жебеси терметип биздин үйдү,
Нур өткөрүп терезе түркүн түстүү,
Экөөбүздүн тагдырды жалгаштырган,
Таңды тосуп жатам мен ошол күзгү.

Жолуктук деп жардын эң жакшысына
Азгырылып жашоонун таттуусуна,
Тилек кылбай калдыкпы бир болууну,
Биз жараткан балдардын бактысында?

Анда сен билгиң келип сүйөрүмдү,
Шекшип мен: «Деги мага күйөбү бу?»
Бөлөк эл, бөтөн жердин конушунда,
Биле албай ыйларымды, күлөрүмдү.

Күлө албай, ыйлай албай азыр дагы
Эскерип турам сендей асыл жарды.
Бардыгы жай-жайында турат, бирок,
Күн нуру баштагыдай тийбей калды.

Бирибиз бирибизди жаттап бүтүп,
Турмуш бизди, биз аны таптап бүтүп,
Кызык жашоо башталып калган кезде
Жалгыздыктын торуна минтип түштүк…

Өткөрүп ушул баштан  жокту-барды,
Биз тапкан балдар бойго жетип калды,
Чайпаган да, жайкаган жашоо турат,
Мага күйгөн асыл жар кетип калды.

Мен саа бакыт, сен мага тагдыр болдуң.
Өмүрдүн акырына жетпей койдуң.
Жашалбай калган өмүр жазасы деп,
Мен жолду сенсиз улап кетмей болдум…
19-ноябрь, 2011-жыл

 

АЯЛ, КҮЗГҮ, КУСАЛЫК

Санаага куса өрүлүп,
Дүйнөсүн ичтен кемирип,
Төшөктө аял солуктайт,
Капшыты дал-дал сөгүлүп.

Балдарын ойлойт өксүгөн,
Эселек туруп эс кирген,
Атасы сымал атадан
Айрылып эрте, эчкирген.

Келатса таңдан нур агып,
Кумсарып тосот кусалык,
Чаалыккан көздөр жумулат,
Күн батаар менен кызарып.

Кош жаздык, төшөк, керебет.
Жалгыздык бийлейт тебелеп,
Канчадан бери таш күзгү,
Кубанган жүздү көрө элек.
июль, 2011, Прага.

 

* * *

Күн өтүп жатат узанып
Күн менен кошо бүт агып,
Күндүз да, түндө жанымда
Байланып, кетпейт кусалык
5-январь, 2012-жыл

 

АЗУЧЕНА

(Вердинин “Трубадур” операсынын каарманы)

Түшүрдү деп терс дуба балдарыма,
Бир цыганды кары Бек кечирбеди.
Буйругуна баш ийип улугунун,
Өрттөп ийди жигиттер сепилдеги.

Көзүндө кал,  тилинде мөөрү бар деп,
Бүтүн табор кудайга теңечү эле.
Эпсиз сүйгөн жашоону, анан кызын,
Бул аял – Азучена энеси эле.

Көгөрүп, көксөгөнү – өч алууда
Маңкурттан  энекесин өрттөп ийген.
Күсөп, күтүп, көргүсү келип жүрөт,
Баласын ошол Бектин отко күйгөн.

Албуут цыган,  жаш эне Азучена
Алдына шайтан келсе жалмачудай,
Чыдабайт эч ким анын жаалысына
Абайла, каргап кокус салбасын ай!

…Наристесин бөктөргөн Азучена,
Cепилге киргендигин жан сезбеди
Эки бала колунда, чыкканда да
Азучена эч кимге кез келбеди.

Күзөтчүлөр жылынчу түнкү отко
Бир баланы ыргытып,  басып кетти.
Азучена бир кадам жылаар менен
Диркиреп эмчек сүтү атып кетти…

Кеги күч, боору муздак  Азучена,
Өч алам деп өзүнө азап салды.
Чаташтырып баласын отко жагып,
Ажалы жок  Бекзаада аман калды.

Бек баласын эмизди, эр жеткирди.
Бул азабын бир жанга айтканы жок.
А бирок арыстандай Азучена
Өч алуу максатынан кайтканы жок.

Цыган сүтү торолткон бек  тукуму
Леонора селкини сүйдү бир күн.
Азучена каалаган отко эмес,
Махабаттын отуна күйдү күн-түн.

Ак сөөк тукум селкини сүйөмүн деп
Айгак болду бир тууган агасына,
Бекзаада өлүм жаза чектеп койду,
Каскак цыган, Азучена баласына.

Күйүп  жаткан  оттогу көрүп “уулун”,
Азучена айгайлап  айтты чынын.
“Кара! – деди табалап  Бекзааданы,-
Бу цыган – Бектин уулу, бир тууганың!”

Азаптуу Азучена  отту айланып,
Энеси жаңы өлгөндөй  өчүп-тамды:
“Кеттим мен табор көздөп, кошкун эне,
Сен үчүн көпөстөрдөн өчүмдү алдым!”

Деди дагы, дүйнөсү көчүп кетти.
Айланкөчөк…  эмчеги сайгылашат.
Көкүрөгү өрөпкүйт  таш баскандай,
Көзүнөн жаш токтобой агып жатат…
25-февраль, 2012-жыл

 

УЗАТУУ

Бактылуу учуруң бу жашооңдогу
Санаада сапырылбай сары дүйнөң.
Сагынган, жагалданган адамың бар,
Мен бармын багың тилеп күндө жүргөн.

Бул дүйнө катаал, бирок, жашоо жарык
Тазасың, узак жолдо кирдебессиң.
Жасакерди жаныңа жуута көрбө,
Сен башкасың, чындык менен бирге өстүң.

Сени ким ызалантып, шагыңды ийсе,
Чыйралгын, ыпластыктан бийик болгун.
Каныңда кайрат ойноп турат, балам,
Эсиңе муну бекем түйүп койгун.

 

НАСААТ

Акылдууга акыл айтып “жыгылба”
Колдо жокту колдоп жүргүн, кыйылба.
Кыр көрсөтпө алсыз жанга жолуксаң,
Салам айтып үйрөнгүнүң кыйынга.

Сокур намыс, кокуй намыс соолутат.
Жаңылыштык жан кейитет, оорутат.
Сүйлөөктөргө сөз айтуудан сак болсоң,
Акыл бийлейт, сөз кар болбойт, ооз утат.

Теңтуш менен тең жүргөндү унутпа,
Көңүлүнө кир санааны уютпа,
Жамандыкты жакшылыктан көп кылып,
Кала көрбө акыр бир күн  унутта.

Сен жетесиң эл жеткендин баарына,
Аман болсоң эртең эле, ай-жылда.
Жашоо узак, бирок өмүр аз эле,
Пенделикке, пенделикке алдырба.

Сыйла өзүңдү сыйдан элди айырба,
Сенин каның, тегиң, түбүң айылда.
Акыл уют, билим топто, сергек бол,
Татаал тагдыр, тайгак жолго кабылба.

 

ТАГДЫРДЫН ТАМАШАСЫ

Базары көп жашчылык артта калып
Болгон жүктү моюнга арта салып
Бара жатат кан жолдо жалгыз караан
Алды жакта мунарык, артта жарык.

Жакшы күндү көп жолу буюруп ага
Безип кетчү көргөндө аны сана
Бу тагдырдын кылганы ушу болду
Калды жалгыз бир үйдө, эми кара.

Тиктешип жөргөмүштүн тору менен
Кыдырып дүйнө жүзүн ою менен
Суроого жооп таба албай чабалактайт
Кай жерден ката жасап койдум деген.

Илебине дан бышып турган ал кез
Ырымына, ыйына карачу эмес
Жан эле текебер да, кесири күч
Колдо жокту адам деп  саначу эмес.

Алганы жакшы чыкты, каркыттады,
Көп болду капасынан жаркытканы
А бирок, ичип кетип кийинчерээк
Ар кимден тыйын сурап самсып калды…

Бул анда баарын жасап алам деген,
Күйөөнү мындан жакшы табам деген
Чырактай жалгыз кызым аман болсун
Жетпеске жетип өзүм барам деген.

Күйөөсү кетти, бирок, үй толгон жок
Бул үйгө ошол бойдон кут конгон жок.
Жалгызы өзүнө окшоп мерес чыкты,
Энесин аеону ал ойлонгон жок.

Күйөөгө эрте тийди сүйүп-ташып,
Уулу окуп, кызы эми калды басып.
Күйөөсү бүйрө жигит болуп чыкты,
Турмушун курап алды жаркыратып.

 

АЗЫР КӨРСӨМ ТААНЫЙ АЛАР БЕКЕМИН?

Жолугууга жөндүү шылтоо таба албай,
Жүрөгүңө даап кирип бара албай,
Өчтү сезим жазгактыкка алдырып,
Арзуунун бир моокумуна кана албай

Кундуз чачың кирпик менен таралып,
Жарык жүзүң карегиме кадалып,
Карааныңа канааттанып жүрүп мен,
Айлар кетти, жылдар учту сабалып.

Азыр ойлойм: чындап сүйгөн экемин
Билип туруп арсардыгын жетээрим.
Бир жаштыкты уурдап кеткен сени мен
Азыр көрсөм тааный алар бекемин?

 

СУР БУЛУТ

Бүгүн бир төгүлөйүн дедим эле,
Эрк берип ушул тентек сезимдерге,
Кыялдар ааламымды аралай чаап,
Музамдын эргип турган кези эле!

Сур булут, бекер кылдың ушул ирет,
Ансыз деле жан дүйнөм жүдөп жүрөт.
Сейрек менин сергиген маанайымды,
Койсоң болмок кызганбай, бир аз сүрөп.

Экөөбүз ансыз деле бирге элебиз.
Буулугуп, бууракандап бир келебиз.
Өрүлүп калган ошол эки бакыр
Эсиме келбей атат, жаз беле, күз?

Сур булут! Сарсанаанын кожоюну,
жөн койсоң болмок экен ушунуңду.
Будалап, адаштырып кеттиң кайда
делбиреп, делөөрүгөн учурумду…

 

“ЭНЕДЕН САНААЧЫЛ КИШИ ЖОК”

(энемдин сөзү)

Бир ой кетсе кылт этип бүттү дей бер,
Жолду карап, саргарып күттү дей бер.
Жылга айланып мүнөтүм, сабыр кыйрап,
Саал кечиксең жүрөгүм түштү дей бер.

Үмүтүмсүң өмүрдүн көчүн улаар,
Чынарымсың бакыйып өсүп чыгаар.
Казыгысың бул үйдүн, мени билген
жакшы адамдар айланып өтүп тураар.

Кыш болорун билгиниң жайдан артык,
Сакта өмүрдү, чырагым, жандан артык.
Аманатсың атаңдан калган мага,
Аман бол, тилегим жок андан артык.

 

* * *

Алоолойт жайкы аптапка жуурулушуп,
Сен тарап келе жаткан балаң менен.
Өңүмбү, түшүмдөбү бул көргөнүм?
Көз кайкып, өзүм каалгып кадам керем.

Тынчыбай буюккан – Мен. Алай-дүлөй
оюмду тескей албай тегеренем:
«А балким мен болгондо мындан дагы
келишкен уул төрөп берет элем…»

Көрбөдүң. Оюң алек эмне менен?
Чачыңды бара жатат санаа тарап.
Уулуңдун сүйүү толгон каректери,
Кызымдан жанымдагы өтүп барат…

 

* * *

Чиймелеп, сызып, айрып санаа-ырды,
Түгөтүп жатам өмүр барагымды.
Айсыз түн, сокур чырак жолдош кылат,
Салбырап жерге түшкөн кабагымды.
Жөлөгүм келип турат азыр сага
Ыргайдай муун-жүүнсүз караанымды.

 

* * *

Канча жылдар коюунунда капанын,
Күтүп, эңсеп, дегдеп сени жашадым.
Тирүүлүккө көп акаарат кылып мен,
Келчү деле эмес эле жашагым…

Боройлогон махабаттын азабын,
Тартуу экен эң күчтүүсү жазанын,
Бүттү баары, «өлдүм» дегем ошондо…
Сенсиз эле жашап келе жатамын.

Өз нугуна салып жашоо мыйзамы,
Мезгил – дары эс-учумду жыйнады.
Мени сүйгөн жандын туусун көтөрүп,
Суктандырып жашап калдым кыйланы.

Бирок, билбейм качан мени куткарат,
Көөдөнүмдө турган бир дарт тытмалап.
Кучагыңа кулап түшкүм келгенде,
Тозок болот, тозок болот уктамак.

 

МҮРЗӨДӨГҮ ЖАЗУУ

Кайран өмүр карып сапары,
Кетти бардык пенде катары.
Бирок анын жолу башка эле
Экинчи ирет анык жашаары.

Мүнөзү нак кебездей болчу,
Жер силкинсе кебелбей койчу.
Баамчылдыгы менен багынткан,
Акылы дал көсөмдөй болчу.

Ак пейили, ниети нур төгүп,
Тегерете дайым күлкү эгип.
Аткан октой айткан кебинен
Кара ниеттер калчу бүркөлүп.

Чер жаздырып тамашасына,
Дабаа болуп жаракасына,
Кубандырып коюп канчаны,
Кубанганы ай, балачасынан.

Жакшылыкка сүйрөп жаманды,
Сабыр менен тескеп сараңды.
Өз чындыгы менен жашады,
Абийирине коюп арамды.

Каттап-каттап китеп жазган жок,
Башы менен кудук казган жок,
Атым калса болот эле деп,
Арсыз, жөнсүз ишке барган жок.

«Таза жаша, таза өл» деген
Ураан калды ушул пендеден.
Өлүмгө да күлүп караган,
Адам болот экен кемде-кем.

Булактуу бир айыл четинде
Сөөгү жатат бийик секиде.
«Мыкты адам болчу» деп турат
Мүрзөдөгү таштын бетинде.

 

ТҮШҮМӨ КИРДИҢ ЭНЕ ТҮНДӨ ЭМНЕГЕ?

Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Эстебей калганыма кейидиңби.
Өлгөнгө да сый керек деп калчу элең,
Сурабай калдым окшойт көңүлүңдү…

Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Сагынып жүргөнүмдү туйдуң бекен
Эненин баркын эми түшүндү деп,
Кечиккен акылыма күйдүң бекен.

Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Каржалып турганымды билдиңби же
Ызасын ыпластыктын тарта берип,
Ыйлаак жаным чочутуп ийдимби же.

Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Сездиңби жан оорутуп жакындарым,
өлүмдү соодалаган ушак-айың
жаалданып, кантип анан ашынганын…

Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Көөнүңө толбодубу көч сапары.
Сага окшоп күнү-түнү тилеп атам,
Бузулба деп, кудай деп көч катары.

Байкуш энем, базарым, мазарым ай…
Көпөлөктөй айланып жүрүп өттүң,
Кечиргин, катачылык кетип атса,
Жараткан тынч уйкуну насип этсин.

 

КОРКУУ

Коркоорумду билдим бүгүн уруштан,
Ушак менен калптан жанды куруткан.
Анан дагы азоолуктан алкынган,
Тажаалдыктан, караны ак деп чынырткан.

Көралбасты көрдүм, айла кетирди.
Абийир, ыйман кандай гана кетилди!
Анык жүзүн көрүп көркоо пенденин,
Жыйнай албай турам азыр эсимди.

Чындык менен калыстыкты куйкалап,
Тазалыкты тепсеп, кордоп, уйпалап,
Минтип көргөн күндөн абдан коркомун,
Намыс менен барк байкушту бырчалап.

 

Котормолор

Анна Ахматова

КОЙ КӨЗ ПАДЫША

Сыздаткан муң-зар, даңк сага!
Өлүптүр кой көз падыша.

Тумчуктурган үп болчу анда. Күзгү кеч.
Күйөөм келип айтып жатты сезбей эч:

«Аңчылыктан сөөгүн алып келишти
Эски эмендин түбүнөн таап келишти.

Канышага убал болду. Жаш жубай!
Бир түндө эле болуп калды чач куудай.»

Мүштөгүн каминден таап алды дагы
Түнкү ишине кайрадан кетип калды.

Баратам ойготкону кызымды өзүм,
Көрүү үчүн ойготом азыр көзүн.

…А кайыңдар терезенин артынан
шуудурашат: «Падышаң жок…» деп улам.

1910

 

* * *

Берилүүнүн шамалы улуйт,
Көпкөк асман канталайт.
Күндөрүңдү алгач сүйгөн,
Жылдар улам кайталайт.

Жылдар суудай агып кетти,
Сыйкырымды качырдың.
Сен эмнеге карыбадың,
Баягыдан ачылдың?

Үнүң дагы шаңдуу кыйла.
Мезгил канат, а бирок,
Капа конбос маңдайыңда
Апакай кар отурат.

1922

 

ЖАЛГЫЗДЫКТА

Канчалаган ыргытылды таш мага,
Кыла албады бири дагы камтама,
Ал тузактан, бийиктиги күн челген,
келишимдүү курулду зор мунара.
Кургандарга жакшылык насип этсин,
Санаа, түйшүк аларды кыйгап өтсүн.
Бул жерден таңды көрөм элден мурда,
Бул жерде күндун нуру сайран курат.
Бөлмөмдүн терезесин көздөй дайым
Түндүктөн деңиз жели агып турат,
Көгүчкөнгө колдорум данын сунат…
Жазылып бүтпөй калган барагыма,
Кара тору колум менин Музаларды
Таң каларлык бейпил, анан
жеңил гана жазып турат!

1914

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.