Евгений Рейн (1935-ж.)

* * *

Өмүр өтүп, сага жибек жоолукчан
Кайрадан мен метро жактан кезиктим.
Мурда болсом – жарат тынбай ооруган,
Азыр сага – бош орунмун, эч киммин.

Бирок да сен мени таанып, тоготтуң,
Бульвардагы отургучка отурдук,
Караандарын козгободуң болгондун,
Күнөөмдү да койгонсудуң унутуп.

А качан жер алдындагы өткөөлдө
Жок болгондо карааның ак жоолукчан
Ойлоп алдым мен эркиндик жөнүндө
Ырга айланып, өмүрдө бир жолуккан.
(Которгон Марат Токоев)

 

ШПАЛАЛАРДЫ БОЙЛОП

Алдан тайган августта, эртең менен
Дөңгөлөктөр дабырты, ышкырыктар.
Балтиканын таңында киргилденген
Чыкыйыма аткылайт өткөн жылдар.
Вокзал жакта томсоргон жыгач кепе,
Чырактардын үйүрү унутулган,
Калган алтын жаштыгым ушул жерде
Көзүрлөрдөй чачылып, кулап уучтан.
Отуз жаш да, мынакей, жеңилген кез
Агымына убакыт дарыянын.
Өлкөсүнө жол алып кайтып келбес…
Ойлойсуңбу ушундай? Мен даярмын
Калганга бул караандар арасында,
Так аткарып айтканың, буюрганың.
Шпалаларды карасаң, чирип сынган –
Көөр түсүнө чыланган күзгү таңдын.
Атлантика тузуна чулгайт мени
Балтиканын шамалы кайгыга окшош,
Бош перрондо өпкүлөйт ыйлап мени
Айтып мага жаткансып: “Кайыр кош, кош”.
Олевисте[1] бир гана боз туманда
Турат кезеп асмандын үнсүз бетин,
Айталбасмын эч нерсе алдын ала –
Араң жетет тыңшашка күчүм менин
Дөңгөлөктөр дабыртын, ачуу сигнал…
Менин да вагонум бир жакта өтүп,
Шпалаларды ушундай чирип сынган
Чылагандыр көөр түскө тандын өртү.
Мен жаш элем, сен дагы жаш болчусуң.
Эх, Томасым, карыдык карган иттей.
Оо, бул таңдын, айтпагын, жаман суугун,
Бул август ай тим эле кышкы чилде.
Зюйдду[2] кармап регатам бир убакта
Толкундарды өтчү эле килге жанчып,
Өтүп кетти кайрылбас алтын чактар
Жарым миң миль аралык жерге качып.
Мына келди акыры кетүү убакты,
Нөл калдыкта, болуптур, кайыр кош бол,
Бирок, билбейм эмне үчүн, келет айткым
Шашпай сага эч нерсе болбогондой:
“Кай бир жакта эстеткин, келгин мага
Сыркоологон августта, чала уйкумда,
Өлүмдү алдап, өмүрдөн ашырганга
Аракеттен олжону так колума
Алтын форель балыктай эң биринчи
Жана акыркы (кайрадан кайгы беле)…
Оорукчалым ырбыйган, тарп жегичим,
Балтикага кулагын, кайтып келбе.
Бирок тийбе кызгылтым стигматтарга,
(Калгандары – алсаң ал, кимге керек?)
Анткени бул чириген шпалаларда
Көөр түстөгү жалбырттайт оттуу карек.
(Которгон Марат Токоев)


[1] Таллинндеги чиркөө

[2] Шамалдын аталышы

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.