Төрөкул Дооров

Коштошуу
Бүгүн ал кетсе дагы алыс жакка,
Дарактар ийилбеди, булак да ыйлабады.
Асманда канча доордун күбөлөрү
Жылдыздар жерге ок да атышпады.

Бүгүн ал алыстарга кетсе дагы,
Көөдөндү чымчыбады эч бир сезим.
Кагылбай калган өңдүү комуз кылы,
Кош болгун, күлгүн, тентек жаштык кезим…
Прага 2009

* * *
Алдандык биз тагдырдын оюнуна,
Сезимдер чаташкансыйт,
Кыйналам, ылгай албай.

Кападар боло түшкөн көздөрүңдө
Билбедим не сүйүү бар,
Не жек көрүү,
Сезе албай…

Жалгыз гана өзүмө
Туюлат
Шегим бардай…

* * *
…Айтчу элең мендик эмес, эркинмин деп,
Айтчу элең дилде эмес, ойдо окшоштук.
Негедир бул күн дагы дил оор тартып,
Ой менен сен айткандан алыс учтук.

Мен келем, а сен олтур, мени күткүн,
Жөн гана жылдыз сымал кең пейилдүү…
Мен келем сен уйкудан тура электе,
Ошол жүз сен тааныган жамгыр үндүү…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.