Сайт тууралуу

“Кыргыз маданият борборун” ачуу демилгесин Марат Токоев, Жыргалбек Касаболотов жана Олжобай Шакир көтөрүп чыккан. Бул сайтты ачуунун максаты – кыргыз маданиятынын өркүндөп өсүшүнө колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүү. Муну менен кошо кыргыз тилдүү Интернеттин бутуна турушуна көмөктөшүү.

Замандын талабынан артта калбайлы, кыргыз маданиятына байланыштуу баалуу маалыматтарды ар-кайсы булактардан топтоп дүйнөлүк желеге чыгаралы, мүмкүн болсо өзүбүз да жаңыларын санариптейли, жаңы иликтөө, изилдөөлөрдү жүргүзүп Интернетке чыгаралы, башкача айтканда аларды түбөлуктөштүрөлү деген эле тилек. Анткени Интернетке чыккан нерсени жоготуу, жок кылуу дээрлик мүмкүн болбой калат. Биздин мүмкүнчүлүктөр чектелген, а Кыргыз маданияты – бул кулачы, чеги жок мухит, ошондуктан, эгер сиздер биз менен тилектеш болуп жардам бергиңер келсе, биз ыраазы гана болобуз.

Сайттын электрондук почтасынын дареги: kmborboru (@) gmail.com

Бизде ошондой эле  сөз менен иштеген ар-бир чыгармачыл адам ушуга окшош өз адабий баракчасын ача алат. Анын жолдору жана шарттары тууралуу бул жерде айтылган.

35 thoughts on “Сайт тууралуу

  • 20.07.2009 at 10:44
    Permalink

    Абдан керектуу блог.Сиздер менен таанышкандыгыма кубанычтамын.Кундон кунго осуш бар.ийгилик каалайм.

    Reply
  • 30.04.2010 at 07:13
    Permalink

    Maira Kerim kyzynyn aityshkan videolorun kaidan korsom bolot???

    Reply
    • 12.05.2010 at 09:38
      Permalink

      Тилекке каршы билбейт экенмин. Тапсак эле дароо блогго чыгарып коебуз.

      Reply
  • 18.01.2011 at 18:34
    Permalink

    Сиздерге чон таазим!

    Reply
  • 05.04.2011 at 06:46
    Permalink

    КАЙДЫГЕРЛИК КАПТАДЫ…
    Бул дуйнону кайдыгерлик каптады, тушунуксуз ярлыктар адам-баласына чапталды, асыл ойлор…ийкемдуу ойломдор адамдардан качып жоголуп, инсан журот каракчыларга тонолуп…журок ыйлайт амал жолун таба албай, тагдыр сынат жашап жаткансып жап-жалгыз аралдай, саясатчы булбулдай сайрап сахнада, ыплас ишке аралашкан «уйундогу» кухняда…бала ыйлайт атасына даттанып, кыздар журот кылыктарынан актанып, бийлер-байлар той тамашадан бошобой,чет олкого барганда суйлоп калышат актанып-мактанып…мына кыргыз бугунку сенин турмушун, баш которбой молча кылган «жумушун», анан кантип онолом деп айтасын, кармаганын колунда очередная революция картасы…шылуундар башкарып калган элдерди, аферистер жемишин жейт дыйкандын эмгегин,катташпай тага-жээндери, ээн калды кыргызымдын жерлери…сырта журот эр-азамат атуулдар,ата-энемди эптеп-септеп багам деп, алардын бала- чакасы унутуп эне тилдерин, калганбы дейм аваларын тагап деп…башка элдин жашоолорун мактайбыз,мисал кылып иш-чарасын данктайбыз, оз эллине бир иш кылып баштасан, «койчу ушуну» деп ылайларга чаптайбыз…а бирок да ишенемин элиме, шумдуктуудай кереметтуу жэриме, бороондорго-уландарга алдырбай,кызмат кылган пешене териме…асмандагы кол жетпеске умтулбай, жаратамын сулуукту мен элге, жараткандан тилегеним бир гана, сабырлуук бер тынчтык бер элиме!

    [WORDPRESS HASHCASH] The poster sent us ‘0 which is not a hashcash value.

    Reply
  • 05.07.2011 at 08:51
    Permalink

    Salamatsizdarbi?
    men kinogo tartilgim kelet
    osho boyuncha maga ar kandai maalimat bere alasizdarbi??
    otunuch,,

    Reply
    • 05.07.2011 at 10:12
      Permalink

      Киного кызыкканын жакшы! Бирок канчалык деңгээлде биз сага жардам бере алабыз? Кыйын болот го, кино тармагында иштебегенден кийин. Кеңеш гана бере алабыз. Азыр кино тартып жүргөн көп жаштар бар, мисалы, Азамат Арыков, Рустам Аташев ж.б. Алар менен жакындан таанышканга аракет кылып көр. Анан да Кыргыз-түрк “Манас” университетинде маалымат жана коммуникация факультети бар. Ал жерде, менин билишимде, кино тартуу боюнча да билим беришет. Студент балдар жакшы кыска метраждауу фильмдерди тартып эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрүнөн болгонун билем. Анан да Кинематографисттер Союзунун төрагасы, “Айтыш” киностудиясынын жетекчиси Садык Шер-Нияз бар. Бул мен Интернеттен алган маалыматтар. Ийгилик каалайбыз.

      Контактные данные: Киностудия «Айтыш»
      Рабочий адрес: Кыргызстан, 720030, г.Бишкек,
      ул. Динары Асановой, 1
      Телефоны:
      Раб.: +996 (312) 34 48 75
      +996 (312) 65 42 64
      Моб.: +996 (775) 98 89 88
      Эл.почта: sadyksn@rambler.ru

      Reply
  • 13.03.2012 at 17:49
    Permalink

    Саламатсыздарбы Сайттын авторлору!

    Ишиниздерге ийгилик! Улуттун кайра жаралуусу ушундай иштерден башталат!

    Урматтоо менен,

    Руслан Ташанов,

    Reply
    • 13.03.2012 at 17:56
      Permalink

      Рахмат. Аракет кылып жатабыз.

      Reply
  • 17.03.2012 at 13:44
    Permalink

    Саламтсыздарбы.Сиздердин сайтыныздарга ыр саптарым жазсам же жуктосом болобу?болсо кантип же бул жерге сиздердин калоонуздар менен жуктолобу?Алын ала чон рахмат.

    Reply
    • 17.03.2012 at 21:46
      Permalink

      Сайтка ырларды биз гана жүктөй алабыз. Биздин максатыбыз – бул сайттан кыргыз поэзиясынын күйөрмандары кыргыз поэзиясынын мыкты үлгүлөрү менен тааныша алышына мүмкүнчүлүк түзүп берүү, ысымдары али да көп белгилүү эмес жаш таланттууакындарыбыздын чыгармалары менен тааныштыруу. kmborboru@gmail.com дарегине ырларыңарды жибергиле. Карап көрөлү.

      Reply
  • 02.08.2012 at 23:33
    Permalink

    Саламатсыздарбы блогду ачуу демилгесин колго алып, купулга толорлук материалдар менен толуктап турган мырзалар, сиздердин ак журогунуздорго таазим!!! Бул сайтты тапканыма суйунуп журом жана мен окугандарды башкалар да окушун каалап башка сайттарга койсо болобу, албетте бул блогдун адресин ссылка кылып кайдан алынган материал экендигин билдирип жонотууго сиздердин оюнуздар кандай экенин билгим келет, ыракмат алдын ала!…..

    Reply
    • 03.08.2012 at 10:30
      Permalink

      Рахмат, Тумар, жылуу сөздөрүңө.
      Аракет кылып жатабыз.
      Ал эми биздин материалдарды алып турганга каршы эмеспиз. Бир гана эскерте кетишим керек, көп материалдарды өзүбүз башка жактардан алабыз. Макаланын ылдый жагында адатынча биз ал булакка шилтеме жасайбыз.

      Reply
  • 03.08.2012 at 14:59
    Permalink

    Ыракмат,сиздер кандай берсениздер озгортулбой, аягына гана сайтыныздардын дареги менен кетет.
    Сиздердин кыйкырбай, бирок кыйын, кымбат улгулуу ишти баштап жатканыныздарга ийгилик тилейм!

    Reply
  • 23.08.2012 at 01:47
    Permalink

    Саламатсыздарбы? Жакшы маалыматтар бар экен,сиздерге рахмат. Жана Кыргыздын биринчи Генералы Ысакбек Монуевдин туулган жылы туура эмес болуп калганын айтып коёюн. Суротундагы жылын ондоп койсонор,мумкун 1849?

    Reply
    • 23.08.2012 at 09:22
      Permalink

      Жок. Жылдары туура эле. Бул араб арибинде жазылгандыктан болуш керек. Арабча оңдон солго окушат эмеспи.

      Reply
      • 19.10.2014 at 02:11
        Permalink

        Саламсыздарбы мага сайт ачканга жардам бергилечи

        Reply
  • 08.02.2013 at 23:51
    Permalink

    Урматтуу улуттун рухун бийик тутуп,ушул сайтты узун элдин учу-кыйырына жеткидей убайым менен туптогон сайттын “Саяпкерлери” ар дайым ишиниздерге ийгилик тилейм!!!
    Суранычым, Айгул Узакованын ырларын кандай тапса болор экен?

    Reply
    • 11.02.2013 at 09:23
      Permalink

      Рахмат.
      Дагы көптөгөн жакшы акындарыбыздын чыгармаларын жарыялаганга жетише албай келебиз. Ааракет кылып жатабыз. Буюрса, жакында Айгүл эженин биз тапкан ырларын чыгарып коебуз.

      Reply
  • 23.02.2013 at 22:08
    Permalink

    Tumar09 Says:
    Февраль 21st, 2013 at 11:16
    Саламатсыздырбы? Сиздерге чексиз ыраазычылык,биз суранган темалар менен камсыз кылганыныздар учун!!!

    Reply
  • 23.01.2015 at 11:28
    Permalink

    Негизинен интернет булактарынан кыргызча материалдарды табуу ото кыйын бул сайт баарына керектуу деп ойлойм дагы илимий тармаккка тиешелуу макаларды коп чыгарып турушса абдан жакшы болот эле.

    Reply
  • 15.02.2015 at 19:46
    Permalink

    Саламатсыздарбы сиздердин сайтты тапканыма абдан кубанычтамын,кызыктуу жана керектуу маалыматтарды окууга мумкунчулук алып жатам,сиздерге чон ыраазычылык билдиргим келет.

    Reply
  • 30.05.2016 at 14:12
    Permalink

    Саламатсыздарбы,
    Мага илбирс баласы тууралуу уламыш,жомоктор керек болуп жатты эле.
    Жардам бере аласыздарбы?

    Reply
  • 04.01.2017 at 11:58
    Permalink

    Саламатсыздарбы сайттын баштоочулары? Ишиниздерге ийгилик, биз да мындан ары карап турбайбыз. Жакшы ачкан экенсиздер, озгочо мага окшогон адабият суйуучулоруно абдан жакшы ынгайлуулук жаратып жатканына кубанычтамын.

    Reply
    • 04.01.2017 at 14:20
      Permalink

      Рахмат!

      Аракет кылып келатабыз.

      Reply
  • 01.03.2017 at 16:14
    Permalink

    АЗАМАТСЫНАР! РАХМАТ, ДАЙЫМА ОКУУЧУ САЙТЫМ БОЛДУ.

    ОРУСЧАГА КОТОРМОЛОРУНАР ДА ТУУРА ДЕП ОЙЛОЙМ.

    Reply
  • 20.11.2017 at 18:21
    Permalink

    Саламатсыздарбы. Абдан жакшы иш баштапсыздар. Бизге Талант Шабиевдин ангемеси (Асан-усон кимдики?) жакты. Кантип автор менен байланышсак болот?

    Reply
    • 24.11.2017 at 14:19
      Permalink

      Талант Шабиев менен бул телефон аркылуу байланышсаңар болот: 0771 911 488

      Reply
  • 03.05.2020 at 17:19
    Permalink

    Саламатсыздарбы! Мындай сайт бар экенин билбей жургон экенмин!
    Аябай керектуу жумуш жасап жатыпсыздар! Ийгилик!
    Конокторунуздар кобойсун

    Reply
    • 27.07.2020 at 00:53
      Permalink

      Рахмат!
      Кол да жакшы тибей жатпайбы. Болбосо сайтты жакшыртуу боюнча толтура ойлор бар эле.

      Reply
  • 31.07.2023 at 21:45
    Permalink

    Саламатсыздарбы.
    Мен макала жазам алгачкырын Сарасеп кж сайтына жарыялап кийин мен Москвагша келе бергем, а сайт жабылып кетиптир. Учурда даярдаган макалам бар болчу ошону сиздердин сайтка чыгаруу учун текшерууго жибергим келген. Бирок эч эле байланыш таба албай жатам, ватсап номер же жмайл почта. Рахмат.

    Reply
    • 22.08.2023 at 17:18
      Permalink

      Саламатсызбы. Маданият, адабият темасындагы макалалар болсо караштыра алабыз.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Блог тууралуу

Блогду биз былтыр сентябрда ачкан экенбиз. Бирок аны иштеткенге мүмкүнчүлүк болбоду. Буга блог менен иштөөнү билбегенибиз бир себепкер болду. Биздин убакытыбыз да тар болуп (ар бирибиздин негизги иштеген жерибиз бар), кыргыз маданиятын өнүктүрүү боюнча жасагандарыбыз да аз болду. Биз алгач мектептеги башталгыч класстарда окуган балдарды алардын кабылдоосуна, окуу мүмкүнчүлүктөрүнө туура келген жомоктор менен камсыз кылууну максат кылган элек. Автордук укукту бузуп албайлы деген тейде биз дүйнөлүк элдик жомокторго кайрылдык. Бир нече жомокторду тандап алып, ар бирибиз аларды бөлүштүрүп алып, которуп чыктык. Биз бул блогго ошол которулган жомкотордун бир бөлүгүн гана чыгаралы деп чечтик. Анткени биз жомокторду өзүнчө китеп кылып чыгарып, мектептер арасында таратсак деген ойдо элек. Китеп болуп чыккандан соң жомоктордун баардыгы чыгарылат.

Учурда биз блогду ишибизге ылайыкташытырып жатабыз. Бирок аны толук кыргызчалаштыруу болбой жатат. Блогдун мүмкүнчүлүктөрү тоскоолдук кылууда. Бирок ошого да каниет кылып туралы.

4 thoughts on “Блог тууралуу

  • 13.08.2022 at 17:53
    Permalink

    Саламатсызбы.Биз кемер кур заказ берели дедик эле каерге ,кимге кайрылсак болот?

    Reply
  • 17.12.2022 at 21:35
    Permalink

    Саламатсыздарбы? Адабий чыгарма жана ыр саптарыбызды жөнөтүп, сынакка катышсак болобу ? Кандай катталабыз сиздерге? Же сайтка эле салып коебузбу? рахмат.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.