Байгазиев жана Ата Журт тагдыры

(жаңы китептер жентеги)

Таанымал публицист, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин “Цивилизация жана Ата Журт” аттуу публицистикалык макалалар жыйнагы жарык көрдү. Китеп өтө көлөмдүү, 800 беттен турат. Баш сөзүн Абдула Мусаев жана Кубат Чекиров жазган. Жыйнак “Кыргыз руху”, “Цивилизация жана улут тагдыры”, “Этика жана педагогика”, “Инсан жана коом”, “Цивилизация: адам жана табият”, “Батыш-Чыгыш маселесине карата” деген бөлүмдөрдөн турат жана ар бир бөлүм да бир нече бөлүктөргө ажырайт. Автордун айтылуу “Иниме кат” деген чыгармасы да ушул китептен орун алган.

Жыйнактын бүткүл өзөктүү сызыгы – азыркы ааламдашуу алкагында алатоолуктардын тагдыры кандай болот, эртеңки күнү башка маданияттардын тепсендисинде калбайбызбы, өткөндө уюткулуу эл элек, эми бөтөн калктардын ичине сиңип жок болуп кетпейбизби деген көйгөйлүү маселени көтөрүп турган макалалардан куралган. Автор бир нече макаласында “Эне тилибиз глобалдашуунун коркунучу астында. Эмне кылуу керек?”, “Компьютер баштуу” Орозкул же Кыргыз- стандын билим берүүсүнө кандай улуттук философия керек?”, “Эгемендүү кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия доктринасы барбы?”, “Агай” деген ат кайда?” деген сыяктуу суроолуу сүйлөмдөр менен тема коюп, кайра бизге суроолору менен жооп табуу үчүн калтырат.

С.Байгазиевдин Нурмолдо тууралуу изилдөөсү, айтылуу “Мугалимге жети каты”, “Ата Журттун он тиреги” деген макалалары да ушул китептен орун тапкан.

Zaman-Кыргызстан” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.