Эмгекчил пил

(жомок)

Илгери-илгери бул дүйнөдө жалгыз пил жашаптыр. Ал токойдогу жаныбарларга кошула албай, өзүн эч кимге кереги жоктой сезип жалгызсырап, терезенин түбүндө ойлонуп отура берчү экен.

Бир күнү катуу жамгыр жаайт. Жамгырдан качып үйүнө чуркап бараткан бачики пилди көрүп токтоп:
– Оо, кулактарын кара! Кол чатыр болууга жарайт го!- деп сүйлөнөт.


Анын сөзүн уккан пил сүйүнүп, аны кулагы менен жамгырдан калкалап үйүнө чейин узатып барат. Жолдон шөмтүрөп суу болуп келе жаткан бөжөк менен кирпиге жолугуп, аларды да үйүнө жеткирет. Бирок пилдин бул сүйүнүчү көпкө созулбады. Анткени жамгыр токтоп, жаныбарлардын эч кимиси ага көңүл бурбай калат. Ал адатынча капа тартып, терезенин түбүндө ойго батып отурса, өтүп бараткан бөжөк:
– Тим эле кой, мурду кантет?! Упузун го! Ай, ойго батып отура бербей, тиги мурдуң менен суу чачкыч болуп иштебейсиңби?!- деп сунуштайт.

Бөжөктүн ою пилге дароо жагып, булакка жөнөйт. Булактагы суудан тумшугуна толтуруп, гүлдөрдү, бактарды сугара баштайт. Баарын сугарып бүтүп, “бат эле бүтүп койдумбу?! Эми эмне жумуш кылам? Бекерчи болгум келбейт” деп пил кайрадан санаа тартып, терезенин түбүнө келет.

Күн батып, түн кирип, асманга жылдыздар жайнап чыккан убакта токой тараптан өрт чыгат. Пил албырттап күйүп жаткан өрттү көрөрү менен суу чачкыч болуп иштегени эсине түшөт да, булакты көздөй чуркап жөнөйт. Суудан тумшугуна толтуруп, отко чача баштайт. Жаныбарлар антип-минтип тургуча пил өрттү өчүрүүгө жетишет. Ошондо айбанаттардын баары пилге ыраазы болуп, ага өрт өчүрүүчү деген кесипти ыйгарышып, башына каска кийгизишет.

Ошентип, пил токойдогу жан-жаныбарлардын коопсуздугун сактап, өрт өчүрүүчү болуп, бекерчиликтен кутулуптур.

Дамира Арстанова, «Супер-инфо», №460 26-август – 1-сентябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

One thought on “Эмгекчил пил

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.