Аруулукка алып барар жол

Мамат Сабыров таанымал журналист, “Ленинчил жаш”, “Кыргыз руху”, “Асаба”, “Агым” газеталарында иштөө менен очерк, публицистика, интервью, репортаж, кайым айтышуу, маалыматтык макала сыяктуу оперативдүү жанрларда өзүн такай көрсөтүп келди жана ал чыгармачылыгы аркылуу улуттук журналистикабыздын соңку жыйырма беш-отуз жылындагы талашсыз көчбашы авторлорунун алдыңкы сабына чыкты. Дал ошол журналисттик оор түйшүктөн, андан башка редакторлук иштерден бошой калганда адабий жанрда да иштөөгө мүмкүнчүлүк таап келген экен, ал эмгеги менен жакында “Жол” деген китеби чыккан соң тааныштык.

Ал жыйнакка өткөн кылымдын 80-жылдарынан жазыла баштаган аңгемелеринен тартып, али сыясы кургай электерине чейинки жыйырма үч чыгармасы кирген. Аңгемелер менен таанышып жатып мен дүйнөлүк прозадагы эки классикти эстедим: биринчиси француз романисти Гюстав Флобер; экинчиси орус карасөзчүсү Василий Шукшин. Биринчиси өзүнүн туулуп өскөн чакан шаарчасы, андагы адамдарды жазып отуруп Руанды дүйнөгө таанытты, өзү да дүйнөгө ошол аймак, андагы адамдары аркылуу таанылды. Экинчиси Алтайдын Бий районунун Срости деген кичинекей кыштагынын кишилерин, болгондо да “апенди чалыш” “чудиктеринин” кылык-жоруктарын ошол айылдыктардай эле кандай болсо ошондой сүрөттөп айтып берип отуруп эле, окурмандардын дилине жеткирип салды. М.Сабыровдо да ошондой касиет эң биринчи көзгө урунат, ал Ноокаттын Күнчыгыш ныптасындагы Кашкалдак кыштагын, андагы балалыгын, көргөн-билгенин, тааныш-билиштерин жазып отуруп, турмушка жана жашоого эстетикалык мамиле кылып таалим-тарбиялык мааниси зор аңгемелерди жаратып коюптур. Автор каармандарын китептерден, кинолордон, кабинеттерден, эмгек талааларынан издеп убара болбойт. Ал жазгысы келген адамдар анын алдына өздөрү баягы бала чакта көргөн бойдон мен мындаймын деп келе калат да ошолорду эле шилтей салса окумдуу да, кызыктуу да аңгемелер чыга калып, алар бизге ушунчалык жакын сезилип кетет. Ошондой адамдар биздин, сиздин айылда да бар экендигине ынанасыз, бирок аларды сиз жазбай жүргөнүңүзгө, башкаларга айта албай келгениңизге өкүнүп каласыз. Мисалы, баарыбыз эле айылдагы мектепти, мугалимдерди билебиз, бирок алардын кылык-жоругун, жүрүш-турушун классташтар жолуга калганда гана кеп кылганыбыз менен сабыровдук жумшак юмор, сабыровдук эске тутуу, сабыровдук көрөгөчтүк менен жаза албайбыз. Мына агайларга жазуучунун болжолу мектепти бүткөндөн жыйырма жылдан кийинки берген “өндүрүштүк характеристикасы”.

Ражап агай: “Кыргыз тили китебиндеги көнүгүүлөрдү биринин артынан бирин жаздыра берет. Анысын жазып бүтүп, агай бүттүк десек, кийинкисин көчүргүлө дейт. Ошентип отуруп, бир чейректе эле үч эли келген китепти бүт көчүрүп салабыз. Кээде көчүр дегенден өзү деле тажайт окшойт, үнүңөрдү чыгарбай, гужулдабай секин сүйлөшүп отургула дейт. Биз эле болсок балээни тынч сүйлөшөбүзбү. Кимдин ким менен мушташканын, кимдин аялы кетип калганын талкуулап киребиз. Ушундай сенсациялуу жерине келгенде Ражап агайдын “локатрлары” чычкан аңдыган мышыктын кулактары сымал кыймылдап кетет”.

Бакир агай: “Ал бети бырышкан, чачы куудай аппак чал. СССРдин тарыхы китебин ордунан турбай окуп берет. Четинен, үтүр-чекитине чейин калтырбай окуйт. Биз карап турабыз”.

Алымкул агай: “…сабак башталар замат чөнтөгүн сыйпалап кирет. Төш чөнтөгүн, көт чөнтөгүн карап таппаган соң Турсунбайды карайт. “Бар, Зеби эжеңен күкүрт сурап келчи” дейт. Зеби эже мектептин полун жууп, отун жагат. Ширеңкеси такай жанында. Агай “Беломорун” дембе дем соруп алган соң, контрамарканын алдына барат да курун чечип, күрс-күрс жөтөлгөнчө этегин шымданат… Манас менен Семетейден, Курманбектен башталган элдик оозеки чыгармачылык билинбей эле согуш жылдарында күйөөлөрү, агалары фронтко кетип, Жаман-Адырда орок оргон биздин айылдык кыз-келиндердин фольклоруна өтүп кетет. “Он эки жаштан боо байлаа-ап, ооруду мени-ин билеги-им” дейт агай созолонтуп. Ашыгылык ырларын ырдаганда өзгөчө жыргап калат” ж.б.

Ушинтип-ушинтип орус тилден берчү Шейшекен эжеке, көлдүк Жекшен агай, адабиятчы Базарбай агай, географиядан окуткан Рахманберди агай, Төлөн агай, а түгүл бир жолу сабак берген электрик Камил ака менен жана алардын фонунда булар окуткан 70-жылдардын окуучулары менен бир-бирден таанышып отурабыз. Ар биринин өз-өзүнчө образы ачылып барат, алар Ноокаттын “III интерноционал” мектебинин мугалимдери гана эмес, жалпы кыргызга таандык мугалимдер, биздин жүрөгүбүздөгү, балалыгыбыздагы агай-эжейлер сыяктанып туруп алат. Адабияттагы мүнөз түзүүнүн типтүүлүгү, каармандардын бейнесин образдуу жаратуу деген жазуучулук чеберчилик дал ушунда жатпайбы. Автор да аңгемесинин аягында мындай куласага келет: “Албетте, биздин агайларды идеалдуу педагогдор деп айткым келбейт. Бирок кээ бири кайтыш болуп, кээ бири карылыкка баш коюп калышкан бул кишилерди эстеген сайын эт-жүрөгүм элжиреп, сагына баштайм. Анткени, алардын ошол сырткы одонолугунун, катуулугунун артында терең адамгерчилик, бир таза сулуулук бар эле. Институттарды, университеттерди бүтүрүп, галстук тагып жүрүшкөндөрү менен алар биз жашаган “кышлакы” чөйрөнүн бир бөлүгү, жакшылык жамандыкта таажияга, тойго барган, башкалар сыяктуу эле тамеки эгип, мал багып, жайкысын бири-биринен суу, саман талашкан айылдык тургундар болчу”.

Аңгемечи ошол мугалимдерин ашыкча шөкөттөбөйт, аларды айылды алдыга тартып бараткан локомотив катары да көрсөтпөйт, а түгүл буларды интеллигент деп да тили сынган сөздөр менен мактап отурбайт, болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй айтып таштайт да, булар да арабызда эле жүргөн кулпенделер деп көркөм боңктор менен көзгө сүртүп берет.

Айыл темасын көтөрүүсү, айыл адамдарынын ички дүйнөсүн, психологиясын ачып берүүсү, айылда туулуп өсүп, эми шаардык боло албай турган каармандын ички санаркоолорун берүүсү жактан “Жол” жыйнагындагы аңгемелер орус прозасында 60-жылдарда аябай оожаланган “деревенская прозаны” (А.Яшин, В.Тендряков, Ф.Абрамов, В.Белов, В.Распутин, Б.Можаев, В.Шукшин, Е.Носов, И.Акулов, М.Алексеев, В.Личутин, В.Лихоносов, Б.Екимов…) элестетет. Булардын чыгармалары жөнүндө ошол тенденциянын таанымал өкүлү В.Распутин ал жазуучулар “адептик жактан таза адамды – азыркынын жана келечектин адамын издеп табуу аракетинде болду” десе, экинчи бир өкүлү В.Белов “бир дагы жазуучу айыл-кыштак проблемаларын аттап өтө албайт, себеби чынын айтсак бул улуттук проблема” деген. Мына ушул орус кыштак жазуучуларынын ушундай темага кайрылышы бекер эмес болчу, себеби алардын бир башаты ошол жакта турган, ыймандык таза инсандар ошол кыштактарда тазаланып жашап жаткан. Алардын дагы бир өкүлү В.Шукшин өзүн “бир буту кайыкта, бир буту жайыкта” турарын айтып, ушул абалдын өзүнүн “плюстары” бар экендигин, “ал жактан – бул жакка”, “бул жактан – ал жакка” деген бул айыл-кыштак тууралуу ой гана эмес, шаар тууралуу да, демек Орусия тууралуу ойлор болорун айтат. Мына ушул процессти М.Сабыровдун “Жол” жыйнагынан кадыресе байкайбыз. Ал аңгемелер айылдын ыймандык деградацияга учурай элек кезинин, адеп башатыбыздын баяндары сыяктанат.

Китепке баш сөз жазган Султан Раев жыйнактын баа-баркын аябай кылдаттык менен салмактаган экен, мындай деп жазыптыр: “…Мамат досумдун чыгармаларын окуп жатып, мезгилдин бир бүктөмүндө жоготуп жиберген купия бир дүйнөнү кайрадан таап алгандай сезимде калдым. Жаш курагыбыз жарыша өскөн досумдун турмушту ушунчалык нукура таанып, ар бир сөзүндө жашоо илеби жаткан дүйнөсү өзгөчө бир тагдырдын тузу сындуу туюлду мага. Ушунчалык лирика менен назик сезимдин, катаал чындык менен үлбүрөгөн баңолуктун, карапайымдык менен улуулуктун, эң башкысы жашоо деми буркурап, сезимдин тунук булагы оргуштап жаткан бул аңгемелерде турмуш Портрети турат. Маматтын дүйнөсү менен адабияты эгиз, ал түркүн образдардын чыныгы галереясынан жаралган”. Дал ошол жазуучунун дүйнөсү менен адабияты эгиз болгону үчүн не бир эсте кала тургандай образдарды жазып атпайбы. Мисалы, алардын бири Нурасил (“Нурасил”), СССРдеги бүт аскерий учкучтардын окуу жайларынын аттарын, жетекчилерин билип алган, бирөө менен сүйлөшсө, ошол жерде окуй тургандай сүйлөшө берет, адамдарга Ооганстанда согушкамын деп ишендирет, жөн эле турган жерден бир бейтаанышка эки чыпта картошка алып келип үйүңүзгө түшүрүп беремин деп убада кылып ийет, автобустагы тааныш-бейтааныштарга да ар нерселерди айта берет, а түгүл АКШ президенти Рейганга өчөшүп ачкачылык кармап аткан доктор Хайдерге кат жазып жиберем дейт, “онон көрө биз жакка келиң, тайкар эшек алып беребиз, Сами ава, Досмат ава деген чалдар бар, шолорго кошулуп тойлорго барасыз, жилик жейсиз” деп жазсам болобу деп сурап коңт, бирок булары үчүн Нурасилди айыптай албайсың, анын ички дүйнөсү таза, адамгерчилиги бийик инсан деп билесиң. Же дагы бир аңгеменин каарманы Кара-Суунун Савай айылынан Фрунзеге келип камакка түшкөн баласын бошотуп алуу үчүн чайханада тааныбаган эле бирөөлөргө арыз жаздырган баңо бир кемпир (“Арза”). Ал окуяны мындайча айтып берип, арыз жаздырат: “Жаллаваттагы техникумду бүтүп, үч ай мал дуктур болуп иштеп, анан армияга барды. Кийин келип, Оштогу политехнический институттун 5-курсунда окуп аткан жеринде шул иш болду. Ичпейт эле, чекпейт эле. Жердеги чөпкө ям зыяны жок бала эле. Иштен башы өйдө болгон эмес. Тели-теңтуштарын тойго айтип келатып, Кара-Суудан запрапкага кирет. Кирет экен дагы шлангини машинасине салып, куй дегиче болбой менин өчүртүм эле деп бер жактан бир бала келет. Кой үкам, мен куюп алайын десе менин саңа окшогон акам жок дептир. Ол бирди айтат, бул бирди айтат. Олор бешөө, баариси мас экен. Уулумду көптөп тебишип, колун кайрып запрапканин аркасына алып кетпаратканда бир-эки кары кишилер ажыратып калышыптыр.

Келип, үйгө кирди ям аркасынан мелиса келди”. Ошентип андан ары каармандын сөзү менен анын бала үчүн жан үрөп күйпөлөктөгөн энелик мээрими да, алдуу алсыздарга дайыма үстөмдүк кылган турмуштун катаалдыгы да, караңгыдан жарык издеген үмүт да, чоңдорго арыз жазса, түрмөдөн бошотуп, мажбурга кесип берет имиш деген ишеним да, кагазды колуна кармаганча майпаң-майпаң этип Акүйгө карай кеткен аял руху да улам ачылып барылат.

М.Сабыровдун каармандарына түштүктүк колорит, түштүктүк сүйлөө речи, жүрүм-турум мүнөздүү, ал окуяларды узартып отурбай, улам-улам жаңы ойлорго, жаңы бейнелердин сүрөтүн тартууга ооп, бир окуядан экинчисин жаратып барат. Эң негизгиси анда турмушту журналисттик көрө билүү артыкчылыгы бар. Айталык, “Автобуста” деген аңгемеде төрт адамдын диалогу, сырты келбети, сөздөрү аркылуу эле адам тууралуу ой жүгүртүүлөрдү жаратса, “Баатырда” социализм мезгилиндеги балдардын пахта тергени жардамга барып экспулатацияланганы, андагы Баатыр аялдын адам болбой эле Баатыр болуп калгандыгы майда, бирок таамай тартылган штрихтер менен бир нече деталда баяндалып берилет.

“Жол” китебинен дагы бир олуттуу изилдөөгө алына турган жагы – андагы диалектилик, говорлук лексиканын, синтаксистин, жалпы эле кашкалдактыктардын тилинин кыйла чебер колдонулушу. Мындай нерсе ноокаттык жазуучулар М.Гапаровдо, К.Бобуловдо, М.Ашырбековдо, А.Матисаковдо анча-мынча көрүнгөн, бирок алардын китептери чыккан учурда редакторлор андай түштүктүк тилди оңойлук менен кетирчү эмес. Эгемендүүлүк алганы ар бир айыл сөзүн каалаганча колдоно баштадык, бир тамга жетишпесе да илегилектек авваттардын майин тилинде Нууман Саади “Кызыл” жана “Хан Шырдак” деген эки романын, баткенчилердин тилинде Мурзапар /сөн үч-төрт романын жазып салды. М.Сабыров да элдик тилдин ширелерин китебинде эң сонун пайдалана алган. “Жердештер” аңгемесинде “Кыргызстан” мейманканасынын 5-кабатына келген айылдыктар менен шаарда турган жердештеринин сүйлөшкөнүнө бир назар таштаңыз эле:

” – Ылдыйдан жөн эле киргиздиби?
– Ичким жок экен. Ояка бастым, биякка бастым, липке бардым, ошол жерде эле ывырсып жүрө бердим. Кандай анан биз жак, тамеки ниме болуп атат, шону айтчи?
Орунбай ака жакыныраак жылып отурду.
– Бардыгы тынч, отурушат. Биз келатканда тамеки эгилип бүтөйүн деп калды эле, азыргыча бүтсө керек.
– Картишка, мака мени күтүп, эгилбей тургандыр?
– Али ич ким эге элек. Турат бардыгыныкы.
– Механик отпускеге чыгың деп таза кыстады. Жамгыр жаап атат, баари бир үйдө ич канча иш кылалбайм, кийинраак чыгайын дедим эле. Чыга бербей… Көбү эле падменшигин жөнөтөт. Менин шеригим оорукчан, мындай алыс жактарга келе албайт. Илаажи жок, өзүм келдим да. Азали күн өтпөйт десең.
– Иши кыйын бекен?
– Кыйын деле эмес, толке шу үйдү сагынат экенсиң. Анавы тоолорду көргөн сайын сагынып кетем. Окшош я?”

Мына ушул чакан диалог бир караганда көркөм чыгарма үчүн зарыл болбогондой эле көрүнгөнү менен дал ушунда адамдардын татаал мамилеси, убактылуу шаардыктардын тууган жерге тартылып турган кандайдыр бир керемет күчү жаткансыйт. Дебют-жыйнак да ушундай “анавы тоолорду көргөн сайын сагынып кетем” дегендей шаарда туруп алып айылды сагынып, айыл тууралуу жазылгандыгы менен бизге жакын жана бизди балалык баңо күндөрүбүзгө, аруу учурубузга ээрчитип барат.

Абдыкерим Муратов, «Zaman-Кыргызстан», 03.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.