Аз сүйлөп, көп жазган акын кыз

dbb62cf4-8faa-4b7a-ab52-e30401981ead_mw800_mh600Жаш акын Нуриза Өмүрбаева Жусуп Баласагын атындагы КУУнин филология факультетин бүтүргөн. Бир поэтикалык жыйнактын автору.

Акын кыздардын телегейи тегиз эмес…

Мен мектепте окуп жүргөн учурдан баштап эле ыр жазам. Ар кыл темага кайрылам, бирок сүйүү темасы басымдуу. Бардык ырымда ар башкача образ жашайт. Мен ким бирөөнү өтө сүйүп калгандан корком. Болгону бир жылуу сезимдин мага ыр болуп келгени олжо сыяктуу сезилет. Себеби акын кыздардын көбү жоопсуз сүйүүгө кабылышат. Ушу кезге чейин акын кыздардын телегейи тегиз болуп кеткенин көргөн эмесмин. Ошол себеп мага ушундай жашоо образ жагат.

ЖАМГЫР МЕНИ ЧАНЫП КЕТПЕЙТ

Жүрөмүн күндөр өтүп зымыраган,
Жүрөгүң муздак белем жылыбаган.
Сырымды көөдөндөгү козгоп турат,
Сырттагы жамгыр үнү дыбыраган.

Ынагым өзүң жалгыз сезбесин деп,
Ырымды жамгыр үнү чакыргандай.
Жашоомо бир көрүнүп кайра кеттин,
Жарк этип, тээ көктөгү чагылгандай.

Бири кем дүйнө делет мунун баары,
Билемин өчкөн чырак жанып кетпейт.
Сендейден дагы далай чанса дагы,
Сеземин жамгыр мени чанып кетпейт.

 

ЧАКЫРАТ УЛУУ ТООЛОР

Жүрөгүм уйгу- туйгу,
Жүрөмүн келбей уйку,
Болду эми чыдай албайм,
Жаныңа азыр жетем,
Жашырбай, төкпөй- чачпай,
Баарысын айтам дагы,
Көл бойлоп басып кетем.

Жок, жок, жок барбай калдым,
Кылымдар келе жаткан
Кыздардын намысына,
Кетиргим келбей доону,
Керилип турган жээкте
Караймын Ала- Тоону.

Былк этпес көркөм тоолор
Чакырат бийиктикке,
Баамчыл боло көр деп,
Балдарды жигиттикке,
Кыздарды бийиктикке,
Чакырат улуу тоолор.

 

БИР ТОГОЛОК КАР

Кайтар кезде, сабак бүтүп мектептен,
Карды кармап тураар элең камынып.
Өтөр элем, мен жаныңдан шашыла,
Жука жааган жаңы карга чалынып.

Кирээр маалда, коргонумдун ичине,
Уруп ийсең бир тоголок кар менен.
Отту кошуп тоголоктоп койгондой,
Оорубастан ысый түшчү бар денем.

Бир тоголок кар деп жүрсөм жаңылып,
Бир тоголок сүйүү менен урупсуң.
Эстебестен азыр мени жазында,
Ээрип кеткен карга окшотуп унуттуң.

Жазгүл Жамангулова, “Азаттык”, 26.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.