Дүйшөн ЖАПАРОВ: “Калыңым жок, каадам бар, Кааданы билбес наадан бар”

80-жылдардын аягында чыккан жаш акындардын “Учкун” аттуу альманахына бирин-экин ырлары гана кошулганы болбосо, акын Дүйшөн Жапаровдун бир дагы ыр жыйнагы чыккан эмес. Бирок, ал адабий чөйрөдө кез-кезде басма сөзгө жарыяланып калган ырлары аркылуу эле таланттуу акын катары белгилүү. Айрыкча анын “Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат” деген сыяктуу кош саптары элдик болуп кеткен. Дүйшөн Жапаровдун чыгармалары бир кезде “Асаба” гезитине бат-бат жарыяланып, алакандай болсо да баса калып окуй турган окурмандарын таап келген эле. Биртоптон бери кабарсыз кеткен акынды үйүнө издеп барып ал-абалын сурап, эң негизгиси, жазгандарын бөктөрө келдик. Буюрса Дүйшөн акындын учкул сөзгө айланып кетер кош саптары али алдыда.

– Дүйшөн мырза, ачыгын айтыңызчы, акыбалыңыз кандай?
– Жылдан жылга начар.
– Жубайыңыз “Дүйшөндүн эч кандай проблемасы деле жок. Анын бир гана “эртең менен кантип баш жазам?” деген көйгөйү бар” деди го?
– Жылдан жылга начарлап жатам дегеним, мезгил өтүп карып баратканыбызды айтам да.
– Акын Шайлообек Дүйшеев биртоп жыл мурун сиз тууралуу жазган ырында “Ашка, тойго кийген жалгыз шымы бар” деп жазды эле. Бүгүн шым көбөйүп калдыбы?
– Тескерисинче анда жакшы, ашка, тойго кийе турган жалгыз шымым бар эле. Азыр бирөө да жок… Эми бул тамаша иретинде каймана айтылган кеп да. Эгер шымдын өзүнө келе турган болсок, азыр балам чоңоюп, ашка, тойго барарда анын чоң келе түшкөн шымын тартып алам. Жаштар бизге караганда бат-бат жаңы кийим сатып алат эмеспи.
– Өзүңүздүн калемдештериңиз тууралуу айтсаңыз. Эгемендик силерге эмне берди?
– Жаңы заманда жеке эле акын, жазуучулар эмес, бүтүндөй эле өнөр адамдары жээкке сүрүлүп калбадыбы. Менин муундаш калемдештеримдин ичинен журналистикага аралашып, ыр жазганды да таштабай, ошону менен тирилик кылгандары да бар. Ага ыңгайлаша албай калгандарын базар экономикасы алып кетти. Таптакыр эле ыр жазам деп көгөрүп, турмуш-тиричилик кылбай койгондору да бар. Алардын айрымдары ичип же өлүп, айтор, дайынсыз кетти.
– Өзүңүз жеке тагдырыңызга нааразы эмессизби?
– Мен тагдырыма эмес, өзүмө нааразымын. Себеби үй салам, балдарды багам деп жүрүп чыгармачылыгыма карабай койдум. Ал эми жашоо шартыма анча деле кейибейм. Эгер акын болбой туруп ушундай кедей жашасам, анда уят болмок. Эми канткен менен шылтоо бар да.
– Азыр эмне жумуш жасап жатасыз?
– Акырындап уулума үй, жанына өнөркана салып жатабыз. Балам жакында сүрөтчүлөр окуу жайын бүтөт. Менин милдетим – усталарга ашпозчулук кылуу. Былтыр бутумду сындырып алып, катуу-күлүк ишке жарабай калдым.
– Анда кезекти ырларыңызга берели

* * *

Шаркырап суу, куш сайрап,
Шаңга толгон көк, төмөн.
Кыш-кыш этип а менин,
Кыш чыга элек өпкөмөн.

Чанак жарды дүйүм гүл,
Чачыладай чачылган.
Кетпей калды а бирок,
Кээри кыштын чачымдан.

Кыштан чыгып чечинип,
Кыял бийлеп басат кыз…
Кайран өмүр… бир кезде,
Каректи да басат кыш.

Атамдын бейити
Бозоруп дөңдө жаткан дөң,
Боздогон арман каткан дөң.
Күүгүмдөп көктөн эңиштеп,
Күн сымал атам баткан дөң.
Баары бар эле дээринде,
Баары бар эле ээринде.
Калабы жатып түбөлүк,
Какшыган жылга жээгинде.

Атасы анык өнөрдүн –
Адамды келди көмөр күн.
Атамды жакшы кара деп,
Ажалды беттен өбөр күн.

Кайран Муха!
Кырсык, дарт торун жайганда,
Кыйкырып арттан сайганда.
Кармап мен кала албадым,
Кара жер буттан тайганда.

Теңтушум элең, тең элең,
Тептерең элең, кең элең.
Өлүмгө кылдым кусамат
Өмүрүң кыска ченеген.

Агымы бүтөт суунун да,
Аягы бүтөт чуунун да.
Мүрзөңдү басып бакырган
Мүнөзүң калды уулуңда.

Кемпирим
Сен-банкирим, сен-вампирим, сен-пирим
Сенин мен деп тозду көйнөк, жемпириң.
Сендей мага күн да жарык чачалбайт,
Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим.

Тил жанысаң – тилиң тинте, булдурсун.
Тилиң сууруп кууруп жечү кургурсуң.
Анткен менен аябастан камчылап,
Аалам кезип чапса арыбас дулдулсуң.
Өмүр ширин, өмүрлөшүм сен ширин,
Өзүң менен тапкан балдар эң ширин.
Сендей мага аалам кеңдик кылалбайт,
Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим.

Кайдасыңар, буюккан таланттар?
Эгемендик аларга аз калган жылдарда кыргыз адабиятынын асманында айкашка жаш таланттардын тобу бар эле. Чынында бул муундун союз кулагандан кийинки чыгармачылыктагы тагдыры жеңил болгон жок. Китептери чыкпай, чыкса да окурмандар тарабынан мурдагыдай уу-дуу кеп болбой дегендей. Кенедейинен алдына жазуучу-акын болууну максат кылып чоңоюп, эми эле жалпы журтка таанылып, мамлекет тарабынан мына-мына бөпөлөнөбүз деп турганда замандын аңтарылып кетиши андагы жаш жазмакерлердин көбүн моралдык жактан талкалашы мыйзам ченемдүү эле. Заман өзгөргөндө айрымдары тандап алган багытын өзгөртүп, калемин калькуляторго айлантып базарга чыгып кетти. Дагы башкалары журналистикага, саясатка аралашып, өздөрүнөн эң сонун мамлекеттик кызматкер, саясатчы, атургай базар турмушуна ылайыкташкан шылуун чыгарын да далилдеди…

Жашырганда не, бул муундун ичинен мындай оош-кыйыш учурду көтөрө албай калгандары да болду. Айрыкча акындардын арасында колунан ыр жазгандан башка жарытылуу иш келбегендери да бар эле. Өкүнүчтүүсү, ошолордун кайсы бири мындай “үйдө жок же чүйдө жок” калганына ичи күйүп, өздөрүн коомго артыкбаш санап, “бүт дүйнөгө таарынып” ичкени ичип, ичпегени калемин карс сындырып, каякадыр тентип кетти. Мисалы, окурмандары, калемдештери акыркы өмүрүн Ош базарынын “пяный аллеясында” өткөрүп, жакында эле өтүп кеткен бир кездеги оттуу акын Турсуналы Бостонкулов тууралуу дагы деле эстейт. (Баса, “Бийиктик” басмаканасы анын китебин чыгаруу үчүн кол жазмасын издеп жатат. Так ушундай тагдырлуу 80-90-жылдагы жаш акын-жазуучулардын муунун “Буюккан муун” деп атап койсок болчудай.

Адабияттагы ар бир муун жараткан чыгармалары, жетишкен ийгилиги жана кемчилик-кенемтеси менен өз ордуна турбаса, андан кийинки муундун тамыры жайылбайт. Жеңижоктун мектеби андан мурунку мектептен агып келаткан көркөм касиеттерди өзүнө сиңирип, аны өзүнөн кийинки муунга, алар андан кийинкиге өткөрүп берип отурган. Совет доорундагы профессионал кыргыз адабиятында деле ар бир муун өзүнөн мурдагы муунду “ичип-жеп”, алардын жетишкендигин андан ары өркүндөткөн. Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Жантөшев, айтор, өзүнөн мурдагылар болбосо Чыңгыз Айтматовдун чыгышы күмөн эле. Айтматов дүйнөлүк адабиятты миң кайталап окуса деле, өз улутунун көркөм таанымын билбей туруп Айтматов боло алмак эмес. Алыкул Осмоновду окубай туруп Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Омор Султанов болуу таптакыр мүмкүн эмес болчу. Башкача айтканда, ар бир элдин адабиятындагы муундар аралык байланыш сөзсүз түрдө өз ордуна коюлуш керек. Ортодо бир муун үзүлсө, анда кийинкилеринин тамырына суу жетпей калат…

Зайырбек АЖЫМАТОВ, тел.: 386773, zairajimatov_76@mail.ru

“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.