“ТАППАЙ ЖҮРӨМДҮН” АВТОРУ 49 ЖЫЛ ТӨШӨКТӨ ЖАТКАН

“Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет” дешет.  Роза Шакированын аткаруусундагы “Таппай жүрөм” аттуу ыры кайсы жерге барба жаңырып, хит болбоду беле. Чынында, Розага атак алып келген да ушул ыр деп айтсак болот. Мына ушул ырдын тарыхына кайрылсак, өзүнчө бир чыгарма болчудай. Тактап айтканда, ырды жазган акын Өмүркул Кулумбаевдин сүйүүсү да, күйүтү да, тагдыры да дал ушул ырда берилген.

АВТОКЫРСЫКТАН КИЙИН…
Ат-Башынын айбаттуу, жаш жигити Өмүркул мектепте окуп жүргөндө эле калем кармап баштаган. Өзүнөн улуу, кичүү жигиттер кыздарга жазчу каттарын жаш акынга ыр менен жаздырышат. Жаш акындын жалындаган сүйүүсү Турганбүбү аттуу сулууга арналган эле. Ашыктык ырын жазып жүрүппү, айтор, ал селкинин жүрөгүн арбап алат. Ошентип эки жаш баш кошуп, ак сүйүүсүнөн төрт перзент төрөлүп, бактылуу турмушта жашап калышат.

Бирок тагдырдын татаал бурулушу экөөнү тең азапка салып, 1961-жылы Долон ашуусунда автокырсыкка учурашат. Анда Өмүркул ага 29 жашта болсо, жубайы 24 гана жашта экен. Кырсык акындын өмүр бою боортоктоп калышына алып келсе, жубайы бир жыл төшөктө жатып, басып кетет. Чиедей төрт баланы, ага кошуп оорукчан жолдошун кароо жаш келиндин моюнуна жүктөлөт. Мектепте мугалим болуп иштеп, кечинде келип үй тирилигин кылып, айтор, түмөн түйшүк… Ак боз атчан 30 жашында баспай калган жолдошун ыр жазууга үндөп, шыктанткан аялдын акылын, эрдигин айтпасак да түшүнсөңүз керек.

“САГЫНУУ ЖАШЫЛ ТООДО АКСАП ЖҮРӨТ…”
Буту баспай төшөктө жатса да, биздин каарман тагдыр жазмышына мүңкүрөбөй, ыр дүйнөсүнө өз үнүн кошуп, жүзүн көрсөткөнгө жетишет. Ыр саптары аркылуу талкаланган тагдырын, жаштыгын жазат. Сүйүктүүсү жанында болсо да, алты саны аман эместигине кейип:
“Сагынуу жашыл тоодо аксап жүрөт,
Сүйүүсүн сары майдай сактап жүрөт.
Энеден эрте калган жаш улактай,
Элеңдеп эрмен терип какшап жүрөт…”
деп боздойт. Көрсө, акын жалындаган жаштыгын, сүйүүсүн ырга салып муңканган тура.

Акындын дагы бир:
“Сүйүүнү багбан болуп баккым келген,
Суусаткан шарабынан таткым келген.
Бир тамчы балын сорбой баңги болдум,
Бүгүнкү атка кондум шалсың деген…”
деген саптары кейитпей койбойт.

Азыр бул ырдын каармандары ара­бызда жок. Акындын жубайы Турганбүбү эже төрт балага татыктуу тарбия берип чоңойтуп, алардын убайын аз да болсо көрүп, 1994-жылы каза болгон. Ал эми акын Өмүркул Кулумбаев 49 жыл төшөктөн турбай, бирок эл жүрөгүнөн түнөк тапкан “Таппай жүрөм” сыяктуу ырларды жаратып, ушул жылдын февраль айында дүйнө салды.

Роза Шакирова: “УШУЛ ЫР МАГА ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛДИ”
– Бул ырдын сөзү Өмүркул Кулумбаевге, обону Асылбек Өзүбековго таандык. 2007-жылы жаңы жылдык кечеде Асылбек агай “Роза, менде бир ыр бар, ырдап чыкпайсыңбы” деген сунушун айтты. Эмнегедир сөзүн окуп, обонун угуп, абдан жактырып калдым. Ошол эле күнү Асылбек агайдан сурап, Жаныш Момуновго барып аранжировка жасаттым. Ошол жылы хит болуп кетти десем жаңылышпайм.

Негизи, бул ыр мага ийгилик алып келди. Кайсы жерге барбайын, ушул ырды 5-6 жолу ырдаганга туура келет. Той-топурда да улам ушул ырды ырдата беришет. А мен ырдагандан тажабайм. Бул ырдын сөзүн жазган акын Өмүркул Кулумбаев агабыз үйүнө чакырып, ыр жыйнактары менен кошо батасын берген эле. Бейиши болсун, көзү өткөнүн уктум.

Бурул Исмаилова, star@super.kg, “Супер-инфо”, №384 12-18-март, 2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.