Турар Кожомбердиев

turar4

(1941–1989)

Турар Кожомбердиев Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрөт.

1965–1966-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1976-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген.

Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы «Мугалимдер газетасына» жарыяланган «Мугалимге» аттуу биринчи ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары газета-журналдардын беттерине басыла баштайт.

Т.Кожомбердиев республикабыздын бир нече жолку поэтикалык конкурстарынын жеңүүчүсү. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат менен жарык көргөн.

Акындын балдар үчүн жазылган китептеринин айрымдары Москвалык басмалардан жарык көргөн.

Анын айрым ырлары орус, украин, казак, белорус, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган.

Т.Кожомбердиевдин 70тен ашуун ырларына обон жазылган.

1970-жылы Турар Кожомбердиевге «Кызыл алма» жана «Таңкы симфония» аттуу ырлар жыйнагы үчүн республикабыздын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Ал Украина ССРинин жана Пенза обком партиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Уикипедиядан алынды

Турар Кожомбердиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Турар Кожомбердиев (орус тилинде)

Нургүл Кожомбердиева: «Атамдын каза болорун бир ай мурда түшүмдө көргөм…»

От өчпөгөн коломто

Ырлар

Турар Кожомбердиев. Кызыл гүл

Т.Кожомбердиевдин өзүнүн окуусундагы 8 ыр

 

ЭНЕ ЖАНА КОЛОМТО

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

Куурай терип, тезек терип жакканы,
Камданчуубуз казанга нан жапканы.
Эмнегедир от биздики дечүмүн –
Апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү көөлү карарган,
От күчөөчү коломтодо таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
Апакемдин колдорунан жаралган.

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
Малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн,
Апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеринде карсылдап тоо ышкыны,
Атам мага мингизчү көк быштыны.
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,
Апакемдин нандай жумшак муштуму.

Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай,
Коломтого топтой ыргып малакай.
Энем кайра алып көрүп колуна
Айтчу мага: – Ай, тентек ай, жалакай!

Уктап жатса, адетиңдир тук этмей?
Жымжырт. Жоопсуз, Кузгун дагы кук этпей.
Сен сурасаң үзүп алып очоктон
Күйгөн отту сунаар элем букеттей!

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

 

СЕЗБЕДИҢ…

Мейли мен карап турсам, көздү жумсам
Беш колдой элестесиң жатсам, турсам.
Жетпедим канча бачым чуркасам да
Жетпедим канча бийик колду сунсам.

Сезбедиң сүйүү таңы аткандыгын
Сезбедиң сүйүү сөөккө баткандыгын.
Ишенбейм күйөөң сенин сезээрине
Койнунда күн кучактап жаткандыгын.

Күйөөндү сыйлаарсын, да, аярсың да
Сен анын ар ишине даярсың да.
Ага сен жөпжөнөкөй бир кишисиң,
Ага сен жөпжөнөкөй аялсың да.

Баш ийдим тагдырлардын салганына,
Өкүндүм сага жетпей калганыма.
Кошулбайм бирок сүйүү жок дегенге,
Ишенбейм махабаттын жалганына.

 

МЕКЕНГЕ

Текей тергем, согон үзгөм аскаңдан,
Мен сендикмин, түшкөн жокмун асмандан.
Кээде ушунча ыйык көрүп кетем да,
Уяламын таман менен баскандан.

Бактылуумун жүрөк сен деп сүйгөндө,
Бактылуумун жүрөк сен деп күйгөндө.
Чоочуп кетем, ооруксунат деймин го,
Бир жериңе чыпалагым тийгенде.

Ашуу ашам, көл-дайралар кеземин,
Сансыз ойдон, сансыз ойго беземин.
Сенден алган бир чеңгелдек топурак,
Учуп кетчүү балапан деп сеземин.

 

ТҮН ОРТОСУНДА

Түн ортосу. Өчкөн үйдүн чырагы,
Айлананын уктап жаткан убагы.
Ушул маалда көзүн ачып Токторбек
Апасынан алма бер деп сурады.
– Көрчү, уулум, үйдүн ичи караңгы,
Ушул кезде ойгоо жүргөн калдыбы?
Укта, секет, энекеңди кыйнабай,
Уктап калды алмалардын баардыгы.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

КӨЛЧҮКТӨГҮ АЙ

Эшике чыксам укмуш, апа,
Ары бери калтырап,
Чоң көлчүктүн ортосунда
Ай жатыптыр жалтырап.
Басып барып акырын
Колум сунуп батыраак.
Жаңы кармап алаарымда,
Сынып калды чачырап.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

КЕТИК ТИШ БӨБӨГҮМ

Эки бетин бөрсөйтүп,
Колун сунуп бырсыйтып.
Күлүп калат «кел десең»
Кетик тишин ырсыйтып.

Атамды да «апа» деп,
Мени дагы «ап-ал-ап»
Балдар муну укканда,
Күлүп калат «ха-ха-лап».
“Көлчүктөгү ай”, 1961-ж.

 

КОЁНЕК

Чуркайт биздин коёнек
Кулактары сереңдеп.
Карап турам күнүгө
Капустаны белендеп
Көлөкөсүн көргөндө
Корко берет элеңдеп.
“Көлчүктөгү ай”, 1961-ж.

 

УЛАГЫМ

Энесинен сакалчан
Төрөлүптүр улагым.
Жакшы багам. Тарткылап
Оорутпаймын кулагын.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

БААРЫ БИР

Эжекеси Сайра
Жуугун десе бетин:
– Эртең эле баары бир,
Кир болот, – дейт Бекин.

– Көйнөгүң кий, Бекинтай! –
Десе эжеси Сайра.
– Кечинде эле баары бир,
Чечем да, – дейт кайра.

Айткан тилди укпай,
Бекин мойнун бурады.
Аздан кийин, – мага
Тамак бер, – деп сурады.

– Ачып калат курсагың
Эртең эле кайра,
Андан көрө ичпегин, –
Деди эжеси Сайра.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

МУЗДА

Тайгаланып жыгылып,
Күлүп атат Жайна.
Чана менен бөбөгүн
Сүйрөп жүрөт Айна.
Бир конькичен сороктоп,
Чуркап барат Майра.
– Туруп тепсем бары бир
Жыгылам деп кайра –
Отуруп алып муз тебет
Томпоңдогон Сайра.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

АЙДЫН ТЕҢИН КАРАСАҢ, АТКА КАКЧУ ТАКАДАЙ!

Калкып сүзөт асманда
Ай иймекей, ороктой,
Аппак нурун жылмайып,
Жерге төгүп коротпой.

Айдын теңи асманда –
Атка какчу такадай.
Көлөкөсү көлчүктө –
Алтын жонду бакадай.

Чоң энесин жетелеп:
– Бол эне, – деп энтелеп,-
– Тигил айдын жарымы
Чоң көлчүктө жатпайбы,
Көрөлү, – дейт Эркебек.

Көлчүк суусун терметип,
Жел жүгүрөт талыкпай.
Айдын теңи калкылдайт
Күмүш жондуу балыктай.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

ЖАЛКООНУН ТИЛЕГИ

Жүрөгүмө майдай тийди ызалык
Күндө чыгам сабак билбей кызарып
Кулактарым шыбырды тез угууга,
Кетсе боло бир метрдей узарып.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

ЖАШЫНМАК

Токон, Ташын,
Адыл, Ашым
Жашынышты бачым.
Издеп жүрөт Касым.
Келе жатса Касым
Чыгарып башын:
– Мен бул жерде жокмун, – дейт
Кичинекей Ашым.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

АЙЛУУ ТҮНДӨ

Көк мейкинге быжырап,
Сансыз жылдыз чачылды.
Ай булуттан жарк этип,
Караңгыны качырды.

Айдын нуру заматта
Аралады токойду.
Бак-дарактар балпаят
Кийип тонду, чокойду.

Дөңдөр жатат катарлаш,
Ак бууралар чөккөндөй.
Кар жылдызы жылтылдайт
Ак шекерин төккөндөй.

Уйку чылап ичине
Кымыз берип койгондой,
Ай нуруна магдырап
Жерим уктайт ойгонбой.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

ЖАРТЫ БАШ

Жашын төгүп жамгырдай
– Аний, кой, – деп Садырбай,
Качып чыкты көчөгө
Чачын толук алдырбай.

Чуркап барды балдарга
Жылаңайлак, жылаң баш.
Анда балдар кыйкырды:
– Эй, жарты баш, жарты баш!
Карга менен кык талаш!

Бул сөздү угуп Сайрадан,
Нурдан, Гүлдөн, Айнадан,
Калкалап башын Садырбай
Үйүнө качты кайрадан.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

МЕНИН КҮЧҮГҮМ АКЖОЛТОЙ

Кетпей ойнойт жаныман.
Көрбөй калсам сагынам.
Кумшекерге көндүргөм
Кичинекей чагынан.

Бүгүн жаңы кар жаады
Кубандырып балдарды,
Аздан кийин боёду
Аппак кылып тамдарды.

Көргөн кезде буларды,
Акжолтоюм кубанды.
Шыйпаңдатып куйругун
Үнүн борс-борс чыгарды.

Кар үстүндө сойлоду.
Буртулдатып ойноду.
Кардан чоң-чоң сугунду,
Кумшекер деп ойлоду…
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

ИНИСИНЕ АГАСЫ

– Күндө эле ээрчип аласың,
Эми качан каласың?
Түшүнбөгөн айтканды
Деги кандай баласың,
– Сен кетесиң мектепке,
А мен үйдө ар дайым.
Тилиңди алып жүрөмүн,
Эртең үйдө калайын.
Бүгүн эле бир жолу
Китебиңди мектепке
Көтөрүшүп барайын.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

ЧЫЧКАНДАР

Найза жасайт чычкандар
Мышыктардын жүнүнөн.
Жүрөктөрү жарылат
Мыёлогон үнүнөн.

Мышыктардын эрдигин
Жолборсторго теңешет.
Түн ичинде чогулуп
Өздөрүнчө кеңешет:

– Мышыктардай чарчабас
Күлүк болуп алсакчы.
Же алар менен илгертен
Дос болушуп калсакчы.

Мышыктардай бизде да
Күчтөр арбын толсочу.
Мышыктардай биздин да
Тишибиз курч болсочу…

Ар түн сайын ушинтип
Өздөрүнчө кеңешет.
Мышыктардын айбатын
Арстандарга теңешет.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

ЧОҢМУНБУ ЖЕ….

Бөбөгүмдү ыйлатсам,
Апам мени «чоңсуң» -дейт. –
Кичүүлөрдү ыйлаткан,
Кантип жакшы болсун дейт.

А чоң болсом эмнеге,
Маалим агай «жашсың» – деп,
Албай койду мектепке
Жетиден жашың ашсын деп?
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

БӨБӨКТӨРДҮН СУРООСУ

Күндүн барбы түнөгү?
Курттун барбы жүрөгү?
Кубанганда бизчилеп
Күчүктөр да күлөбү?
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

ЭРМЕКТИН ЭМГЕГИ

Эрмек улам жыгылат
Өз бутуна чалынып
Эне көрүп жалбарат
Эт жүрөгү чабылып.

Эки куурай колунда
Эдиреңдеп кубанып:
– Мына, апа, отун,-дейт
– Үнүн бийик чыгарып.

– Баарын кантип апкелдиң?
Ии, секетим, Эрмегим!
Энесине арнады
Эң биринчи эмгегин.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

КҮН НУРУ

Жылтылдатып санатсыз
Жыбыраган шиберди…
Күлмүң этип заматта
Күн нурларын жиберди…

Уялдырды күн нуру
Уктап жаткан балдарды.
Сакалынан өпкүлөп,
Эркелетти чалдарды.

Күлүп ийип кылтыйып,
Күндүн мурду кызарды.
Кирпиктери чачырап
Узаргандан узарды…
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

ЭМИ ОЙЛОСОМ

Бак тиккенбиз кык төгүп,
Кудайберген экөөлөп.
Анын талы чоңойду,
Баккан эле бөпөлөп.
Мен талымды сындырып,
Ойногом кууп көпөлөк.
Эми эстесем уялам
Ошол кезди эселек.
Сындырбасам аларды
Көлөкөсүн тийгизип,
Өсүп турмак көкөлөп.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

КИЧИНЕКЕЙ АНАШ

– Кайдан келдиң эңтеңдеп,
Ий сектим, Анашым?
– Кармап келдим көчөдөн
Мобу өрдөктүн баласын.
Жылаңайлак кызартып
Үшүтүптүр саласын.
Боорума кысып жылытам,
Чолок болуп калбасын.
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

АЙДЫН БАЛАСЫ

Эшке чыгып күлүмсүрөйт
Канатбектин бабасы.
– Бери чыкчы, тентек чүрпөм,
Ай тууптур карачы!
– Көрсөт, ата, кана айдын
Кичинекей баласы?
«Көлчүктөгү ай», 1961-ж.

 

КЫРГЫЗДАР

Кыргыздар ыр тараткан ырчы закым!
Кыргыздар ыр канатчан, ырга жакын.
Кыргызга коюндашып кучакташкан,
Кайкалап учуп чыгат болуп акын!

Тоосу тик булуттары эрке тайлак!
Буйташат шамалдардан «акетайлап».
Кыргыздын көөкөрүнөн кымыз ичип,
Көкөлө акындыкка канат байлап!

Көлдөрү ыр жазышат, кетип тынчы,
Ала-Тоом ал ырларга ашкан сынчы.
Жүлүнгө чуркап өтсө кыргыз деми
Жүрөгүң боло түшөт акын-ырчы!
«Кызыл алма», 1965-ж.

 

22 ЖАШЫМА

Сааттар-сааттарды, күн-күндү улап,
Зыпылдап жыл артынан жылдар кулап.
Жок болду атып чыгып түбөлүккө
Өмүрүмөн жыйырма эки тунук булак.

Атып чыккан өмүрлөр каякка акты,
Канчалык адамдардан алкыш тапты?
Өмүрдүн булактары кумга сиңип
Өстүрсүн ар тамчысы бирден бакты!

Өмүрүм бир токтолбой алга барат.
Өмүрүм бир дем албас учкул канат.
Өмүрүм өмүр үчүн күйүп бүтөт,
Өлүмгө бир да тамчы калбай калат.
«Кызыл алма», 1965-ж.

 

УЯТТЫН САЛМАГЫ АРТАТ…

Жайкы чилде. Автобус учат желдей.
Мен отурам карыларга орун бербей
Дулдуюп үн катпастан кара жердей…

Көзүмдү эл көзүнөн ала качып,
Билет алдым, кызарып, араң жатып.
Уяттын коргошундай салмагы артып,
Башымды жерге түртөт салаңдатып…
«Кызыл алма», 1965-ж.

 

МЕНИН КААЛОМ

Туугандар!
Бакыт тоссун жолуңарды.
Жокчулук карартпасын колуңарды.
Турмуштан каалаганың баарын берсин
Жардамга ар убакта достук келсин.

Туугандар!
Улгайгандар улук болсун.
Туугандар!
Уланыңар сылык болсун.
Туугандар!
Дудугуңар үндүү болсун.
Туугандар!
Сокуруңар күндүү болсун.

Майыптар, төкөрүңөр буттуу болсун
Туугандар, тынч өмүрүң куттуу болсун.

Мүрт кетсин кызганчаактык араңарда
Улансын өмүрүңөр балаңарда.

Соо болсун ай да, күн да, талаа дагы,
Соо болсун чал-кемпири, бала дагы,
Соо болсун ини, жеңе, ага дагы,
Күн нуру тийип турсун араңарда мага дагы.
«Таңкы симфония», 1968-ж.

 

МАКСАТ!

Жалтанбай кургакчылык, бороон, кардан
Жадесе кудайдан да күтпөй жардам.
Максатым учуп кетип бара жатып,
Жыгылсаң жыгылаарсың бийик нардан.

Чечилчү көп сырлар бар, башым катат,
Күн күр! деп чагылгандар отун атат.
Капталын бурганакка калкан кылып
Максатым карды жиреп бара жатат.

Бир жерден таш томкоруп, тери көлдөп
Бир жерден кой кайтарып, козу төлдөп
Бир жерден жылаңайлак дайра кечип
Баратат биздин максат аксап, чөлдөп.

Аралап мезгилдердин кышын, жазын,
Шөмтүрөп кургак жер жок бармак басым.
Кээ бирде таш жазданып, тикен кечип,
Максаттын ак аралайт кара чачын.

Кээ бирде нан табалбай жарты күкүм
Кээ бирде тоо дегени болуп түтүн.
Жеткирбей горизонттой алсыроого
Жек көрөт артка кеткен жолдун бүтүн.
«От өчпөгөн коломто», 1972-ж.

 

УЛАКЧЫ

Аралык аткан таштай артка кулап
Алдыда «Айгыр жалы», «Кара-Булак»
Булт берет тоскондордон сары жигит,
Бултактайт такымында семиз улак.

Калтырып алысын да, жакынын да,
Каңгытып Суусамырдын закымында.
Караанын үзүп кетип бара жатат
Калтаңдап кара теке такымында.

Артынан аттар учат жанып-күйүп
Туягы жерге тийбей, кээде тийип.
Намысы качып кетип бараткандай,
Чалдар да кабактарын катуу түйүп.

Аргы жел аргымактын жалын тарап
Ан сайын улам күчөп кетип барат
Жаш ыргып кубангандан көздөрүнөн,
Жаш жигит жанат камчы, жалт-жалт карап.

Урчуктан кантип өтөт жансыз урган?
Удургуп жерлерин көр, атын бурган
Улакты алып барат го шайдоот жигит,
Боз үйгө, сүйгөн селки күтүп турган.

…Аргымак чоң жарышка терең батып,
Улакчы ат жалына башын катып,
Аргымак улам күчөйт, токтоо билбей,
Жамгырдай туяктардан даңкан атып!
«От өчпөгөн коломто», 1972-ж.

 

ЖАШЫЛ БОЙДОН КАЛГАНДАР

Эмне чыгат айткан менен жалганды?
Көтөрөсүң тагдыр башка салганды.
Эмнегедир аяй берем өзүмчө
Эне болбой аял бойдон калганды.

Бүбүш аттуу бир келинди билемин,
Билем анын сүттөй аппак тилегин.
Баласы жок, бала десе такылдайт
Сууруп берет бала десе жүрөгүн.

Эң бир элпек ал кишинин мүнөзү
«Бүбүштай» деп сыйлап турат күйөөсү
Анда деле басынгайсыйт, жалтаңдайт,
Бар сыяктуу кечирилгис күнөөсү.

Билем тиги шайыр жеңе Бүкөндү,
Билем тиги кошунабыз Күкөндү.
«Бала» десе башын жерге салышат
Басышкансып жылаңайлак тикенди.

– Болбойт! дешер чуу көтөрүп алгандар
Кантсең дагы тамырлабайт жалгандар.
Дайым менде аянычты туудурат,
Жемиш бербей жашыл бойдон калгандар.
«От өчпөгөн коломто», 1972-ж.

 

БАКЫТ

Бакыт бул белек эмес берген бирөө
Бакыт бул жарыш эмес, жалган сүрөө
Бакыт бул, бир нерседен баштооч болуп
Бороонго төштү тосуп, карды жирөө.

Бакыт бул буюм эмес жолдон тапкан
Бакыт бул ичик эмес досуң жапкан.
Бакыт бул бир жумуштан алкыш табуу
Малчыбы, сугатчыбы кетмен чапкан.

Бакыт бул сый үй эмес казан аскан
Бакыт бул буйрук эмес тагдыр жазган.
Бакыт бул таман акы, маңдай териң
Башынан аягына өзүң баскан.

Бакытка жетиш үчүн тоңуш керек
Акактап кургагында соолуш керек
Бакытың сулуу кыздай сынчыл неме
Андыктан сүйүүсүнө толуш керек.

Жолу тар бирде чилде, бирде салкын
Билесиң ачуу, таттуулардын наркын.
Күтө бил, сагына бил, кубалай бил
Ошондо түшүнөсүң толук баркын.

Жанды да тобокелге койгун сайып
Кокустан артка кайтпа, кетсең тайып.
Бир күнү байкатпастан бакыт сени
Кучактайт сулуу кыздай, канат жайып.
«От өчпөгөн коломто», 1972-ж.

 

* * *

Көлчүктөн бака чардайт… Айыл, баткак.
Көчөдөн аттар өтөт татырактап.
Отурам көздү кадап терезеге
Көпөлөк чыракданга жабалактап.

Жалтылдап от көрүнөт Койкоң-Дөңдөн
Көңүлүм бул сүрөткө эчак көнгөн.
Эх! менин кереметтүү Сары-Булагым
Мээримиңен жүрөгүмө гүлдөр өнгөн.

Бир убак. Короз ырдайт. Түн да кыбыр.
Жамгыр келип, башталды дыбыр-дыбыр.
Отурам кирпик менен килем токуп
Терезенин түбүндө күбүр-шыбыр.
«От өчпөгөн коломто», 1972-ж.

 

СҮЙҮҮГӨ АРНАЛГАН 7 САП ЫРЫ

Сенин сүйүүң,
Менин сүйүүм
Бир дайрага бириксе,
Бир бешикке бөлөнсө.
Сүйүүбүздөн ыйык бөбөк төрөлсө.
Ошол бөбөк сүйүүбүздүн мөмөсү,
Ошол бөбөк сүйүүбүздүн төбөсү!
«От өчпөгөн коломто», 1972-ж.

 

* * *

Экөөбүздүн сүйүүбүз эчак өлгөн.
Экөөбүздүн сүйүүнү, өзүң көмгөн.
Солк эттим
кезигишип капыс жерден,
Чымчыктай уясынан жылан көргөн.
Арфадай дирилдеди бүткүл денем.
Деңизге ыргытылган таш сыяктуу
Селейип кала берди сенин колуң
Ийилип, мага сунган,
мага берген.
«От өчпөгөн коломто», 1972-ж.

 

ТАҢ ШООЛАСЫ

Сөзү: Турар Кожомбердиевдики
Обону: Асанкалый Керимбаевдики

Булбулдар сайрап, шаңында,
Булактын бастык жанында.
Татына жүздүн шооласы,
Таралып турду канымда.
Айрыкча сулуу сезилдиң,
Ажайып жайдын таңында.

Көнүлдүн сүйгөн ардагы,
Көз караш сонун андагы,
Элесиң улам жарк! этсе,
Эргиди сезим кандагы.
Жайнаган чолпон белемсиң,
Жарыгын чачкан таңдагы.

Түшүмдө мейли, өңүмдө,
Түспөлүң турат көңүлдө.
Оргуштап жаштык махабат,
Ойлорум өзүң жөнүндө.
Алдыга карай үндөгөн,
Ак шоола болдуң өмүрдө.
«Ай тийген тоо», 1981-ж.

 

ЭСТЕЛИГИ БААТЫРДЫН

Эстеликтин ичте бардай арманы,
Былк! Этүүгө жетпейт анын дарманы.
Учурунда ажал корккон азамат
Учуралбайт төбөсүнөн карганы.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ЭШЕКТИН АРМАНЫ

Эшек бүгүн арманын айтты чаңырып:
-Эбактан бери элге жүрөм таарынып,
Эмнеге булбулду мынчалык мактайсыңар
Эки күн укпасаңар сагынып.
Анын үнү жапыз, басынкы
А мен айкырсам
Аскалар кетет жаңырып.

Билермандардын оюнда
«Булбулдун үнү сонун!»
Бирок булбул жаңырта алабы
Арасын аска-зоонун?
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ӨЛҮМ СҮРҮ

Эр жүрөк болсо дагы өлүш кыйын.
Эркине табигаттын көнүш кыйын.
Табытка өзүң жатып алгансынып,
Таптакыр өлгөн жанды көрүш кыйын.

Өрт жүрөк болсоң дагы өлүш кыйын.
Өлүмдүн келээрине көнүш кыйын.
Өзүңдүн өлөөрүңдү билип туруп
Өлүктү,
күрөк алып
көмүш кыйын
Арга жок, кемибөөгө бөксөрбөөгө.
Арга жок азайбоого, өзгөбөөгө.
Өзгөчө умтуламын эмнегедир
Өлүмдү мүмкүн болсо эскербөөгө.

Арга жок ажырашып айрылбоого.
Арга жок өкүнбөөгө кайгырбоого.
Өзүмдү алаксытам ар убакта
Өлүмдүн темасына кайрылбоого.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ЖАЛГЫЗ ШЫМЧАН УЧУРЛАР

Эки студент
Чайкап салып шымдарын
Экилентет
Гитаранын кылдарын.
Шибегедей
Күндүн нуру тепчилип
Шимип жатат.
Жайган кирдин нымдарын…

Бир аз жата туралы деп
Минутка…
Экөө уктап.
Шымдар калып унутка.
Эртесинде
Дамбал менен калышты.
Эки шайдоот
Мурда тийген булутка.

Гитаранын
Өзү тургай кылы жок.
Кийерине
Байкуштардын шымы жок.
Жакшы бүттү
Бул окуя чыры жок.
Жатакана
Бирок калды ыры жок.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ТОЛГОН КУРАК

Бир эрдин
Келет жоону сындыргысы.
Бир шердин
Келет тоону жылдыргысы.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ТҮЙШҮК ТҮШСӨ

Келгенде
Эл башына кыйынчылык…
Керт баштын
муктаждыгы – тыйынчылык.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

БИЛИП КОЙ

Жашоодо урунасың, кагыласың,
Жакшыга, жамандыкка кабыласың.
Эгерде турмуш жалаң шаттык десең
Эселек, анда катуу жаңыласың.

Жакшылык – жаман менен кезектешип,
Караңгы – жарык менен кезектешип.
Өткөргөн бош күнүңдү сайран куруп,
Өмүрдөн алат тагдыр эсептешип.

Кылымдык жүрүштөргө камданасың,
Кыялкеч санаа менен шаңданасың.
Бийлөөнү бийик максат эсептесең,
Билип кой, түбөлүккө алданасың.

Билбейсиң кантип карып калганыңды,
Билинбей алтымышка барганыңды.
Бекерге жашап өтсөң өмүрүңдү,
Бечарам, ким тыңшамак арманыңды.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

КЫЗМАТ АКЫ

Тоо деп торгой
Өмүр бою сайрады
Тоолук мерес
Торойто атып жайлады.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ТАРАЗА

– Тереңдиктин
Канчалык бар кереги?
– Тайыздыкты
Такташ үчүн береги!
– Бийиктиктин
Канчалык бар кереги?
– Жапыздыкты
Билиш үчүн береги!
«Кыл чокулар», 1988-жыл

 

ӨМҮР БАСКЫЧЫ

Курч мезгил…
Үстөмөндөп жеңип барат.
Курчоосу карылыктын
Кеңип барат.
Бир баскыч
Көтөрүлсө бала жашы –
Бир баскыч
Ата жашы кемип барат.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

КЫЙЫНЧЫЛЫК ТҮШКӨНДӨ

Топ каздар
Учуп кетти жаркылдаган.
Торгойлор
Учуп кетти шаңкылдаган.
Жайдагы
Канаттуунун баары кетти,
Жаныңда
Каргаң калды каркылдаган.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

УШУНДАЙ КЫЗЫК

Үйдүн ичи толтура чычкан.
Үйдүн тышында толтура мышык.
Дүйнөдө көп ушундай кызык.

…Мышыкты,
Үй ичине аттатпайбыз.
Мышыкты,
Чычкандарга каттатпайбыз.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

АЛЧА МЕНЕН ТЕРЕК

Жагалданып чынар терек сымбаттуу
Жалбырагы асыл заттай кымбаттуу.

Көргөзмөгө коюлгандай тандалып
Көргөн адам көзүн албайт таңданып.

Жалбырагы керимселге жайкалбай
Жан жагында алча турат байкалбай.

Көктү карай сунган эмес төбөсүн
Көтөрөалбай турган чагы мөмөсүн,

Терек бийик адегенде көргөндө
Алча бийик мөмөлөрүн тергенде.
“Кыл чокулар”, 1988-ж.

 

ӨКҮТТҮҮ ДҮЙНӨ

Өгүздү союш үчүн… айдап барат,
Өчөйгөн арабага байлап барат.
Өксүктүн
өлүм менен жумушу жок
Өлөң чөптү жайма-жай чайнап барат…
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ЫР БУЛАК

Келтире албай жүргөн болсоң ыгымды,
Керек болсо тарттыр мага чыгымды.
Томсорбоймун, томаякмын дебеймин,
Тоноп кеткин топчуну да, мыгымды.
Кайгырбаймын, кабагымды бүркөбөйм,
Калтыр мага
Жалаң гана ырымды!

Мурутума муз тоңсо да шыңгырап,
Мурчуйса да мансаптуулар зыңгырап.
«Өгүз өлбө, арабабыз сынба! – деп
Өрдү көздөй жыла бермей кылдырап.
Жүгүнбөймүн, жүзүм сатпайм эч кимге,
Жүрөгүмдөн агып турса ыр булак!

 

ТҮСПӨЛДӨШӨТ ТООДАККА

Күн батарда
Көзүм түштү тоо жакка
Күмүш түстүү кайыңдар
Түспөлдөшөт тоодакка.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

КӨКӨЙДӨГҮ СУРОО

– Көктү неге
Бүркүт калган пааналап?
– Көрүш үчүн
Алыстыкты дааналап!
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

НАМЫС НААМЫ

Үндөбөй жигиттик турса басынып,
Үнкүрдө бийиктик турса жашынып.
Наамына жарака түшүп айыкпас
Намыстын өлгүсү келет асылып.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

АКЫН ЖУРТУ

Жашырбайт
Керт башынын кемчилигин,
Жактырат
Ар бир иштин теңчилигин.

Жамгыр сурайт асмандан
Чөптөр үчүн.
Жалгыздыкта ыр жазат
Көптөр үчүн.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ҮЗҮЛГӨН МАНДАЛАК

Жел дагы тартпагандыр салакаңды
Жек көрүп карап турдум алаканды…
Эмнеге үзүп алдым наристени?
Эстеткен кызыл эттүү балапанды.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

МОКОБО ЭРКИҢЕН

Оокатың оңололек
Ойлоруң тоголелек…
Эрк барда жүрөгүңдө
Эч нерсе жогололек.

Кабыргаң кайышып,
Канатын майышып…
Кетсең да көркүңөн
Мокобо эркиңен.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ИТТИН ИШИ

Иттер алат ырахат абаласа,
Ишсиз калган бирөөнү табаласа.
Ит кубанат – иттерди араласа
Ит таарынат – иттерди карабаса.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ТҮШҮНҮШӨӨР

Кучагын ачпай турмуш кененирээк,
Кулагы болсо дагы кереңирээк,
Жаралып бизден кийин келген муундар
Жашоого түшүнүшөөр тереңирээк.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ЖОЛДОГУ ТАШ

Отузуңда ойсоңдойсуң жаш болуп,
Оюн-шооктун ширесине мас болуп.
Айкын жолдо жатканыңды билсеңчи,
Абирдүүлөр бутун урган таш болуп.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

КУМАР КӨЗ

Добушуң күмүш сымал,
Жагымдуу шыңкылдаган.
Саамайың кундуз сымал,
Кулпунуп, жылтылдаган.
Жибектей назик селки,
Сүрдөнүп көз карашың
Жигиттер ашык болуп
Жүрөктөр зырпылдаган.

Самайбыз бир көрүүгө
Саргайып эзилебиз.
Сагалап арттан ээрчип,
Сабактан кечигебиз.
Ансайын алыстайсыз
Ансайын керилесиз,
Адамдын колу жеткис
Аскадай сезилесиз.

Апаппак жел кайыктай,
Алыста калкылдаган
Күн тийген зоока сымал,
Күзгүдөй жалтылдаган.
Кумар көз карындашым
Курдаштар ашык болгон.
Кубулжуп добушуң ай,
Кулакта шаңкылдаган.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

САЛАМ АЙТАМ, САГА, ЖАШ ДҮЙНӨ!

Калбайын деп жалпы санаттан
Канча күндөр өттү жадаткан.
Караманча танып бейкутту
Качкың келет көнгөн адаттан.

Калбайы деп жүрүп өйдөдөн
Каңгып кетти өмүр бөөдөдөн.
Кара тулпар аргымак минип
Качкың келет көнгөн чөйрөдөн.

Жалкоолукка пейли кас дүйнө!
Жан бактыга жайы аз дүйнө.
Салаңдаган курсакты жерип,
Салам айтам, сага, жаш дүйнө!

Кадамыңды көрбөй арыштап
Карын үчүн жашап карыштап
Кебелбеген тыптынч турмуштан
Кетким келди такыр алыстап.

 

ЭЛДИН АРАСЫНДАБЫЗ,
КӨЧТҮН КАРАСЫНДАБЫЗ

Чоң эмес салган изибиз…
Чоңдорго өтпөйт тишибиз,
Чор болуп колу эмгектен
Чокойчон жүргөн кишибиз.

Азуулуу эмес тишибиз
Алп менен болбойт ишибиз.
Күнөскө жетсек сүйүнүп
Күн көрүп жүргөн кишибиз.

Илкисе болду ишибиз,
Ийреңдеп түшүп изибиз.
«Кыйратып салдык» дебестен
Кылдырап жүргөн кишибиз.

Адамга жоктой күнөөбүз
Амандык тилеп жүрөбүз.
Актасак жеген нанды деп,
Арбайын соккон бирөөбүз.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ОТТУУ САПТАР

Аяшты көрдүм,
Эки тоонун шиберин
самап кеткен.
Эркекти көрдүм,
Эшике чыкса аялын
камап кеткен
Эргулду көрдүм,
Сыйын көрүп,
үй ээсин
сабап кеткен
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

CАК БОЛОЛУ

Караңгыдай дүмүрөйгөн
Састумоодой шүмүрөйгөн,

Эргежээлдей итирейген
Эки көзү китирейген,

Көргөн кезде жыйрыласың
Кыш чилдедей чыйрыгасың,

Чукуп турат жарабызды
Бөлүп турат арабызды,

Өчү бардай баарыбызда
Жашап жүрөт жаныбызда,

Сак бололу жашыбыз да
Сак бололу карыбызда,

Каалаганы жалаң кырсык
Анын аты көралбастык.

«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

САКТАЛАТ

Ар бир иштин
Акыйкаты такталат.
Алгырмын! деп
Карга дагы мактанат.
Жоргомунбу?
Жортокмунбу ким билет?
Жоруларды жек көрүшүм сакталат.

Ар ким келип
Өз алдынча актанат.
Акыр келип
Акыйкаттык такталат.
Жамгырмынбы,
Шамалмынбы ким билет?
Жазга болгон
Махабатым сакталат.
“Кыл чокулар”, 1988-ж.

 

БИЛИП КОЙСУН

Бирөө болсо…жашоосуна кызыккан,
Билип койсун, корккон эмес ысыктан.
Билип койсун качкан эмес муздактан.
Бир сөз менен мээнет менен бышыккан.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

БАШКАНЫ КҮТПӨГҮН

Жакшылык жасаса кылайган:
– Мен сени чыгаргам ылайдан!
– Мен сени чыгаргам баткактан!
Башка сөз күтпөгүн акмактан.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

АЛЫСТАМЫН

Азыр мен алыстамын,
ырактамын,
Апамдар жагышкандыр чырактарын?
Кучактап өпкүм келет баарыңарды
Кулунум,
бөжөктөрүм,
ынактарым.
Качандан
Калыптанган өнөкөтү
Калкылдайт
Айдын көлдө сөлөкөтү.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

КЫЛТ ЭТКЕН САПТАР

Шумкардын иш эрмеги –
Чымын болуп калыптыр.
Шумпайдын иш эрмеги –
Чылым болуп калыптыр.

Алп теректин коңшусу –
Чырпык болуп калыптыр.
Алп бүркүттүн коңшусу –
Чымчык болуп калыптыр.

Асыл заттын коңшусу –
Тезек болуп калыптыр.
Аргымактын коңшусу –
Эшек болуп калыптыр.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ТҮШҮНҮШӨӨР

Кучагын ачпай турмуш кененирээк,
Кулагы болсо дагы кереңирээк,
Жаралып бизден кийин келген муундар
Жашоого түшүнүшөөр тереңирээк.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

КАРЕКТЕРИ ЧЫНДЫК

Калтырак жүрөгүмдү ороп кетти
Кайгыдан кайран өмүр короп кетти.
Жарыктык – караңгыны көкөлөтсө
Караңгы – жарыктыкты тоноп кетти.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ӨРТТӨЙ УЧКУЛ АРГЫМАК

Кайнап турган жаштык деми канында
Карап турдум аргымактын жанында
Өкүндүрүп көргөндөрдүн жүрөгүн
Өчпөй турган тамгасы бар санында.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ДОСТУК КОЛУ

Кан досуңдун каректери тешилип
Таянч таппай, турган чагы эзилип.
Кан жутканда сунулбаган дос колу
Калса мейли каруусунан кесилип!
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

“КАТ” ТАРАТКАН ШАМАЛ

Таратат шамал
Күздүн жазган каттарын.
Бирок билбейт
Эч биринин аттарын.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ДҮРКҮРӨГӨН КОЛ ЧАБУУ

Адал иштеп, мээнеттен жаккан жакшы.
Абийир менен атакты тапкан жакшы.
Шакабалап колду чаап токтоткончо
Шак эттире жаакка чапкан жакшы.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ЖҮРГҮМ КЕЛБЕЙТ

Жеңилбейм, чегинемин кезегинде
Жеңилдин жүргүм келбейт эсебинде.
Абийирдин кала берип этегинде…
Алптын да жүргүм келбейт жетегинде.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ЖАШОО КУМАРЫ

Бир паска да эс алышпайт тынышып,
Бутактары бороондордо сынышып.
Жамгыр издеп, жарык издеп дарактар
Жанталашат жашаш үчүн тырышып.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

ҮЧӨӨБҮЗ

Үмүт, жүрөк, үчөөбүз.
Үшкүрүнүп бүтөбүз.
Дайыны жок жарыктын
Дале-дале күтөбүз.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

САМОО

Тоолор самайт,
Эң бир бийик болууну.
Бүркүт самайт
Ага жетип конууну.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

 

БИЙИКТИК

Бирде тайыз,
Бирде түпсүз.
Бирде ийри,
Бирде түптүз.
Бирде тайкы,
Бирде терең.
Бирде таш боор,
Бирде керең.

Бирде кычкыл,
Бирде таттуу.
Бирде мерез,
Бирде шаттуу!
Бирок эч ким
Толук билбес,
Бийиктик бар
Турмуш аттуу.
«Кыл чокулар», 1988-ж.

Соц тармактар: