Килкилдек

Керектелүүчү азыктар: уйдун эки шыйрагы, же баш этинен бир килограмм, 400 грамм сулп эт, 1 сабиз, 2-3 тоголок сарымсак, бир баш пияз, туз, калемпир, мурч, 2-3 лавр жалбырагы, 3-4 литр суу.

Даярдоо ыкмасы: уйдун куйкаланган шыйрагын бузуп, муздак сууга салып туз салып жай отко 6-7 саат кайнатыш керек. Майын улам калпып салуу зарыл. Чыгараардан бир саат мурда даярдалган фаршты кошуп, бир аз кайнатып чыгарып алат. Андан кийин сөөктөн ажыраган этти кайра шорпого салып кайнатып, үстүнө даяр фаршты салып, табактарга куюп, муздак жерге коюп коет.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин «Кыргыз даамы» китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

 

* * *

Килкилдек уй, кой жана музоонун шыйрак, баш, кулактарынан жана үй куштарынын ич эттеринен, ошондой эле балыктан, балык калдыктарынан (баш, сөөк, куйрук жана сүзгүч канаттарынан) жасалат.

“АК КУУ”

Керектелүүчү азыктар:
Койдун шыйрагы – 4 даана
Сулп эт – 200 гр
Сабиз – 2-3 даана
Пияз – 2 даана
Жумуртка – 3 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Лавр жалбырагы – 3-4 даана
Петрушка, укроп – 1 боо
Татымына жараша туз, мурч

Жасалуу ыкмасы:

Шыйракты жууп-тазалап, муздак сууга 3-4 саатка салып коёбуз. Андан соң чайкап, эттин деңгээлинен болжол менен 8-10 см жогору кылып муздак суу куюп, сөөктөн эт ажыраганга чейин жай отто 5-6 саат кайнатабыз. Бышарына 1 саат калганда 2-3 сабиз, даамына жараша пияз, лавр жалбырагын салабыз. Бышкандан кийин үстүндөгү майын калпып алып, лавр жалбырагын чыгарып, этти сөөгүнөн бөлүп, майда туурап, чыпкаланган шорпого салып, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Даярдалган чуңкур идишке алгач бышкан сабизди тегерекче түрүндө туурап тизип алабыз. Анын үстүнө кыя кесилген сулп этти тизип, шорпону куябыз да, муздак жерге коё турабыз. Килкилдек каткандан кийин жумурткадан эки ак кууну, пияздан чөмүч баш гүлүн жасап, көк чөптөр менен кооздоп коёбуз.

Дамира Арстанова, «Супер-инфо», №320 19 – 25-декабрь, 2008-ж.

 

Килкилдек

Килкилдек илгертен уй, койдун шыйрак, баш, кулактарынан жана канаттуулардын эттеринен, балыктан жасалат. Ага сулп эт менен жумуртка жана жашылчаларды кошуп койсо ого бетер даамы чыга түшөт. Килкилдекти даярдоо ыкмалары менен «Соӊ-Көл» тойканасынын ашпозчусу Максат Султаналиев бөлүшөт.

kilkildek1ШЫЙРАК ЖАНА ЭТ МЕНЕН
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун шыйрагы – 1 даана
Уй эти – 200 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Лавр жалбырагы – 2 даана
Тоголок кара мурч – 10 даана
Пияз – 1-2 баш
Сабиз – 1 даана
Укроп – каалоого жараша
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
Шыйракты жууп-тазалап, муздак сууга 3-4 саатка салып коёбуз. Андан соӊ чайкап, идишке салып, үстүнө муздак суу куюп, жай отто 5-6 саат кайнатабыз. Суу этти 7-8 сантиметрдей көмүп турушу абзел. Шыйрактын бышарына 1 саат калганда сулп этти, туз, мурч, лавр жалбырагын, сабиз менен пиязды бүтүн салабыз. Бышкандан кийин шорпонун үстүндөгү майын калпып алып, лавр жалбырагын, пиязды, сарымсакты алып салабыз. Шорпону чыпкалап, этти сөөгүнөн бөлүп, майда туурайбыз. Анан шорпого кайра салып, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Сабизди идиштин формасына жараша тегерекче же жарым тегерекче туураган оӊ.

Эми килкилдекти тоӊдуруш үчүн бир нече майда идиш керектелет. Идиш кооз формада болсо, килкилдекти башка идишке которуп салганда да формасы сакталып кооз көрүнөт. Андыктан кээ бир кожойкелер кумшекер салгычтарды пайдаланышат. Идишке алгач сабизди тизип, үстүнө тууралган этти салып, шорпону куябыз да, муздак жерге коё турабыз. Анан муздаткычка салып тоӊдурабыз. Тарелкага которуш үчүн килкилдек тоӊдурулган идишти ысык сууга бир аз кармап туруп көмкөргөн туура. Анан килкилдектин бетин укроп менен кооздоп коёбуз.

Эскертүү: Кааласаӊыз, килкилдекти кооздоого сууга бышкан жумуртканы, консерваланган көк буурчакты (горошек)да колдонсоӊуз болот.

 

kilkildek2УЙДУН ТИЛИ МЕНЕН
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун тили – 1 даана
Пияз – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Лавр жалбырагы – 2 даана
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Туз – татымына жараша
Кооздогонго:
Лимон – 1 даана
Эскертүү: Кааласаӊыз, кооздогонго лимондон тышкары анардын даны, бадыраӊдын кесимдери да жарайт.

Даярдоо ыкмасы:
Тилди идишке салып, үстүнө 5 сантиметр көмгөндөй суу куюп отко коёсуз. Кайнап чыкканда сууну төгүп, тилди сууга дагы бир ирет жууйсуз. Эми идишке тилди салып, үстүнө суу куюп, пиязды, лавр жалбырагын салып отко коюӊуз. 2-2,5 саат кайнаганда туз менен сабизди салыӊыз.

Бышканда тилди чыгарып муздатасыз. Тилдин үстүнкү катмарындагы терисин сыйрып, калганын калыӊдыгы 0,5 сантиметрден кылып туураӊыз. Эми сабизди, лимонду гүлгө окшотуп кооздоп туураӊыз. Ал эми шорпону чыпкалап, ага лимон ширесин кошосуз.
Аягында тарелкаларга тилдин кесимдерин салып, ортолоруна лимон кесимин, четтерине сабизди коюп кооздоӊуз. Анан кашык менен шорподон аздан куюп, тарелкаларды муздаткычка 20-30 мүнөт коё туруӊуз. Бул кооздолгон жашылчалар ордуларынан жылып кетпей, шорпо менен кошо катып калуусу үчүн керек. Анан чыгарып, үстүлөрүнө шорподон дагы куюп, кайра муздаткычка биротоло тоӊгуча салыӊыз.

 

kilkildek3ТООКТУН ЭТИ МЕНЕН
Керектелүүчү азыктар:
Тоок – 1 даана
Сабиз – 2 даана
Пияз – 1 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Жумуртка – 2 даана
Лавр жалбырагы – 1-2 даана
Петрушка – 3-4 тал
Туз, тоголок кара мурч – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:
Тооктун терисин сыйрып, этти мискейге салып, үстүнө сууну куюп, отко коюу кажет. Суу этти 5 сантиметр көмүп тургудай болсун. Суу кайнап чыкканда отту азайтып, 4 сааттай кайнатабыз. Бул убакта суунун жарымы соолуйт. Ошондо сарымсакты, пиязды кошуп, дагы 30 мүнөт кайната түшөсүз. Эми шорпого тузду, тоголок кара мурчту кошуп, отко дагы 20 мүнөт кармаӊыз. Анан сабизди кошуп, 10 мүнөт кайнатасыз.

Бул кезде жумуртканы сууга бышырып, кабыгын аарчыйсыз. Шорподогу сабизди чыгарып, түркүн формада же жөн гана тегерекче кылып кесиӊиз. Сарымсакты тазалап, кесек туурайсыз. Эми шорпону чыпкалап алып, муздатабыз. Этти сөөктөрдөн ажыратып, майдалап туурайбыз. Идишке этти тегиз жайгаштырып, үстүн жарым тегерек кесилген жумурткалар, сабиз, петрушка, сарымсак менен кооздойбуз. Булардын үстүнө шорпону этияттап куюп, муздаткычка салабыз.

Канымжан Усупбекова, «Супер-инфо», №631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.