Акын, журналист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: “Ичи кыжыр, сырты жоош, Жолдошбек деген жакшы айбан” деген сөз туура экен”

Кезегинде “Асаба” гезити кыргыз журналистикасын жаңы баскычка көтөргөнү чын. Жолдошбек Зарлыкбеков ошол гезиттин негизги уюткусун түзгөндөрдүн бири. Ошол эле учурда Жокебиз китеби чыкпай туруп СССР жазуучулар союзуна өтүп алган акын. Жайкы сыраканалардын биринде калемдешибиздин сырын сурап, сөзгө тарттык.

– Сиз үчүн Жолдошбек Зарлыкбеков деген ким? Кандай инсан?
– А баягы Алыкул айткандай “мен өзүмдү бир көчөдөн карасам” дегендейби… Негизинен акылы жеткен киши өзүн сыртынан карай алат экен. Ал эми мага окшогон кирди-чыкты акылы бар кишилер өзүн сырттан карай албайт окшойт. Киргени бар, чыкканда каяктан чыгып калат билбейм, айтор чабылып-чачылып жүргөн учурлар көп эле болду. “Адырга кетчүм ыр жазып” дегендей ырдын өзү эриктирет экен да…

– Сиздин журналистикада да өзүңүздүн ордуңуз бар. Акын катары да билебиз. Булардын бирин эле алып кетсем болмок экен деп ойлогон учуруңуз болду беле?
Муну кийин, мен журналистикага баш-отум менен кирип кеткенде чоң-чоң эле жазуучу, акындар “сен гезитте жүргөндөн көрө ыр жазсаң болмок, сенден мыкты акын чыкмак, талантың өлдү” деп көп айтышты. Элүүнүн тегерегине келгенде гана алардын айтканы туура окшойт деп жүрөм. Чындыгында эмне болуп элүүгө чыкканымды өзүм да билбей калдым. Илгери бир жазуучу элүү жашка келиптир десе Нуралы Капаров экөөбүз “туй ата, эми бул бүткөн турбайбы” деп ыкшыңдап күлдүк эле. Алик айткандай, “китеби жок акын – ыштаны жок катын” болуп, бир дагы китеп чыгарбай жүрүп жылаңач боюнча элүүгө келип калыптырмын. Албетте, тиричиликтин айынан журналистикада иштеп калдым. “Кыргызстан маданиятына” келип ката тергич болуп жүрүп, андан ары “Ленинчил жаш” гезитине аралашып, айтор күрүгүү болуп жүрүп эле гезит турмушуна аралашып кеттим. Анүстүнө жаш кезде мени ким окуп жатат деп элеңдеп эки жакты карап атып эле убакыттын көбүн өткөрүп алыппыз. Анда гезит деген суудай экенин кайдан билели. Азыр “күндө жазсаң күндө жок, күндө гезит жеп коет” болуп жүрүп элүүгө чыгып калганыма ичим тызылдап, кап, атаңдын көрү ай-е деп калам.

– Сизди китеп ууру дешет, мунун чындыгы канчалык?
Ооба, ошентип анекдот кылып жүрүшөт. “Жолдошбек Ленин китепканасынан чыгып келатса эшиктин алдынан орус кемпир кармап алып, алдыгы китепти эмнеге алып баратасың десе, а эмнеге, алып кеткенге болбойбу дептир” деген анекдот бар мен тууралуу. Чынында бала кезден китепканага көп барчумун.

– Досторуңуздун үйүнө барганда да китеп кымырып кетет турбайсызбы?
Мойнума алам. Негизинен мыкты китептерди көрсөм кыя өтө албай, көп окуган “оорум” бар. Бир нече дүйнөлүк жазуучулардын китебин көрсөтпөй сурап алган күндөрүм болгон. А кезде дүйнөлүк классиктердин китептери тартыш болчу да. Чындыгында китеп боюнча Кудайга жакпаган иштерди көп жасадым. Бир жолу Ленин китепканасында Маркестин кайсы бир журналга чыккан “Жүз жыл жалгыздыкта” деген романын кечке окуп бүтө албай калдым. Ал жердеги кыздар менен жакшы болчумун. Алар менен мелдешип, окуганга жетишпей калган журналдын бир санын уурдап чыгып кеткен элем. Бирок эртең менен кайра ордуна коюп коймокмун. Студенттик жатаканага барып түнү менен окуп таңга жакын уктап калыпмын. Эртең менен эле бөлмөбүз чаң-тополоң. Көрсө таң атпай Ленин китепканасынын чет өлкөлүк адабияттар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси биздин декандын орунбасарын ээрчитип мага келишип, эшикти ачып, керебеттин башына илип койгон журналды таап, бакылдашып жаткан кербези экен. Түй ата, өлгөн экем дедим. Өзүм деле ойгонгондон кийин алып барып бермекмин. Жетишпей калдым ага, тигилер таң атпай сегиз жарымда келип жатышпайбы. Декандын орунбасары Исамидинов “өлдүң эми, бүтөт деген ушу, окуудан чыгасың” деп коет улам. Анан экөөбүз ээрчишип алып китепканалардын чоңуна келдик. Ал кезде бул кызматта Турдакун Усубалиевдин жубайы Гүлжеке апа иштечү. Ал мени каяктан болосуң дегенде эле иш оңунан кетти деп сүйүндүм. Усубалиев кочкорлук эмеспи. Айткандай эле мындан кийин китеп уурдабайм деген убадамды алып ишимди жабышты. Окурмандык күбөлүгүмдү таптакыр жаратышпай, сүрөтүмдү айрып, окуудан чыгаруу жөнүндө кагаз даярдап коюшкан экен. Гүлжеке апа болуп Кудай сактап калды. Тескерисинче, колума илимдин кандидатынын окурмандык күбөлүгүн жасап беришти. Көрсө мындай күбөлүк менен каалаган китебиңди үч күндүк мөөнөт менен үйүңө алып кетип окуп келсең болот экен. Ошондон кийин жыргап калгам. Бирок ушул окуядан кийин оңолгом. Себеби катуу коркуп калган элем.

– Кандай студент болдуңуз эле?
Чындыгында сабактарга көп катышчу эмесмин. Түнү менен китеп окуп эртең менен уктап сабакка барбай калчумун. Бирок сынактарды элден мурун тапшырган учурларым көп болгон. Ыр жазгандар бир ийримге жыйылып, анын аркасы менен телерадиого чыгып эле кыйын болуп жүрчүбүз. Эми ойлосом, азыркыга караганда ошол кезде кадыр-баркым туулган жеримде күчтүү экен. Анын арты менен каникулга өз айылыма барганымда бекер машинеге түшүп, бекер пиво ичкен күндөрүм болгон. Окуудан дайыма эки сабактан карызым болор эле. Дене тарбия менен чет тилден. Немис тилинен “айн, свайн, немис тилинин энесин урайын” деп коюп Абилова деген эжейиме жакпай калгам. Андан зачет алганым да кызык. Жогорудагы сөзүмдөн улам эжейибиз мени Сансызбай Иманалиев агайга жетелеп келди. Ал киши биздин декан эмес беле. Эжей агайга мен тууралуу арызданып жатса агай кайра эжейге “айланайын Калыйкан, сен өзүң Германияны көрбөй туруп эле тилин окутуп жатпайсыңбы, Зарлыкбеков Германияда аскердик кызмат өтөп келген. Билгенинен “айн, свайн..” деп жатат да, коюп берип кой баасын, стипендиядан куру калбасын байкуш бала” деп жатпайбы чын дилинен. Андан кызыгы, жарыктык агай, “эми айланайын кызым, бу баланын сенден, анан дене тарбия сабагынан карызы бар экен, сен баасын коюп бер, анан тиги физкультура кафедрасынан таанышың барбы, айтып койдуруп берчи” деп кайра эжейден сурап коет. Сансызбай агай көл адам эле да кайран киши. Эжейибиз эмне дээрин билбей күйүп-бышып, аргасыздан күлгөн.

– Алгачкы сүйүүңүз тууралуу айта кетпейсизби?
Омоке жазып жатпайбы:
“Сүйөт десе сүйүптүрмүн ченебей,
Же сүйүүдө, же менде ар жок кенедей.
Атасы анын чоң башкарма киши эле,
Мен ал кызга кала бердим тең келбей” деп.
Анын сыңарындай мен дагы акыбалымды билбей сүйгөндө да жалаң бешке окуган чүрөктөй болгон башкарманын кызын сүйүп алыпмын. Ал кыз кийин агаларыбызга турмушка чыккан. Азыр очор-бачар. Тууган катары үй-бүлөбүз менен катташып турабыз. Биринчиси ошол болчу. Оо-уу, андан кийин көптөрдү сүйдүм. Алардын баарына эле ыр жаза берипмин, атаң… Азыр китепке даярдап ырларымды чогултуп жатсам, сүйдүм деген ырлар көп экен. Ата мекенге жазбайымбы дейм да…

– Жеңебиз ал сүйгөндөрүңүздүн канчанчысы?
Кыргыз деген бактысын өзүнүн тегерек чекесинен табат. Ата-энең же тели-теңтуштарың эле үйлөнтүп салат. Жеңең экөөбүздүн табышып калышыбызга кадимки акын Сооданбек Абылгазиев себепчи болгон. Ал ошол учурда маданият министрлигинде Асия менен бирге иштейт экен. Аны мага ал ушак менен иши жок, өңдүү-түстүү, башы бош, сага окшогон шалтурукка ошол түтөт деп аябай мактап тааныштырды. Жеңең азыр мага тамашалап, сен ошондо мага арзан ашканадан тамак алып берчүсүң, кафеге киргизчү эмессиң, анан кокустан колумду сала койсом дайыма күрмөңдүн сол чөнтөгү жыртык болор эле деп айтып күлүп калат. Ошентип жүрүп эл күркүрөгөн күздө же жайда үйлөнсө биз кыштын күнү бороон-чапкын болуп жаткан учурда үйлөндүк. Быйыл жашаганыбызга 21 жыл болду.

– Жакында эки китебиңиз чыкканы жатыптыр. Ал тууралуу айта кетсеңиз.
“Турар” басмасы демөөрчүлүк кылып ырдан, кара сөздөн турган жыйнагымды чыгарып берүүдө. Буга чейин термелеп жазгандарым эки килейген китеп болот экен. Анда баары бар. Бирок далай ырларым жоголуп кетти. Далайларын өзүм жоготтум. Азыр эми жоголгондон калган ырларымды китеп кылып даярдап бүттүм. Алар эки китеп болмой болду. Бирде ичтен чыккан ийри жыландай болуп өзүң жазган чыгарманын баары эле жакшы көрүнүп кетет. Жоголгон бычактын сабы алтын дегендей, кээ бир табылбай калган чыгармаларыма кейип алам.

– Мындан эки жыл мурун элүү жашка чыктыңыз. Бул датаны кандай белгиледиңиз?
– Элүү жылдыгымды белгилегенден уялдым. Алыкул, Сергей Есенин, Пушкин кыркка жетпей, Лермонтов, Петефи 26-27 жашында жазчусун жазып бүтүп өлүптүр. Биз аралашып жүргөн Жолон, Турар деле элүүгө жетпей кетишкен. Атай менен Муса деле 46 жаш курагында көз жумган. Салбырап алардан улуу болуп биз жүрөбүз. Эмне жумуш кылганыбыз белгисиз. Анан кантип элүү жылдыкты белгилемек элем.

– Ичкилик маселеси сиздин турмушуңузга кандай таасир этти?
– Бул өтө жаман нерсе экен. Ошонун айынан ооруп, беш-алты күндөп тамак ичпей жалаң эле арак ичип калган күндөрүм болду. Уйку качат. Калем кармагың да келбейт. Аз эле жерден калдым мен. Нуралы Капаров мен тууралуу “ичи кыжыр, сырты жоош, Жолдошбек деген жакшы айбан” деп айтып жүрөт. Адегенде бул сөзгө чычалачумун. Көрсө ошондой эле экем. Кишилер менен сүйлөшө албайм. Алдаганды билбейм. Сыртка чыгарбай ичимен эле кайнай берген көйгөйүм көп. Байып кетем деп кокусунан алдамчыларга туш болуп калып үйүмдү барымтага кое салып акча алып берип, аным качып кетип, банктан алган акчанын пайызы өсүп анын азабын тарттым. Мындан сырткары балалуу боло албай жүргөн капа-кайгым бар. Бул тууралуу жан кишиге айтпайм. Эми кийин баары эле ачык болуп калды окшойт. Билгендер айтып жүрөт. Ушуларга кейип арак иче берипмин. Санаа жеп койду. Арыдан-бери эле байып кетем деген болбойт экен. Карасам эле жардын кырында турам. Ушул нерселер да чыгармачылыгыма биртоп тоскоол болуп коюптур.

Мектешкен Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.07.2011-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Акын, журналист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: “Ичи кыжыр, сырты жоош, Жолдошбек деген жакшы айбан” деген сөз туура экен”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.