Сүмөлөк

Мен жакшы билген сүмөлөк тууралуу айтып берейин. Сүмөлөк буудайдан жасалаарын билесиңер. Ушул буудайды күн чыгышты караган терезеге 11 күн өндүрөт. 12,13 же 9 күн эмес, 11 күндө жакшы өнүп чыгат. Эми аны канча санда өндүрүш керек? 5, 7, 9, 11, 13… кил. Көрдүңбү, бул жерде жалаң так сандар.

Буудайды суулап, үстүн марли менен жаап коет. Мунун өзү бая күндүн нуру саалыраак тийсин үчүн. Мына мында бир чакан айылга 5 кил. өндүрсө жетет. Нооруз эртең дегенде кечки саат 18:00дөн баштап, 12 саат чоң казанга кайнатат. Отун таптуу жагат. Чоң да эмес, кичине да эмес, бир тапта жагыш керек. Анан тынымсыз аралаштырып турат. Буга бир киши чыдабайт, бир канчасы катышып даярдаш керек. антпесе 12 саат бою бир киши кайыгып калбайбы. Бышырып жатканда 3 жолу суу менен демдейт. Туз, май сөзсүз көлөмүнө жараша салынат. Сүмөлөктүн айрыкча белгиси, досуң келсе да, касың келсе да андан ооз тийгизишиң керек. Ооз тийүүнүн жолу боюнча сүмөлөктү 3 жолу чыпалак менен ооз тийиш керек.

Эмне үчүн башка манжалар менен ооз тийүүгө болбойт? Анткени бул – сүмөлөктүн өзүнүн эрежеси. Сүмөлөк нооруз майрамында эле жасалат…

Үсөнгазы Молдоканов, Жети-Өзүз району, Ак-Кочкор айылы,
“Эл билими” сайтынан алынды

 

* * *
sumolokСүмөлөктү даярдоонун камылгасы жаңы жылга 10-15 күн калганда башталат. Алгач 5 же 7 кг жакшы сапаттагы буудай тандалып алынгандан кийин тазаланып жуулат да бир күн сууга чыланат. Эртеси көбө түшкөн буудайды супуранын, тактайдын бетине жайыш керек. Өтө кургап кетпеш үчүн улам суу чачып, ал жылуу жерде кармалат. Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат. Абдан эзилген буудай чараларга салынып, суу куюлат. Алгач бышыраарда уютулган буудай 5 кг болсо, казанга 10 кг акталган май куюлат. Майга жети токоч бышырып, аксакалдар куран окугандан кийин муздаган майдын 5 кг идишке куюп алынат. Даярдалып коюлган буудайдын ширелүү суусун дакиден өткөрүп сүзүп алып, казандын кулагынан бир карыштай кем кылып куюлат. Анан ага таза эленген ун салынып, бөлтөгү жоголгонго чейин чалынат. «Эртең жаңы жыл» деген күнү айылдын сыйлуу адамдары атайын сүмөлөк даярдалып жаткан үйгө чакырылат. Алар ун, мейиз, өрүк жана башка азыктардан ала келишип, майдалап-жанчып казанга салышат да, от жагып Кадыр Түн күтүп сүмөлөктү бышыра башташат. Сүмөлөк бышканда казандын үстү жылуу жабылып 5-6 саатча демделет. Айыл аксакалдары, байбичелер келишип, маркумдарга куран окуп бата тилешкенден кийин казандын капкагы ачылат. Сүмөлөктү бышыруунун негизги максаты – аны элге ооз тийгизип алардын ыраазычылыгын жана сообун алуу.

“Азаттык”

 

 

sumolok

Сүмөлөк

Керектелүүчү азыктар: 500 гр. буудай,2 кг. ун,1 кг. пахта майы, 300 гр. кумшекер, 6-10 литр суу

Жасалышы: Буудайды бардап терип, тазалап, муздак сууга салып, мыжыгып жууп, 3-4 сыйра чайкап, анан жылуу сууга бир күн чылап коюңуз. Эртеси суусун сарыктырып туруп, сатин идишке салып, 2-3 күн бою өндүрүңүз. Буудай тегиз өнүп чыккан соң, аны эт туурагычка салып майдалаңыз. Тартылган угутка 3-4 литр таза суу куюп, эзип, сүзүп алыңыз да, маңызды сатин идишке өзүнчө куюп коюңуз. Сүзүлгөндөн калганына таза суу куюп, дагы эзип, өзүнчө идишке куюңуз. Калганын эт туурагычтан кайра өткөрүп, аны да сууга эзип, сүзүп алыңыз. Пахта майын жакшылап актап, дак болгондо муздатып, үстүнө унду салып, жакшылап аралаштырып, ага биринчи сүзүндүнү куюп дагы аралаштырып, боткодой болгон кошундуну отко коюп кайнатыңыз. Түбүнө тартып кетпес үчүн, тынбай аралаштырып, отту азайтып, этияттап жай кайнаткан жакшы. Бир аз кайнаган соң, экинчи сүзүлгөн маңызды кошуп, ал кайнаганда, үчүнчү сүзүндүнү кошуп, басайтылган отко көпкө кайнатып, коюлуп бышканча этияттап кайнатыңыз. Сүмөлөк бышканда коймолжун тартып, илээшип калат. Чыгарда шекерди кошуп, дагы бир жолу борк эткизип алыңыз. Сүмөлөктүн даамын табы кайтканда таткан оң. Аны үйбүлө мүчөлөрүнүн санына чактап, аз же көп өлчөмдө жасоого да болот.

Элеонора Абдылдаева, Шоокум Журналы, 06.03.2007-ж.

 

НООРУЗ КӨРКҮ – СҮМӨЛӨК!

Кыргызда жаңы жылды сүмөлөксүз элестетүүгө болбойт эмеспи.Сүмөлөктү кантип жасап, кандай ырым-жырымдарды колдонот? Биз бул тууралуу билгибиз келип, Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын тургуну Бектурсун Токтоназаровдун үйүнө баш бактык. Себеби анын үй-бүлөсү сүмөлөк кайнатып жаткан экен.

Үйдүн кожойкеси Шайлоогүл Токтоналиева жана Жаркын Кочкорова төмөнкүлөрдү айтып беришти.

 sumolok1

sumolok3

sumolok2

sumolok4

sumolok5

“Супер-инфо”, №542 22-28-март, 2013-ж.

 

Сүмөлөк сүйүүчүлөргө кулак кагыш

sumolok_infografika

Сүмөлөк Нооруз майрамынын негизги белгиси болуп саналат. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.

Салтка ылайык, сүмөлөк Нооруз алдындагы түнү бышырылат. Чоң от жагып, казанды тынбай аралаштырып туруу керек. Буга бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Сүмөлөктү аралаштырып жатып, ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Казанды тегеректеген эл, бала-чака жөн гана турбастан, оюн-зоок, ыр-тамаша менен көңүл ачышат.

Сүмөлөк коюуланып отуруп, шокалад өңдүү күрөң түскө келгенде, казандын үстүн жакшы жаап, басаңдап калган оттун табына Нооруз таңы атканга чейин калтырып коюшат. Дагы бир ишенимге ылайык, сүмөлөктү эртең менен кашык менен эмес, чыпалактын учу менен илип ооз тийиш керек. Ошондо гана тилек орундалат деп айтылат.

Sputnik Кыргызстан, 16.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.