Омор Султанов, Кыргыз эл акыны: “Арманды адам өзүнө өзү таап берет”

Омор Султанов. Сүрөт http://www.erkintoo.kg сайтынан алынды.

Кыргыз эл акыны, поэзиянын султаны Омор Султановду сагынып издеп бардык.

” Мен эми, кайда кетип, кайда барам?
Багытым калды сынып, карып сапар.
Дарчыдай басып өткөн араң-араң
Сүйүүнүн ок жолундай жолуң татаал
” – деп өзгөчө сүйүү ырлары менен ашыктардын акынына айланган бул акынды ким билбесин. Поэзияга суусагандар гана жута тургандай сөз гүлдөрү терилген котормолору да өзүнчө керемет. Омор аганын бүгүнкү ал-акыбалын жана чыгармачылыгын сурап, ар кыл суроолор менен кайрылдык:

– Чыгармачылыгыңыздан кеп салсаңыз? Кандай ырларды жаратып жатасыз?
– Акжолтой деген темир уста таякем бар эле:
“Уста менен дос болсоң,
Ар кескенди аласың.
Ууру менен дос болсоң,
Ар балээге каласың”
 , – деп, жанында бирөө болсо-болбосо да күңгүрөнүп коюп, эртең менен эрте устаканасына келип, узанып отурчу. Жазуучу киши да ошондой болот экен. Өзүң менен өзүң болуп күнгүрөнүп иштегиң келет. Эки роман баштап койдум эле. Бирин үстөлүңө узартып келатам. Эки томдук чыгармаларымдын экинчи томун басмага тапшырдым. Баш сөзүн өзүм жазып атам. Поэзиянын мен билген сырларын окурман менен бөлүшөйүн дейм. Анан, албетте, поэзия! Азыркы күн жөнүндө ырлар циклин жаздым. “Арбак ургандар” деген чакан поэма бүттүм.

– “Чарчоонун жүзүнчү ырын” кандайча жазып калдыңыз?
– Ушуну көп сурашат. Көңүл коюп окуган адам өзү эле түшүнүп, билип коёр беле деп ойлойм. Поэманын эң акырында мындай деген саптар бар:
Мына бул
үшкүрүктүн арасынан
кысылып араң чыккан
ышкырык сыяктанган
– “Чарчоонун жүзүнчү ыры”
Чарчагандар эмнеден
Чарчаганын билише элек
Канча көңүл чарчап калды
калуудан
Айтпа акылдын чарчаганын
Эң жаман
Бирок эми, мейли билсин
Чарчагандар чарчаганын
Эгер андай болсо эле биз
Чарчоонун жүз биринчи
ырын жазбай
башка эле бир
ырды жазып беребиз.
Поэманын квинтессенциясы мына ушунда го дейм. Жетилбеген коом адамдарды, андагы адамдар бирин-бири болор-болбос нерседен чарчата берет тура.

– Жарык дүйнөдө кандай кайгыңыз, арманыңыз бар?
– Менимче, аты-жөнү элге таанымал адамдын, айрыкча, жазуучунун, кара жандын кайгысынын эч кимге кереги жок. Арманы деле ошондой.

Ал эми инсандык чоң кайгым – өзүбүзчө түтүн булатып чыккан соң, эмне үчүн каран талаада калгандай болдук. Күп-күндүз, чак түштө жоо чаппай эле таландык, тонолдук. Кылымга тете артка сүрүлүп калдык. Эл билгилер текши акылдуу, билимдүү эле эмес беле!

Бүгүн кырдан кулаткан таштай коктунун таманына түшүп калдык. От жандыраар үмүттүн билиги жок калгансыды.

Саясат жолдогондордун дээрлик көпчүлүгүндө мамлекеттик ой жүгүртүү (государственное мышление) жок, же жокко эсе. Элибиздин дээринде акылмандык, кеменгерлик бар эле – ал жоголуп бараткансыйт. Оң баштанып баратса эле тескери тепме башталат. “Кой, минте берсек Кудай уруп салат” – деген ой келбей жатат. Ушундай-ушундай нерселер мени калың кайгыга батырат, сары санаага салат.

Арман! Армансыз адам болбойт деген сөз бар. Менимче тагдырына ыраазы адамда арман болбойт. А мен болсом тагдырыма ыраазымын. Арманды адам өзүнө өзү таап берет.

– Сезим дирилдеткен поэзияңыз кандай учурда жаралат?
– Профессионал же адис акын деп коёлучу, ал профессионал спортсмендей болуш керек деп өзүмдү ишендирип алгам. Бирок, кээде ырдын кайдан, кантип келгенин билбей калам.

– Жылдын кайсы мезгилин жактырасыз?
– Сирендер гүлдөгөн май айы мен үчүн өзгөчө учур.

“Де Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.