Кыргыздын №1 акынын ким өлтүрдү?

Жүрөгүмдү бир боз
дөңгө көөмп сал…
А.Акималиев

ПОРТРЕТ

Бүт дүйнөнү ырга салып кээде бир,
Бүтпөс дастан жаратсам дейм негедир.
Турмуш өзү – классика, байкасам:
Жашоо даяр жаткан эле – шедевр!

Адамзатка зор чыгарма бул аалам,
Жазар затым – бир Күн, бир Жер, бир Адам.
Турмуш деген кырк миллиард сап поэма,
Жашоо деген кырк миң томдук роман!

Түтөйм, түтөм түйшүктүү жан – убалга,
Кудурет кош, жараткан шык, ой Алла!
Кыйын окшойт сүрөт болуп илинүү,
Жазуу үстөлдөн чыгып барып дубалга.

Атак бербе, абийир, эс бер, күрөш бер,
Аалам жандуу, ай-күн көздүү жүрөк – Жер,
Түп ордуңан кайра куруп жаратчу –
Түбөлүктүү адам жалгыз сүрөткер.

Жан-шык эрки көркүн кандай келтирет,
Жарык дүйнө бүт сыйгыдай чоң сүрөт. –
Ата Журтум – жазып бүткүс зор баян,
Ата Журтум – тартып бүткүс портрет.

Алик Акималиев

Аликтин фамилиясы мурда Сырдыбаев болуп чоң атасында катталчу. Университетте окуп жүргөндө ал негедир Акималиев болгусу келип, мага “Акеме айтчы, фамилиямды Акималиев кылып котортуп берсинчи чоң атама айтып” деди. Аликтин акеси менин экинчи атам. Аны аке дечүмүн. Акеме чалып айтсам, “чоң атаңа айтып көрөйүн” деди. Чоң атама айтса макул болуптур. Анан Алик айылга каникулга барганда Акемди ээрчитип райЗАГСтын башчысы болуп иштеген чоң атабызга айтып, фамилиясын өзгөртүп, Акималиев деген паспорт алып келген.

Бирок жолдошу Гүлүм Аликти Сырдыбаев деген паспорту менен эле жүрчү дейт. Кандайча андай болгонун түшүнбөй калдым. Өз атасы Акималынын атын чыгарганды жакшы көрчү. Ал көп иштерди аткарам деп жүрчү. Анын жакшы максаттары бар эле. Бирок максатына жеткен жок. Ушул быйыл чоң ачылыш жасайм, күйөм, жарылам дечү. Жакында Токтогулга барып кечемди өткөрөм деген. Ж.Бөкөнбаев атындагы сыйлыкты алганда Алмазбек Атамбаев 100 миң сом бермек болду, ал акчага бир эле мезгилде төрт китебимди чыгарып, дүңгүрөйм деген. Бирок Алик ойлогон оюнун аягына чыга албады. Аны кардын биринчи жаашында эле ызгаардуу ажал сыртта күтүп турганын ал билген жок. Билсе же жүрөгү сезсе, ичмек эмес.

Ал арак ичкенде бөтөлкөлөп же стакандап иччү эмес. Алыбай алына жараша болуп, эки жолу элүүдөн ичкенде эле өзүн кармай албай калчу. Же тезирээк үйүнө жетип укташы керек же көк майсаңдын үстүнө жата калып адатынча тук этип алыш керек болчу. Ал көк майсаң деп адашып ак кардын кучагына жатып калып, тура албай калды. Окуянын чоо жайын сурап билели десек, аны менен бирге ичишкен досторунун дайын оту жок. Көкүрөктү кылыч менен шилгендей курч ырларды жазып, хандан, бектен кайра тартпаган Алик кантип эле 50 граммга жеңилип калсын. Жанындагы чогуу жүздөшкөндөр эмне үчүн эч нерсе дешпей качып жүрүшөт? Кошунасыныкына чейин жеткен Аликтин буту жөрмөлөсө да үйүнө жетмек. Ушундай шер акындын өлүмү табышмак болуп кала берди…

Кантип эле? Кантип эле? – деген суроону бардыгы беришти, бирок изилдеген бирөө болгон жок. Кумурсканы да аяп, тебелебеген ак жүрөк акындын өлүмү кимге керек эле?

“Ал ичет эле” дешет. Ичкени менен итчилиги жок, жан дүйнөсү таза, боорукер эле. Ичет эле деген тыянак менен белгилүү эки акындын өлүмү иликтенбей же иш козголбой, унутулуп калды. (М.Алыбаев, Курбанбай)

Алик канчалык мас болбосун, мени көргөндө соолуга түшчү же кирерге оюк, качарга далдаа издеп калчу. Себеби ичпе деп урушчумун, эгер каяша айтса сабап таштачумун. Ал байкуш: “Бир сенден корком, бир Карбаластан корком” дечү. Көпчүлүк бар жерде эч кимге кезек бербей жулкунуп ыр окуп калса же башкаларга ээ-жаа бербей айтышып атканда акырын жанына барып колумду ийнине коюп “А Алик?” деп калсам, “Болду, болду, койдум” деп шак токтоп калчу же басып кетчү.

Чындыктын бар экенин, чындыктын жашап атканын элге көрсөтүп берем деп чычаладай күйүп кетчү. Ташка тамга баскандай ырларды жазчу. Бир колуна ырын кармап, бир колун бүркүттүн канатындай бийикке учуруп коюп ыр окучу. Ыр окуп атып өзү да учуп кетчү. Учуп жүргөнүн көргөндөр анча элес албай, ырына эле муюп калышчу. Жүрөктү тыбыраткан ырларын күлкү коштоп, жүрөк жарган дүркүрөгөн кол чабуулар болчу. Дүркүрөгөн кол чабуулар менен залды жарган ошол акын эми жок. Турмуш ушундай экен, бүгүн барсың, эртең жок. Бирок көрөңгөсү барлардын артында изи калат экен. Ал айтчу: “Мен кыргыздын №1 акыны” деп. Акын өчтү, бирок акындын ырлары өчпөйт! Демек, Алик тирүү!

Бурулкан Карагулова, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.02.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Кыргыздын №1 акынын ким өлтүрдү?

  • 29.05.2012 at 09:32
    Permalink

    Аликти арак жайрады.
    Арак көптөрдү жайрады.
    Аламүдүн 1де Жумабек Тукай экөөбүз аракташып жүрдүк, бирок мен акыры бир динге кирип кетип кутулдум андай желмогуздан.
    Тукайды жүр десем: “Жаке, ал жакта мен билген-уккан эле сөздөр айтылат турбайбы” деп болбой койгон. Өлүп тынды.
    Мен андан бери баланча жыл жашап келем, кыргызча көптөгөн нерселерди жасадым, шүгүр.
    Албетте, баарыбыз өлөбүз, бирок кечинен берсин.
    Кудай урган Алик да бираз чыдай турса, кыргыз окурманы анын төрт жыйнагын окуп калбайт беле.
    Эми ал жыйнактарын ким даярдайт да, ким чыгарат?!
    Шум ажал.

    Reply
  • Pingback: Алик Акималиев — Кыргыз маданият борбору

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.