Урбагын, түрткүн!

Сүрөт http://sport.akipress.org сайтынан алынды

Кулатуу – анын принциби “Урбагын, түрткүн” деген идеяга таянат. Кулатуунун сабактарында машыктыруучу менен окуучу анатомиялык куралдар менен денелерине, моюндарына жана баштарына тийгизип түртүп иштейт. Ага таймашта түртүп, ордунан жылдырып же болбосо кулатып жыгуучу абалга келтирген пайдаланылуучу адамдын дене бөлүктөрү кирет.

Кулатууда эки-экиден аткарылчу көнүгүүлөрдүн төрт калыбы иштелип чыккан. Атап айтсак, “Жекеме-жеке”, “Жалгыз экиге каршы”, “Жалгыз үчкө каршы” жана “Жалгыз төрткө каршы”. Ар бир аталган көнүгүүлөрдүн калыбында көнүгүүлөрдүн төрт түрү пайдаланылат, алар – “Чабуул”, “Коргонуу”, “Каршы чабуул” жана “Каршы коргонуу”.

Негизинен ал жекече коргонуу мектеби болуп саналат. Кулатууда коргоо жана чабуул стратегиялары үйрөтүлөт. Коргоо стратегиясына коргонуу жана каршы чабуул ыкмалары, чабуул стратегиясына чабуул жана каршы коргонуу ыкмалары кирет.

Анда чабуулга өткөн атаандаш берилген тең калыптагы ритмдин ар бир тактында түртүү чабуулун жана каршы коргонууну жүргүзүүгө милдеттүү. Коргонуп жаткан тарап коргонууга жана түртүү менен каршы чабуулун жүргүзүүгө милдеттүү. Атаандашы теңсалмагын жоготуп, туруунун башка абалына өтүп кеткен же жыгылып калган учурда гана таймашуучунун чабуул же каршы чабуулга чыгуу ыкмасы эсепке алынат. Таймаштын ыргагы оозеки эсеп менен, же метроном, же барабандын урулушу, же музыка менен берилет.

Түртүү чабуулдары жана каршы чабуулдары уруу чабуулдар жана каршы уруу чабуулдарынан дагы, бири-биринен да айырмаланып турат. Кулатууда таймашчынын түртүү процесстерин атаандаштын ордунда туруусу, алыстагандыгы же жакындагандыгы менен ажыратат.
Мында образга кирүү ыкмасы пайдаланылат, мунун ичинде өзүн өзү ишендирүү, медитация ыкмалары бар. Кулатуу кыргыздын кол менен салгылашуу боюнча “Мушташ” эрежесинин багыттарынын бири болуп саналат.


Кулатуу кечээ, бүгүн…

1985-жылы биринчи ирет Кулатуу күрөшү боюнча биздин өлкөдө жабык мелдеш өткөрүлгөн. Ошондо эле кыйланы кызыктырган бул таймаш өнөрү эл ичине ыкчам тарап кетет. 1990-жылы Кыргыз ССРнин Кулатуу боюнча федерациясы түзүлгөн. Ушул эле жылы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин “Кулатуу күрөшүн өнүктүрүү жөнүндө” буйругу жарык көргөн.

– 1997-жылы Кулатуу бөлүмү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында ачылган.

– 2000-жылдан тартып кулатуучулар Панкратион боюнча Евразиянын жана дүйнөнүн чемпионаттарына (Казак Республикасы, Астана) расмий түрдө катыша башташты. Бул мелдештерде өз салмак категориялары боюнча Кубат Букабаев (2000), Данияр Аргалиев (2001), Бектур Кыдырмаев (2002), Эмил Токтогонов (2004, 2005, 2006), Улан Шерматов (2005, 2006) чемпиондук наамдарга ээ болушкан.

– 2001-жылдан тартып кулатуунун “Мушташ” түрү боюнча, ал эми 2003-жылдан баштап “Эр таймаш” түрү боюнча күчтүү мелдештер өткөрүлө баштады.

– 2003-жылы “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы жарык көрүп, анда Кулатуу күрөшү кыргыз спортунун түрлөрүнө киргизилген.

– 2004-жылы Корея Элдик Демократиялык Республиканын Пхеньян шаарында өткөрүлгөн I Эл аралык жоокердик өнөр оюндарында Аталган федерациянын спортсмендери катышып өз өнөрлөрүн тартуулаган.

– 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” буйругу чыгып, ушуга ылайык республиканын орто, жалпы билим берүүчү окуу жайларында окуучуларга Кулатуу боюнча сабак киргизилген.

«Айгай» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.