Жансак

Бул тамакты иммунитетти жогорулатуу үчүн дарылык жана алдын алуу каражаты катары пайдаланышкан. Жансакты жоокерлер жана оор жумуш менен алектенгендер үчүн даярдашкан. Балдардын саламаттыгын чыңдоо үчүн да колдонушкан.  Ал күчтү калыбына эң сонун келтирет, ошондуктан балким жансактын аталышынын бири — жанды сактайт (дең соолукту сактайт). Негизинен жансакты өлкөнүн грек жаңгагы өсчү түштүк бөлүгүндө даярдашат, неге дегенде грек жаңгагынын даны анын негизин түзүп турат.Курамы:

Сары май — 200 гр.

Грек жаңгагы — 300 гр.

Бал — 300 гр.

Даярдалышы:

Жаңгак тазаланып, иргеп алынып, жанчылат. сары май ысытылып, идишке куюлат.  Жанчылган жаңгакты ысытылган май менен аралаштырышат. Муздатып, бал кошуп, жакшылап аралаштырышат.

Балдар үчүн жансактан ар кыл формадагы конфеттерди даярдашат, бул үчүн аны ысык түрүндө мурдатан даярдалган фигурка-формаларга куюшат.

Бул маалымат “Көчмөн ашкана” китебинен алынды ,
“Айыл деми” ,  июнь 2012-ж. 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.