KLOOPтогу маселелер

Кыргызстандагы эң таанымал жана ири блог платформасы KLOOP порталындагы маселелерге байланыштуу, марттын 22исинен берки материалдардын баардыгы жоголуп кетти. Мүмкүн болушунча баардыгын калыбына келтиргенге аракет кылабыз дешет, бирок ал оңунан чыгабы, аны эч ким айта албайт.

Биздин блог башкаларга салыштырмалуу анчалык көп жоготууларга учурабады (?!). Мынтип айтканымдын себеби, мен бир кезде www.wordpress.com блогдор чөлкөмүндө www.kmborboru.wordpress.com дареги боюнча биздин блогдун күзгүсүн ачып койгон элем. Маал-маалы менен негизги https://kmborboru.su блогго жайгаштырылган материалдарды ал жакка көчүрүп койчумун. Бирок биздин интернет провайдер Интернетти Казакстан аркылуу алгандыктан, бул өлкөдө болсо www.wordpress.com сайтын көп жактыра беришпегендиктен, күзгү блогубузду толуктап туруу бир аз кыйынчылыкты түзөт эле. Акыркы жолу мен  25-июнда жаңылаптырмын, башкача айтканда толугу менен биз июлда жарыяланган гана материалдарды жоготтук.

Марттын аягынан июндун аягына чейинки материалдарды  www.kmborboru.wordpress.com блогунан таба аласыңар. Эгер силер мага окшоп бул блогго кире албасаңар анонимайзерлерди колдонсоңор болот. Алар ар кандай фильтрлерди айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бир гана анын жардамы менен блогду жаңылоо болбойт экен. Мен колдонгон андай анонимайзердин бири http://anonymouse.org/anonwww.html

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.