Курут менен таруудан гүлазык

Курамдык бөлүктөрү:
Койдун эти 800-1000 гр
Курут 300-500 гр
Таруу 500 гр

Даярдалышы
Гүлазыкты даярдоо үчүн адатта койдун этинин арткы бөлүгүн (анын эти жумшагыраак жана тарамыштары аз болот) алышат жана аны жай отто кайнатышат. Эт жакшылап кайнатылгандан кийин аны шамал жакшы тийген жана караңгы жерде 2-3 күн кургатышат. Эт жакшы кургагандан кийин аны улпакка айланганга чейин жаргылчакта 2-3 жолу тартышат. Коноктун акшагын кабыктарынан тазалап, казанга салып жай күйгөн отто ал саргыч-күрөң түскө жеткенче куурушат. Андан кийин акшакты элеп, жаргылчакка салып , унга айланганга чейин тартышат. Майлуу курутту да майдалап, элешет. Анын баарын аралаштырышат. Улпак кайнатып бышырылып, кургатылат жана майдаланат, эленет. Бардыгы аралаштырылат. Улпак сүт иреңдүү, бөлтөксүз болушу керек. Мындай гүлазык чүпөрөк баштыкта сакталат, аны салкын жана шамал тийген жерге илип коюшат. Жээрдин алдында кайнаган сууга эзишет.

Айыл деми” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.