Гүлзат Абдалиева: Кытайдагы фу-йу кыргыздары жоголуп бараткан улут катары эсептелинет

Кыргыз тарыхындагы изилденбеген мезгилдери, жазылбай калган окуялары, ачыла элек жаңы сырлары көп. Анын бири Фу-йу кыргыздары.

Фу-йу кыргыздары боюнча кээ бир илимпоздордун  оозеки айткандары гана болбосо, маалыматтар жокко эсе. Тарых илиминин кандидаты Гүлзат Абдалиева да бул боюнча устаттарынан угуп кызыгуусу артып жүргөн. Быйыл көксөгөнү ишке ашты. Демилгечилердин жардамы менен Кытайдын түндүк-чыгыш тарабына экспедициялык топ жөнөдү.

Кытайдын Хейлюнжан (Донбей-деп да аталат. Кытай тилинен которгондо түндүк-чыгыш дегенди билдирет) аймагында Фу-йу району бар. Ал район борборунан 12 чакырым алыстыкта эки айыл жайлашкан. Ужасун жана Чижасун – бул аймакта кыргыз айылдары катары белгилүү. Айылдар кыргыздар көчүп келгенден кийин ушундай аталышка ээ болгон. Кытай тилинде беш үйбүлө жана жети үйбүлө дегенди билдирет. Анткени алгач беш жана жети түтүн жашаган. Учурда бул аймактагы кыргыздардын саны  1493гө жетет. Азыр чачылып башка аймактарга көчүп кетишкен.

– Кайсы кылымда фу-йу кыргыздары кытайга көчүп келишкен?
– Кытайдын тарых булактары боюнча 17-кылымга такалат.  Кыргыз тарыхы боюнча 13-кылым. Менин пикиримде булар алгач 13-кылымда Эне-Сайдан Хубилай хандын (Чыңгыз хандын баласы) басымы астында  көчүрүлүп келинет. Анда Чыңгызхан бийлигинин чегин коргоо керек болгон. Кыргыздарды көчүрүп Хубилай хан чегарасын бекемдөө үчүн жер бөлүп берип, дыйканчылык менен алектенүүгө шарт түзгөн. Анткени, буга чейин деле кыргыздардын мыкты чегарачы болгондугу тарыхта айтылып жүрөт. Башка мезгилдерде да кыргыздарды чегараны коргоо үчүн колдонуп келишкен.

Экинчи бөлүгү хан Бокой жетектеген кыргыздар 17-кылымда келишкен.

– Демек, алар алгач Кытайдан Чыңгыз хандын ээлигин коргоп, кийин Кытай аймагына өтүп калышкан?..
– Ооба, негизинен Кытай мамлекети да Фу-йу кыргыздары боюнча  билген эмес. Алар жөнүндө маалымат алгач 1939-жылы пайда болот. Ошондо советтик аскерлер Жапония менен согушта Фу-йу аймагында болушат. Жадагалса фу-йу кыргыздары алар менен кошо согушкан. Ошол советтик аскерлер Москвага чейин айтышып, орус окумуштуулары изилдөө жүргүзөт. Кийин жапондор да кыргыздарды изилдөөгө алат.

– Эне-сайдан кыргыздар күч менен көчүп келишкен болсо, Чыңгыз хандын бийлигинен кийин кайра кайтуу аракетин көрүшкөн эмеспи?
– Алар күч менен көчүрүлгөн. Байырлашып калгандыктанбы, же басым астында жүрүп коркуу сезиминен уламбы, кайра мекенине кайтышкан эмес. Бирок мекенине болгон кусалыгы жандүйнөсүндө бүгүн да жаңырып турат. Аны фу-йу кыргыздары сегиз кылымдан бери сактап келатышат. Алардын ырларында да кусалык ырдалат.  «Эне-Сайды эскерүү», «Эне» деп аталган ырды бизге Ченг Бо Жюн аттуу жаш кыргыз жигити ырдап берди.

– Улуттук өзгөчөлүктөрү сакталганбы?
– Алардын ички «мен кыргызмын» деген руху күчтүү экен. Бул мени абдан таң калтырды. Жогоруда аталган эки айылда тең 2010-жылдары музей салыныптыр. Ошол музейде Бокой хандын эстилиги тургузулган. Музейде 1939-жылы советтик армиянын катарында  жапондорга каршы күрөшкөн аялдардын ысмы аталат. Чыгышка көчүү –деген скульптуралык композиция жана чийме сүрөт аркылуу фу-йу кыргыздарынын тарыхы чагылдырылган. Ал аркылуу Кытай аймагына келип жайлануушусу, кайсы элдер менен кагылышып, кандай кырдаалды баштан өткөргөндүгү сүрөттөлөт. Эне-Сай кыргыздарынын этнографиясы, ишеними, салты чагылдырылат. Музейде бозүй орнотулган.

Экинчи Чижасун айылында 1595 аянтты камтыган музей бар экен. Музейдин аянтты кыргыздардын санына карата алынган. Ал музейди Манас айылы деп коюшат. Анда 348 метрлик коридору бар, Манастын айкели орнотулган.

– Манас боюнча Эне-сай кыргыздарынын кандай маалыматтары бар?
– «Манас» эпосун айтышпайт. Кытайдагы Кызыл-Суу кыргызы Жусуп Мамайдын вариантынан окуп билишип, анын негизинде музей салынган. 348 метрлик коридор деген Кыргызстанда да жок. Ал жерде өтүп баратып, Манастын төрөлүшү, чоңоюшу, кыргызды бириктиргенине күбө болосуң.

Бирок Манас боюнча өздөрүнүн да санжырасы бар экен. Желунжан деген жерде көл бар. Анда жергиликтүү бийдин 9-уулу кайып болуп кеткен. Аны Манастын уулу Семетей менен байланыштырышат.

– Музейлер кыргыздардын каражатына орнотулуппу?
– Жок, Кытай мамлекети фу-йу кыргыздарына көңүл бөлүп, ал жерди дүйнөлүк туристтик аймак катары кабыл алышыптыр. Дүйнөдө жок болуп жаткан эл катары Эне-Сай кыргыздары өзгөчө көңүл бөлүнөт экен. Мамлекет фу-йу кыргыздарынын жашоо шартын жакшыртуу үчүн жаңы үйлөрдү куруп бериптир. Ал эми 47 жаштагы Сай Жан Дон деген кыргыз ишкери 300 гектар жерди сатып алыптыр. Ал туристтик аймакты көтөрөм дейт. Бозүй алып келип тиктирип, кыргыз тамак-ашын жасап, туристтерге келсе, байыркы кыргыздар менен болгондой шарт түзүү максатын көздөйт. Андан сырткары, ал жактагы кыргыздар бугуга сыйынгандыктан, өкмөт үйлөрүнүн маңдайына бугуну чегип койгон.

– Демек, алар Эне-Сай кыргыздары катары  теңирчиликти алып жүрүшөт экен да…
– Ооба алар Кытайдагы лама жана исламды тутунган кыргыздардан айырмаланат. Дагы эле үйлөрүндө бугунун, жыландын жана жылкынын сүрөтүн көрүүгө болот. Азыр да жылкыны ыйык тутуп, этин жешпейт. Жыланга ак чачып, өлтүрбөй, бизди дарылайт деп ишенешет. Бирок жыланды жешпейт. Шам жагып сыйынышат.

Улуттук кийимдерден калпак кийишет. Байыркы кыргыздарга таандык биз менен да айкалышкан буюмдарды байкадым. Мисалы, асма бешиктери сакталыптыр. Далы сөөктү карап төлгө салат, сөөктөргө жип байлап илип коюп сыйынышат. Бизге аксакалдын айтып бергенине караганда, 1960-жылдары Кытайдагы маданий революциянын артынан биртоп сыйынган ыйыктары жоготулуптур. Ал мезгилде өкмөт тыюу салгандыктан, фу-йу кыргыздары караңгыда жашынып сыйынып калышкан.

– Кыргыз тилин билешеби?
– 
Азыркы жаштар албетте, унутушкан. Бирок баардыгы онго чейин санаганды билет. Аларды Хуженхуа деген кытай окумуштуусу изилдеп,  фу-йу кыргыздарынын тили байыркы кыргыз тилине жакын, Хакас тилине тектештигин аныктаган. Байыркы  Орхон-Энесей тилинде сүйлөп, жазышкан.

78 жаштагы Хан Щи Жын деген апа бизге көп нерселерди айтып берди.  Биздин сүйлөгөн сөздөрдү угуп олтуруп, көзүнөн жаш тамыза «менин оюмда бул сөздөр бар. Түшүнөм. Бирок сүйлөй албай калдык» – дейт.

– Каада-салт жагынан эмне окшоштуктары бар?
 Ошол апанын эскерүүсүндө, кызыл көйнөк кийип (тарыхда байыркы кыргыздар кызылга басым жасагандыгы айтылат), чачын кырк көкүл өрүп, турмушка чыккандан кийин чачын байлап жүрчү экен. Азыр деле адам каза болгондо аялдар дагы барышат экен. Жаназада кошок айтылбайт. Ыйлашпайт.

– Аларды кыргыздын кайсы уурусунун өкүлдөрү десек болот?
 Бул боюнча атайын изилдөө жүргүзүш керек. Менин пикиримде, Эне-Сай кыргыздары менен андан ар тарапка көчкөн урууларды изилдеп, уруулук байланышты тапса болот. Фу-йудагы маалыматтар боюнча алгач жети уруу көчүп келген. Азыр алардын саны 24кө жетет. Табын, хиргиз, белтир, селтир деген уруулар бар экен. Анан алар уруусунун атына карата фамилияларды алышат. Мисалы, Хиргиздер ХИ, Табын-Тап деп фамиялияны алып жүрөт.

Дагы бир кызыгы, энеси кыргыз болсо, улутун кыргыз деп жазышат. Азыр жаштар арасында, айрыкча Пекинге барып жогорку билимге ээ болгондор, фамилиясын жана атын кыргызчалап өзгөртүп жатышыптыр. Жогорку билимге ээ болгондору да арбын. Мисалы, биз таанышкан Улан эженин кызы Англияда журналистиканы окуп жатыптыр. Негизинен жаштар да өзүн «кыргыз» деп сыймыктануу менен атайт. Анткени алар өздөрүн байыркы элдин тукуму катары  баалашат. Дүйнө элинин кызыгуусун арттырып жатканы да андай сезимдерге дем берет.

– Өң келбети Эне-Сай кыргыздарына окшош бекен?
– Аксакалдардын бою узун, көздөрү көк, сары жүздүү. Алар канча кылым бою канын аралаштырбай келгендиктен, сырткы келбетиндеги өзгөчөлүк сакталган. Азыр монгол кытай менен аралашып, кыргызмын деген жаштарда көк көз, сары келбеттүүлөрү кездешкен жокмун. Ал жерде Табын Турсун деген 74 жаштагы аксакал менен тааныштык. Ал жашы улгайган аксакал Эне-Сай кыргыздары боюнча маалымат топтоп, жазып калыптыр. Табын Турсун Кытайда чоң урматка ээ. Айылдарда музей салганда да Табын аксакалдын маалыматтарын пайдаланышыптыр.

– Кыргызстан боюнча билишет бекен?
– Биздин барганыбыз алар үчүн чоң жаңылык болду. Чижасундагы музейге келип, тарыхыбыз менен таанышып кетсин деп биз аркылуу баардык кыргыздарга чакыруу жиберишти. Жаштар интернет аркылуу Кыргызстандагы кырдаалды жакшы билишет. Жашы-карысы баары Кыргызстанды, Ысык-Көлдү көрсөм деп эңсешет.

Жазгүл МАСАЛИЕВА, «24.kg» MA, 23.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.