Алым Токтомушев, акын: “аракты таштаганга караганда ыр жазганды таштоо жеңил экен”

Кыргыз журналистикасына барандуу салым кошкон, ошол эле маалда акын Алым Токтомушев менен поэзия, журналистика туурасында азыноолак кеп салыштык.

– Алым мырза, сизди мыкты журналист катары жакшы билебиз. Ошол эле маалда акынсыз. Деги эле поэзия деген сөзгө кандай аныктама берет элеңиз?
– Мыкты журналист экендигимди билчү эмесмин. Жөн эле журналистмин деп ойлочу элем. Силер айтып аткан соң мүмкүн ошондойдурмун. Акын болоюн деп аракет жасагам. Бирок болалбай калдым. Поэзия? Бул эми аба деген аба, суу деген суу дегендей эле сөз.

– Чыгармачылыкта кандай түшүм жыюудасыз?
– Бир ирет Эл акыны Омор Султанов: “Жакшы ырларың бар эле, жазып атасыңбы?” – дейт. Мен: “Омоке, таштап койгом, аракты таштаганга караганда ыр жазганды таштоо жеңил экен” – дедим. “А, кашайгыр!” – деди Омоке.

– Учурда көпчүлүк ыр жаратуучуларга “начар” деген баа берилет. Поэзиянын абалы сизди канааттандырабы?
– Поэзиянын абалына канагаттанган мезгил, же коомдук пикир тарыхта жок. Пушкин плеядасы менен чыкканда деле “Азыркы поэзия өлдү” маанисинде “өкүрүп” турушкан.

– Деңгээли төмөн ырлардын көбөйүүсү эмнеден улам?
– Анткени акындардын канаты жок. Канаты жок поэзия адам рухун көтөрмөлөбөйт, бир окутуп, же бир ыраазы кылып тим болот. Пастернак бир кезде: “Талантов много – духа нет” деп өкүнүп жазганы бар.

– Чабал, дарамети пас китептер коомго терс таасирин тийгизбейби?
– Начар китептер албетте табитти бузат. Тилекке жараша коомчулук азыр китеп окубай калды.

– Бүгүнкү күндө китептер оголе көп басылууда. Басылган китептер менен таанышсызбы?
– Тааныш эмесмин. Жаш өткөн сайын ар дайым окуй турган саналуу китептер калат экен.

– Кыргыз журналистикасына кандай сын айтат элеңиз?
– Кыргыз журналисттери өтө сабатсыз.

Кыргыз басма сөзү эмнеден аксап, эмнеден алдыда бара жатат?
– Басма сөз изилдөөдөн, анализден аксап, ушак, имиш-имиштерден илгерилеп баратыр.

– Журналисттик ишмердүүлүктүү кантип өргө сүйрөө керек?
– Жакшы, курч макала жазып, окурмандарды тартса болот. Андан да башкасы таланттуу адам акча табам, аялга жагам, атак алам деп жазат. Ушул үч мүдөөнү акыйкат сүйгүч принциби коштосо, менимче, журналисттик ишмердиктин “ити чөп жейт”.

ТИЛЕК

Кайгы, шатты катар тутуп жүрүү үчүн,
О Жараткан, бер махабат күйүтүн.

Карегимди калбас үчүн дат басып,
Кирпигимди турсун кээде жаш басып.

Муштум жүрөк эт болбосун бир үзүм,
Бер, Жараткан, сокурлардын үмүтүн.

Дудуктардын карт кайгысын кеч дагы,
Кайгы канча картаң болсо – сөз жаңы.

Жашаш үчүн душманыма эзилбей,
О Жараткан, эсен койгун эсимди!

УБАЙЫМ 

Төрт аттам – быяк жагым, тыяк жагым,
Шырт эткен шыбырт келсе туят баарын.
Өзүмдүн калп, чынымды табалбасам,
Жараткан, неге адам сыяктандың…

Эшиктен тешик тиктейт чакчыгайдай,
Кайтарат жылдар, күндөр сакчылардай.
Кайдандыр шамал жортот… андан озуп
Каңгырап кетким келет капчыгайга.

Жан бирге, биз жабышкан кеме бирге –
Чырмалам чырмоок ойдун келебине…
Дүйнөгө батпай турган күндөр болгон…
О, азыр анын мага кереги не?..

Маектешкен Назгүл ЭСЕНГУЛОВА, Эльмира Мадиева, «Леди.kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Алым Токтомушев, акын: “аракты таштаганга караганда ыр жазганды таштоо жеңил экен”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.