Омор Султанов, Кыргыз эл акыны: “Жантөрө Сатыбалдиев убадасын берген, бирок…”

Омор агай, акын, катары бүгүнкү күндөгү адабият менен маданияттын абалына кандай баа бересиз?
Маданият тууралуу эмне деп айтышты да билбей турам. Маданият өспөй калды, такыр эле болбой калды деген менен маданиятыбыз минтип жатат, тигинтип жатат деп телевизордон көрсөтүлүп, радиодон маалыматтар берилип эле жатат. Акын-жазуучулардын мааракелери өткөрүлүп, мааракеге чогулган эл акынга гүл берип, акча берип куттуктап жатышат. Кыскасы мындай караганда маданият өнүгүп эле жаткансыйт. Бирок, өлкөбүздүн келечегин анчалык элестете албай турам. Ал эми келечек деген эмне? Келечек бул улуу ойчул, жазуучу, окумуштуу Эрнест Хемингуэйдин замандашы, (аял киши) Испан согушунда Хемингуэйге айтканы бар: “силер жоголгон муунсуңар” деп. Анысы кандай бүгүнкү күнү бизде дагы жоголгон муун пайда болууда. Ал муун учурдагы 30 жашка чейинки улан-кыздар. Азыр алар билимден дагы, маданият, каада-салт, үрп-адаттан дагы кур жалак, караңгы адамдар. Алардын келечеги кандай болот, элестете албайм. Эгемендүү өлкөбүз деп ооз көптүрүп күпүлдөп жатабыз. Бирок мен жогоруда айткандай эле өлкөбүздөн эгемендүүлүктүн келечегин көрө алган жокмун. Өлкөбүз башка өлкөлөр сыяктуу эле өнүксө деп тилейм бирок, тилекке каршы, азыркы болуп жаткан турмуш мени абдан нааразы кылат. Нааразы болгонумдун себеби, биз элди тарбиялаганды унутуп калдык. Азыр бир да киши баласын “көчөдө баратып түкүрбө, улуу кишиге каяша айтпа” деп тарбиялабайт. Тескерисинче “эч кимден коркпо, бирөө сага бир нерсе десе каяша айтып кармаша кет”- деп үйрөтүшөт. Ошондуктан балдарыбыз бирин-бири тоноп, алдуусу алсызын өлтүрүп, жок кылып жатышат. Кыргызда качан өз атасы өз кызын, же агасы карындашын зордуктоо деген бар эле. Бул деген айбанчылыктын жеткен чеги. “Эсиң барда этегиңди жап” дегендей, кеч болуп кала электе эсибизге келип, оңолушубуз керек, эгер минтип отурсак, ачык эле айтайын кыргыз элинин келечеги болбойт!

Интеллигенция өкүлдөрү омоктуу ойлоруңуздарды ортого салып, элди туура жолго үндөсөңүздөр болбойбу?
Мындай учурдун көйгөйү болгон көйгөйлөрдүн баарын айтып отурсак, чиновниктерибиз ойлонуп калуунун ордуна кайра бизди жаман көрүшөт экен. Өткөндө “Азаттык” радиосунун журналисттери “сиз эмнеге 2010-жылы болгон окуяларда үн каткан жоксуз?” деген суроо беришти. Мен аларга итти деле адам бери кел деп сөөк таштаса келет, ошол сыяктуу интеллигенттерди деле бирөөлөр кел кеңешели десе интеллигенттер кеңеш бергенден качмак эмес деп жооп бердим. Түштүк окуясында экс-президент Роза Отунбаевага “биз өзбектер менен абдан жакшы мамиледе элек, алардын төбөсү көрүнгөн көрүнүктүү акын-жазуучулары бар, элди ынтымакка чакыруу үчүн ошолор менен жолугуп, Орто Азия боюнча тегерек үстөл уюштурсак кандай болот” деп айтайын деп такыр жолуга албай койдум. Быйыл президенттин мурдагы аппарат жетекчиси, азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кайралып, жогорудагы оюмду айтсам ал колдоп, “аталган иш чараны быйыл жайында Ошко өткөрөлү” деген. Андан бери жай эмес күз келди. Мен болсо Жантөрөнүн айтканына ишенип, Казакстан, Өзбекстандагы атактуу акын-жазуучулардын баарын, бизде ушундай иш чара өткөнү жатат, келип катышып бергиле деп чакырып салгам. Алар менден “иш чараңар качан өтөт” деп күндө сурап атышат. Жантөрөдөн болсо жооп жок. Премьер мырза жок дегенде “иш чараны уюштурганга шартыбыз болбой калды”- деп түшүндүрүп айтып койсо мен түшүнөт элем го. Кыскасы биз акын-жазуучу, интеллигенттер бир нерсе дегенибиз менен биздин оюбузду бийликтегилер тыңшабайт. Ошондуктан, мен аларга эч нерсе дегим келбейт. Негизгиси адабият, маданиятты өнүктүрүү үчүн идеология керек. Ал үчүн Жогорку Кеңеште отурган ар бир партия өздөрүнүн идеологиясын иштеп чыкса жакшы болоор эле. Бирок, тилекке каршы, депутаттардын арасында деле идеология эмне экенин түшүнгөндөр аз.

Чыгармачыл адам катары адабият тууралуу да айта кетсеңиз?
Адабият союз убагында идеологиялык курал катары эсептелип, катуу өнүккөн. Азыр ким эмне жазып жатат, кайсыл жазуучунун кандай чыгармасы бар, эч кимдин иши жок. Жазуучу десе эле Айтматовду эскеришет. Чындыгында Айтматовдун чыгармачылыгында айып жок. Ал киши кылымда бир жаралган инсан болчу. Бирок Айтматовдон башка деле кыргызда толгон токой жазуучулар болгон да. Аларды эмнеге эскеришпейт. Жазында Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси болуп, ошондо Билим берүү министри Канат Садыков катышкан кеңешме өткөрүлдү. Ошондо мен министрге айттым. Маараке дегенди эки жыл калганда эле даярданып, Т. Сыдыкбековдун ким болгонун мектеп программасына киргизип, окуучуларга сабак катары өтсөңөр болмок деп. Мисалы казактарда, ошентишет. А биздики болсо антпей эле, Түгөлбайдын ким экенин билбей, анын чыгармаларын окубай туруп мааракесин белгилеп жатышат. Ошондуктан маараке дагы өз деңгээлинде өтпөй калып жатат. Кыскасы баардыгы билимдин жетишсиздигинен, интеллектуалдык деңгээлдин төмөндүгүнөн болууда.

Учурда жазуучулардын майдаланып кеткенин байкоого болот. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
Жазуучулардын майдаланып кеткени биринчиден заманга, экинчиден таланттын өлчөмүнө жараша болот. Келечекте көлөмдүү чыгарма жазган чоң жазуучу чыкпай койбойт, чыгат, буюрса ага эч кейибешибиз керек. Эң башкысы элибиздин пейли оңолуп, коомубуз тазаланышы зарыл. Ошондо баардыгы жайына келет.

Бакиевдин убагында, жазуучулар союзун жетектеп турганыңызда мамлекеттен бөлүнгөн каражатты жеп койду деп айрым жазуучулар сизди айыптап чыгышты эле, ал тургай алар менен соттошконуңуз да белгилүү. Учурда сот иши аягына чыкты беле?
Мен кароосуз калган жазуучулар союзун жандандырып, эмерек алып берип, атайын “жазуучулар үйү” деген кеңсе ачтырдым. Ал үчүн айрымдар мени Бакиевдин досу деп жаман көрүп жүрүштү. “Жылуу сүйлөсө, жылан ийининен чыгат” дегендей, Бакиев мага жылуу сөзүм үчүн 2 миллион сом берген. Бакиевге мен “эгер адабият жоголсо, анда мамлекеттин келечеги болбойт, уят болосуң, элдин каргышына каласың” деп айткам. Ошондон кийин Бакиев ойлонуп аталган каражатты берип, андан тышкары Ак үйдүн складында каралбай жаткан илгерки союз убагынан калган эмеректерди сурасам, аларды да кошуп берген. Эмеректерди өзүм кошо ташышып, жазуучулар союзуна алып келгенбиз. Кийин ошол эмеректерди алып алуу максатында айрым жазуучулар мага каршы чыгышты. Болгон шылтоолору жазуучулар арасында “пленум уюштурбайсың” дешет. Пленум уюштургандай өздөрүнүн бир чыгармасы жок. Ошого карабай, “Жаңы Ала-Тоо” деген журнал, дагы бир адабий гезит чыгарууга аракет кылып жаттым. Аталган журналды ошондо каттоодон өткөрүп койдум эле, азыр “Турар” басмаканасынын жетекчиси ай сайын чыгарып жатат. Ошентип мени жөнү жок күнөөлөгөндөрдүн баардыгын сотко берип, соттон мен утуп чыктым. Сот болсо тигилерди менден кечирим сурагыла деген, бирок тигилер менден кечирим сурашкан жок. Баардыгын тең күчүк кезинде оозуна нан салып өстүрдүм эле, дөбөт болгондо кайра мени каап, каршы чыгышты. Азыр жазуучулар союзунун мамлекетке болгон карызы бир миллион сомго жакындап калды окшойт, ошондуктан, өздөрү араң жүргөндө аларга теңелгим деле келбейт.

Жалпысынан канча чыгарманын авторусуз?
Отузга жакын китебим бар. Учурда көпчүлүк чыгармаларым башка тилдерге которулуп жатат. Ошондой эле “Турар” басмаканасы менен сүйлөшүп, 7 томдук китеп чыгартып жатам. Жакында эле биринчи тому басылып бүттү.

Акыркы суроо, үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?
Эки кызым бар. Улуу кызым турмушта. Кичүү кызым КРСУ университетин аяктап, азыр кандидаттык диссертациясын жактоо алдында турат. Менин жолумду жолдоп чыгармачыл. Англисче чыгармаларды жазып, интернетке жарыялоодо. Сөзүмдүн аягында, жазуучуларга берилген наам, үй, машине, маараке тууралуу да сөз кыла кетпесем болбос. Мен Кудайга шүгүр, азыркы жашап жаткан үйүм тээ СССР убагында эле мамлекет тарабынан берилген. Наамдарды болсо баардыгын мамлекет, эл өзү баалап берди. Маараке өткөрүү дегенди эң жаман көрөм. Эки жыл мурун 75 жашка чыгып, мааракемди өткөрүүгө көңүлдөнгөн жокмун. Ага болбой эле жазуучулар, мааракени өткөрүү боюнча Өкмөткө кат жолдошкон экен, бирок Өкмөттөн эч кандай жооп болгон жок. Учурда “айрым мамлекеттик наамдар калыс эмес берилип жатат”- дегенге кошулам. Башкасын айтпасак дагы Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев төрагалык кылган Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык калыссыз берилүүдө. Анткени маркум Зуура Сооронбаевадан “Бексултан Жакиев Токтогул сыйлыгын ушинтип сатат экен” дегенди угуп аябай таң калгам.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.