Малик Осмонов, ЖК депутаты: “Баяман экөөбүз кыргыз күрөшүнүн бактысын ачканбыз”

-Малик ака, Баяман Эркинбаев экөөңүздөр күрөштүн “Алыш” деп аталган түрүн эл аралык аренага алып чыктыңыздар эле. Ошонун тарыхын кыскача айтып берсеңиз?
-Күрөш жалпы Орто Азия элдерине таандык. Россия тарапта кавказдыктар, анан татарлар, Кытайда болсо уйгурлар күрөшөт. 1990-жылдары мурдагы союздук республикалар эгемендүүлүккө ээ болгон соң, ар бири күрөштү спорттун улуттук түрү катары мыйзамдаштырууга аракет кыла баштады. Өзбекстандын Кашка-Дарыя, Сурхан-Дарыя облусттары тарапта тажик күрөшү бар. “Гуштенгри” деп аталат. Муну “бухарача күрөш” деп да коёт. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында орустар атайын Харлампиев деген профессорду жиберип, күрөштүн бул түрүн “самбо” деген ат менен дүйнөлүк аренага чыгарышкан. Анан республика эгемендик алган соң, Өзбекстандын спорт комитетинин төрагасы Камил Юсупов негизги көңүлдү гуштенгриге буруп, Фергана өрөөнүндөгү күрөштү таштап салышты. Көчөттү “бири-бирине жолтоо болбосун, эркин өссүн” деп суюлтасың го? Булар да гуштенгриге эркиндик бериш үчүн ферганача күрөштү түртүп коюшту. Ошондон улам дзюдо боюнча Европа федерациясынын төрагасы Флейта Гентес, өзбекстандык дзюдо боюнча спорт чебери Анвар Кадыров, Анвар Юсуповдун бир тууган агасы мага келишип, ферганача күрөштү Кыргызстан аркылуу дүйнөгө чыгарууну сунуш кылышты. Мен аларды шакиртим Баяман Эркинбаевге ээрчитип бардым. Баяман ал кезде депутат болчу. Ошентип, белбоолуу күрөштүн бактысы өзүнөн-өзү ачыла баштады. Ага ат коюш керек болду. “Күрөш” дейли десек, өзбектер гуштенгрини “кураш” деп каттатып алышкан. Күрөштүн аты перси күрөшүнө кетип калган да. Ошол күндөрү Тогуз-Тородо Токо деген палвандын турнири өтүп, ыраматылык “Тапанча” палван экөөбүз барып калдык. Тогузторолуктар теке шымдарды кийишип, илгерки Кошой дөө менен Жолой дөөдөй алышат экен. Манастан калган кадимки эле теке шым Тогуз-Тородо сакталып калыптыр. Териден аябай ийлеп, ыштап, жумшак кылып жасашат экен. Өңү кыпкызыл. Өтө чоң болгондуктан, ылдыйкы пайча жагы дагы кайыш ычкыр менен байланат. Адамга сүр берип, ким кийсе деле Кошой дөө өңдүү көрүнүп калат экен. “Алыш” деген атты ошол жерден уктум. Анан эстеп көрсөм, “Манаста” да алыш көп айтылат. Мисалы:

Алышса алы жетпеген
Арстандын тиши өтпөгөн,

же

Үч күнү тынбай алышты,
Кошой дөө менен эр Жолой дейт.

Ушуларды мисал кылып айтып берсем, Флейта Гентеске жакты. Ошол жерден бата берип, “Алыш” деген ат коюлду. Ошто биринчи жолу “Алыш” боюнча дүйнөнүн чемпионаты өттү. Чемпионат, албетте, расмий түрдө болгон жок. Бирок каттоодон өттү. Грек-рим күрөшү, бокс сыяктуу олимпиадалык оюндарга киргенден кийин гана статусу жогорулайт экен да. Азырынча күрөштүн ышкыбоздук түрү катары өтүп жүрөт.

-“Алыштын” күрөштүн башка түрлөрүнөн негизги айырмасы эмнеде?
-Белбоодон алып күрөшөт. Колду чыгармай жок. Күрөш өткүр болуп, курч мүнөздө өтүш үчүн чалмайды коштук. Антпесе күрөш узакка созулуп кетет. “Алышты” көп өлкөлөр, өзгөчө Европа жактырып атат. Себеби, “Алыш” адамдын денсоолугуна коркунуч келтирбеген, таза, маданияттуу күрөш. Айталы, бокста адамдын оозу-мурду талкаланып, мээси чайкалышы мүмкүн. Самбодо, дзюдодо колдоруң кокустап, сынып да кетиши ыктымал. Ал эми “Алышта” эч кандай коркунуч болбойт. Ошондуктан баары жактырышып, азыр дүйнөнүн 38 өлкөсүндө “Алыш” федерациялары бар. Ыраматылык Баяман каржылап, аны өнүктүрүүгө катуу киришти эле. Иранда, Түркияда, Беларуссияда, Литвада, Индияда, Кореяда, Россиянын Казань, Москва шаарларында мелдештер өттү. Күрөштүн бул түрүнө Татарстан, Иран айрыкча куштар. Бул эки чоң мамлекет “Алышка” көз кызартышып, “бизге бергиле” деп талашышкан. Бирок, биз Гентестин жардамы менен каттоодон өткөрүп койгондуктан, эч кимиси “кол салып”, өздөрүнө энчилей албай турушат. Кыргыз күрөшүн дүйнөлүк аренага чыгаруу Баяман экөөбүздүн бактыбызга туш келген экен. Бул биздин кыргыз спортуна кошкон чоң салымыбыз болуп калды. Негизи кыргыздын ооматы тартып турган экен да. Болбосо өзбектер чыгарып ийиши толук мүмкүн болчу. Ак жолтой ит же болбосо ат үйгө өзү эле кирип келип калат го? “Алыш” да ошол сыяктуу өзү эле келип калды. Өзбектердин күрөшү самбо менен дзюдону кайталап калган. Дээрлик айырмасы жок. Ал эми биздин белбоолуу күрөш таптакыр бөлөк, дүйнөдө жалгыз (!) десек болот. Ата-бабаларыбыз муну ойлонуп калтырган да. Кыргыздын фольклорунда күрөшсүз бир да чыгарма жок. “Баланчанын ашы” дейби, “Түкүнчөнүн тою” дейби, сөзсүз күрөш болгон.

Торой-торой чал дейсиң,
Токтогулду сал дейсиң.
Торой чалсам болгон жок,
Алдуу балбан койгон жок,
-деп Токтогул жыгылганын моюнга алып атат.
Комуз биздин ата-бабаларыбыздын үнүн, добушун алып келаткан болсо, күрөш аркылуу ата-бабаларыбыздын кыймылы, мекенчилдик деми кылымдардан кылымга уланып келатат.

-Дзюдо боюнча кайсыл жерде мелдеш болбосун, ал япон элине таандык экени сөзсүз айтылат. Анын сыңарындай, чет өлкөлөрдө “Алыш” боюнча мелдеш өткөндө бул күрөш кыргыздардыкы экени эскерилеби?
-Албетте! Германияда өтөбү, Иранда өтөбү, “Күрөш!”, “Токтот!”, “Жеңиш!” – деп командалардын баары кыргызча айтылат. Тилчилер менен отуруп, көп терминдерин дагы толукташыбыз керек.

-Баягында “палвандардын күрөшүү ыкмалары жөнүндө бир китеп жазган атам” дедиңиз эле?..
-Ооба. Мисалы, салмагы жетимиш килого да жетпеген Нурмамат аттуу палван бар эле. Бир ордунда тез айланып, кандай гана палван болбосун жерден үзүп кетет эле. Эми ойлонуп отурсам, куюн тегеренгендин натыйжасында баардык нерсени үзүп кетет экен да. Ошон үчүн анын ыкмасын “Торнадо” деп койдум. “Тапанча” палвандын ыкмасы “Кайтарма”, Кудайберген палвандыкы “Сапырма” деп аталчу. Ушул ыкмалардын баарын бирден чечмелеп, сүрөттөрү менен китеп кылып чыгарсам (!) деген ниетим бар.

Мамат Сабыров, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.