Салижан Жигитовдун сабактары

(Уландысы. Башы)

Анткени айыл-апанын бул партияларга анча кушу жок, анын үстүнө партия дегенге таптакыр ишенбей калган. Мисалы, демкыймылдарга мынабу шаарда Бишкекте анча-мынча акыл-эстүү, билимдүү кишилер кирди, ал эми айыл жеринде ага жалаң кудайдан жөө качкандар, эски арызчылар, аракечтердин баары кирип алып, кадырын кетирип койду, менин байкашымча. Бул жагдай да демократиянын айыл жерине тамырлашына, жайылышына тоскоол болууда.

Солженицындын күйгөнүнчө бар: Россияда деле, бизде деле иш бийлиги эмес, сөз бийлиги үстөмдүк кылып атпайбы. Өзгөчө басма сөздө оюна келип, колуна урунгандын баарын жазып жатат. Президентти го эки күндүн биринде баса калып сындаганга көнүштү, а киши да бышыкулак болуп бүттү, эми баштагыдай таасир деле бербей калды көрүнөт. Бу жагынан жетишкендигибиз бар. Бирөөнү сындаганы, бийликке шек келтирген үчүн кысмакка алынгандар, ыдык жеп, куугунтукталгандар дээрлик жок. Тескерисинче, ушул ыңгайдагы демократтар бизде, Кыргызстанда, кандайдыр бир сыйургалга (льгота) ээ болуп, өзгөчө айырмалуулук абал жетишкендей. Президент алар менен байма-бай сүйлөшүп, кеңешип турат. Президенттен чыга калып эле андай акыл айттым, мындай акыл айттым деп гезитке кыйкырып жазып жатпайбы кээ бирөөлөр.

– Демек, ачык-айкындуулук турмушубуздун бардык тармагына кирген экен да?
-Менимче, бир топ тармактарга кирди, бир гана статистикада ачык-айкындуулук болбой жатат. Мисалы, биз канча өндүрөбүз, канча чыгымдайбыз? Же Жогорку Совет бюджеттен канча алып жатат жана ал каякка жумшалууда? Же болбосо, Президенттик аппарат, же тышкы иштер министрлиги канча алып, каякка жумшап жатат? Же илимди, маданиятты өнүктүрүүгө канча каражат жумшалууда? Ушул сыяктуу көптөгөн маселелер ачык айтылып, жазылып турса, биз чындык менен элди тарбиялаган болор элек. Буларды билбейт да элдин баары. Албетте, мен экономист эмесмин, бирок бир жагынан ойлоп кетем, ушу экономика жаатынан демократия болбой жатабы деп. Мисалы, бирдеме ачам, бирдеме товар өндүрөм десе, айылдагыларга мүмкүнчүлүк берилбей жатабы, ошон үчүн приватташтырууга каршы туруудабы, деген өңдүү ойлор келет.

Ал эми жанагы айыл демократия менен иши жок, тунжурап турууда деген оюңа кошула албайм. Мисалы, шайлоолорду кара. Отбай-чотбайлардан баштап, депутаттарга чейинки шайлоо чаң ызгып өтүп атат го. Албетте, демократия жападан жалгыз жол, биз буга үйрөнүшүбүз керек, өзгөчө шайлоо жолуна, демократиялык шайлоо жолуна көнүшүбүз керек. Эл коркуп атпайбы, айыл-апада уруучулук күчөп кетет, анан баланча, түкүнчө деп. Мейли. Мына азыр деле ар бир облус, район, ар бир колхоз “ургаачы болсо да, өзүбүздөн кочкор салабыз” деп, чоңдорду бүт өз кишилеринен коюп албадыбы. Анан көрүштү: башка жерден келип пара деген менен өз кишилеринин пара жегенинин айырмасы жок экендигин. Тескерисинче, өзүнөн чыккандар мени эмне кылып алат эле деп коркпой-үркпөй көбүрөөк жээрин. Көзү көрүп ишенгенден кийин өздөрү айтып жатат го, башка жерден келип иштегендер дурусурак экен деп. Мисалы, Тоң районунда мурда, жетекчи башка жерден болгон учурда сен, мен деген жок экен. Угушума караганда, азыр кыдык, саяк болуп ыркырашып атыпыр. Мындай мисалдар көп. Демек, эл өзү башынан кечирип, ачуу тажрыйбасынан сынап ишениши керек экен. Мейли, өз уруу, өз жеринен да шайлап көрүшсүн. Азыр көгөрүп шайлабай коюп, он жылдан кийин демократиялык шайлоо өткөрсөң деле ошолор кайталанат да. Ал эми шайлап отурсаң, он жылга чейин элде тажрыйба топтолуп калат. Демек, бул биздин мүдөөбүздү жактайт турбайбы, биздин оюбузду жогор жакка билгизет турбайбы деп, иштей турган кишини шайлап алышат.

Ушул эле ойду шаардык интеллигенцияга карата да айтсак болот. Кыргыздын кийинки балдары, өзгөчө базар көргөн балдары өтүгүн майрык басып алса деле орустан көрүп келбедиби. Мына эми орустар кетип атат, жүз орустун беши кетпей калса эле кыйкырып жатышпайбы: эмне үчүн кетпейт деп. Кетип атат, алдуу-күчтүүлөрүнүн акыры ашып кетсе отуз жылда кетип тынат.

Мына эми республикага миңге жакын кытай келип калыптыр. Интеллигенция эми “кытайлап” чуу чыгарып жатат: кытай жаман, кытай коркунучтуу болсо эмне кылабыз, коңшу экенбиз, аралаш жашабаска арга жок экен. Ал эл менен да эсептешиш керек да. Мен эми олуядай эле айтайын, бизде орустар калбай калганда же өтө эле аз калганда, Россия Кыргызстанга кызыкпай калат, көңүл бурбай калат. Себеби биз Россиядан алыс турабыз. Мисалы, Казакстанга караганда. Демек, оруска каршы маанай үчүн. Орустан корко турган бизде эч кандай негиз жок. Назарбаев айтпадыбы, кичинекей мамлекеттер кайсы бир чоң мамлекет менен ымала түзүп, этегин кармабаска аргасыз деп. Биз да ошондой чоң мамлекеттер менен курчалып турабыз да. Быяктан Казакстан, тыяктан Өзбекстан дегендей. Бирок баарынан чоңу, баарынан зору – Кытай. Түркия да алыс. Тең-теңи менен деп, Израиль менен, же ошол эле Бурунди менен соода-сатык жасап, мамиле кылып турсак жакшы болмок. Бирок алар алыс, Америка да, Россия да алыс. Буга чейинки Россиянын саясаты бар эле: согуш убагында өнөр жайды стабилдүү кармаш үчүн чачыратып ийиш керек деген. Ошол бизге да чачыратам деп, куруп бербедиби.

Эми курулушун жумушчулары менен кошо алып кетти. Америка бизге куруп берсе жакшы эле болмок, канткен менен алар жергиликтүү калктын күчүнө таянмак да. Бирок алар бизге келип береби? Келсе, демократиялык сагызгандан сактыгыбыздан качырып жибербейбизби? Даярдыгыбыз жок, бизде бюрократия күчтүү, анан алдап кетеби деп коркобуз, сактанабыз ж.б. Мисалы, СИАБЕКОдон кийин эч нерсеге кол коюлбай калбадыбы. “Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” болуп атпайбы. Биз коркпошубуз керек, алдаса алдасын, бизди ким алдабай жүрдү эле, бизге ачуу да болсо, тажрыйба керек. Мүмкүн, бир отуз жылдан кийин орусту эстээрбиз, салыштырып көрөрбүз. Мына, социализм кулаганда баары эле сүйүнгөнсүп жаткан, азыр социализм эле жакшы экен деп жатышпайбы. Айыл-апага бара калсам, “социализмди эмне кулаттыңар!” деп желкелеген эле киши, кудум мен кулатып салгансып. Башка түшкөндө, тажрыйба топтогондо таразалап жатышат да…

Отуз жылдан кийин же англис, же кытай, же түрк тилин билбей, орус тилинен да айрылып, жалаң кыргыз тили менен калып, окуган гезитибиз “Кыргыз Туусу” менен “Кыргыз маданияты” болуп, кыргыз жазуучуларынан башка дүйнөдө китеп чыгарган киши бар экенин билбей, шорубуз катабы? Кеп ошондо. Ошон үчүн дүйнөгө ачык болушубуз керек.

(Уландысы бар)

«Эркин-Тоо», 23.10.2012-ж. 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.