Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов

Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, кара сөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды.

Ал 1941-жылдын 23-декабрында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү бир жагында тоо, бир жагында көл турган Бостери айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. «Казат» деген аттын берилиши да бекер эместир, «Манаста» жалпы дастандын туу чоку эпизоду «Чоң казат» деген бөлүм бар. Демек, «казат» деген маани душманга каршы урушка, жоо менен согушка чыгуу, майданга аттануу. Жаңы туулган балага мындай аттын ыйгарылышы казаттын башталышы менен байланыштырылат. Өз атасы Турсунаалы, өгөй атасы Акмат жоого аттанып, жаш баланы Бурулкан эжеси багат. Согуш жана анын азабы баланы эрте жетилдиргени, жаш жүрөгү оор күндөрдүн илдетин өзүнө алганы айтпаса да түшүнүктүүдүр.

Азыр дале Бостери менен Чолпон-Атанын ортосунда асыл тукум жылкыларды асыроочу айтылуу №54 жылкы зооту бар эмеспи, ал совет учурунда Кыргыз ССРиндеги эң таанымал чарба болгон, анын күлүктөрү эл аралык далай жарыштарда байгелүү орундарга жетишкен. Онунчуну жаңы бүткөн жаш жигит 1958-жылы ошол чарбага жумушчу болуп кирет да, эл турмушуна аң сезимдүү түрдө аралаша баштайт. Дээринде лидерлик сапаттарга ээ, демилгелүү жана сүйлөй билген жигит тез эле жетекчилердин баамына түшүп, 1964-жылдан Ысык-Көл райондук комсомолдун нускоочусу кызматына алынып, арада эки жыл Москвада Жогорку комсомолдук мектепте, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө билим алат, 1967-жылы райондун комсомол комитетине жетекчиликке шайланат. Ал кезде комсомолдун күчү – күч, коммунисттик партиянын оң колу, ошол эле кезде турмушту таануунун абдан үзүрлүү мектеби болгон. Казат Акматов ошол мектептин – комсомолдун мектебинин казанына кайнайт, казанда кайнап гана калбай болочок чыгармалары үчүн тема, идея, образдарды, мүнөздөрдү табат.

1970-1972-жылдарда советтик идеология аябай күчтүү кезде аскерге чакырылып, офицер катары армиялык газетада кабарчылык кесипте да иштейт, бул болсо жазуу маданиятын үйрөтөт, аңгеме-повесттерди жазуу менен чыгармачылыкка такшалат. Ал адабиятка үйрөнчүк катары эмес, такшалган калемгер катары киргени да ошондон. Ошол кездеги партиянын идеологиялык саясатын да жүргүзгөн, жазуучулардын чыгармаларын да баскан «Кыргызстан» деген басмага аскердик кызматын өтөп келген жигиттин адегенде ага редактор, андан соң башкы редактордун орун басары катары кабыл алынышы да анын комсомолдук мектептен өткөндүгүнүн үзүрүнөн болуу керек.

1974-жылы али эч кимге белгисиз Акматовдун «Боз улан» деген ат менен алгачкы китеби жарык көрөт. Жаш адамдын калыптанышы, анын коомдогу оош-кыйышы, жеңиш-жеңилиштери тууралуу китептин атын алган чакан повестти окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынат. Өзү Жазуучулар союзуна мүчөлүккө өтөт.

Ошол биринчи жыйнагы чыккан жылы ал Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине иштөөгө чакырылып, адегенде нускоочу, кийин сектор башчы, андан соң бөлүм башчы болуп 1983-жылга чейин эмгектенет. Анын кызматы идеологиялык саясат, маданият, басма тармагы менен байланышкандыктан өзүн чыгармачылыктан өтө эле оолактатып жибербеди. Албетте колу-жолун, оюн партиялык иш бир топ бууду, жазуу үстөлүнө дайым эле отура албады. Бирок дал ушул мезгилде ал жазуучу катары журтуна гана эмес, жалпы союздук окурмандарга да жакшы таанылды.

Романтика менен лиризмдин назик айкашынан жазылган «Эки сап өмүр» повестинин 1978-жылы «Ала-Тоо» журналында кыргызча, анан Москвада орусча чыгышы, анан ошол учурдагы жалпы совет өлкөсүндө гана эмес, дүйнөдөгү адабий чыгармаларды орус тилинде баскан өтө көп нускалуу «Роман-газетага» жарыяланышы жана анын Н.Островский атындагы бүткүл союздук сыйлыкка татыктуу болушу кыргыз адабиятына Ч.Айтматовдун артынан дагы бир таланттуу прозаиктин келгендигин тастыктады.

Жазуучунун «Ыйык журт» китеби (1978) жана «Мезгил» (1979) романы кыргыз совет адабиятынын аябай гүлдөө дооруна, мамлекет китептерди чыгарып, элге жеткирүүгө кам көргөн доорго туш келди.

«Мезгил» – татаал мезгилди, кыргыз жериндеги жеке менчикти талкалап, анын ордуна жамаатташкан чарбаларды куруу мезгилин чагылдырган роман-символ болуу менен жазуучу анда коркпой-үркпөй турмуш чындыгын башкаларга салыштырмалуу бир кыйла реалдуу чагылдырууга аракет кылган. Мындагы эң башкы нерсе – жаңы менен эски көз караштын, идеялардын кагылышы көркөм образдардын күчү менен терең ачылгандыгында. «Мезгил» романы Кыргызстан Компартиясынын ХII (1983) пленумунда идеялык жактан биздин коомго жат, профессионалдык жактан начар жазылган, автордун таптык позициясы туура эмес, эл достугуна шек келтирген чыгарма деп бааланып, партиялык газетада катуу сынга кабылат. Мындай сын угуунун себеби – 20-кылымдын 30-жылдарындагы окуяларды сүрөттөп жатып ретоспекцияларды орустардын оторчулук саясатынын, 16-жылдагы Үркүн окуясынын чыныгы жүзүн ачып бергендигинде эле. Колхоз куруу, орус айгырларды жергиликтүү жылкылар менен аргындаштыруу жараянынын артында Шатман ажынын ак жеринен абакка айдалышы, «Долоноту» айылынын төрагасы Коенкөзов Табылдынын «эл душманы» аталышы сыяктуу советтик идеология үчүн тымызын коюлган бомбалар бар эле.

К.Акматов 1983-1986-жылдарда Кыргызстан мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору болуп иштейт. Бул мезгилде партиянын жеке диктатурасы, идеологиялык тизгин бир аз бошошуп, адабият көз караштардын ар түрдүүлүгүнө умтулуп калган кез. Москвада перестройка дегени башталып, анын активдүү үгүтчүлөрү журналисттер менен жазуучулар болгон. «Мунабия» (1982), «Күндү айланган жылдар» (1988) деген китептери дал ошол 80-жылдардын рухунда жазылган, биринчи китептин атын алган аңгеме турмушта билинбеген, бааланбаган адамдар, алардын ыйык, ысык мамилелери тууралуу реалисттик баяндоо, адам алакаларынын драматизми жөнүндө болсо, «Күндү айланган жылдар» романы советтик доордун идеологиясын сынга алган, коом жана адам тууралуу философиялык, гуманисттик багытта ой жүгүрткөн ой толгоо катары жазылган. Алгачкы кыргыз зыялыларынын типтештирилген бейнелери чыгылдырылган бул көркөм туунду инсандын коом алдында сындырылышы, саткынчылык, кара өзгөйлүк ж.б. мамилелерди доор менен бирге карап, ушул көрүнүштөрдү каармандар аркылуу көркөм элекке салат.

Жаңы доордун келип, эски партократиянын кыйрашы анын «Ажырашуу түнү» деген пьесанын негизги темасын түзүп, ал чыгарманын негизинде коюлган спектакль коомчулукта чоң резонанс туурдурган.

1986-жылы «Мезгил» романын негизинде «Жаралуу үчүн жан берүү» аттуу фильмдин сценарийин жазып, режиссер Ж.Сооданбек тарабынан дурус кино тартылган.

Чыңгыз Айтматов 1986-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага болуп келгенде Казат Акматовду өзүнө ишке чакырды. Жазуучулар союзу ал кезде жалпы кыргыз коомунда зор күчкө айланды, эгемендүүлүктү түптөөдө, улуттук символикаларды кабыл алууда, Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) уюштурууда, парламент курамын түзүүдө булар чечүүчү мааниге ээ болгон. Алардын башында, албетте, Казат Акматов турган. Ал 1990-жылдан Жогорку кеңештин депутаты, 1998-2003-жылдарда Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комисиянын төрагасынын орун басары жаңы өлкөнүн улуттук идеологиясын негиздөөдө, кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатууда атуулдук демилгесин, мекенчилдик кайратын көрсөтө алды.

Казат Акматов – жазуучу гана эмес, ал улутуна күйгөн мекенчил уул катары дал ушул бурулуш жылдарда авансценага чыкты. Анын жыйынтыгы менен жазылган «Миң бир күн» (1998) китеби – тарыхый-биографиялык, мемуардык-публицистикалык баян болуп, анда жаңы кыргыз тарыхы документалдык, фактылар материалдардын негизинде көркөм адабияттын мыйзамдарына ылайык жазылгандыгын байкоого болот.

Мурда прозаик, киносценарист, драматург катары белгилүү болуп келген К.Акматов 2003-2004-жылдары өзүн тамсилчи катары көрсөтүп, балдар үчүн үч китептен турган кыргыз жана орус тилдериндеги тексттер катар берилген «Жаңы тамсилдер, же притчи нового века» аттуу жыйнактарын окурмандарга тартуулады. Ал китептердин алгылыктуу жагы баягы биз көнгөн тамсилдердеги аллегориялык каармандар эми башка доордо, башка жүз менен көрүнөт, алар эми колхоздун кой фермасы, башкармасы эмес, азыр алар митинг-пикетке чыккан демократтар, базарда акча аңдыган рэкеттер, кичи ишкана ээлери, бюллетень санашкан шайлоочулар, коомдорду жана партияларды түзгүчтөр, салыкчылар ж.б. Ошол адамдар тиби, жаңы доордогу жаңы мамилелер автор тарабынан тамсилдин жанрдык сыйымдуулугуна сыйдырылат.

Жазуучунун кийинки чыгармачылык бийиктиги «Архат» романы. 2005-2007-жылдарда үч бөлүк болуп чыккан бул романдын жаңылыгы жана кабыл алууга кыйындыгы – окуянын бир кыйла бөлүгүнүн Тибетте, кечилканада өтүшү эле. «Дүйнөдөгү улуу күчтөрдүн эң улуусу – адамдын ой жүгүртүүсү. Ал эми эң учкулу – кыял. Ушул экөөнү бел кылып алып чыгармамды жаздым» деп автор белгилегендей мында көркөм токуш жана көзү ачыктык, кара сыйкыр, ак сыйкыр, гипноз, левитация, кайып дүйнө, бакшылык, ламанизм, буддизм сыяктуу көркөм-философиялык окуулардын идеялары бекем синтездештирилген. Анда автор адамдарды цивилизация алып келген өзүмчүлдүккө каршы күрөшкө чакыруу үчүн адабияттын фантасмагориялык мүмкүнчүлүгүн тандап алат. Бул чыгарма «мазмуну боюнча, темасы боюнча жана сүрөттө манерасы боюнча кыргыз романистикасындагы мурда болбогон жаңы көрүнүш, жаңы окуя…» (К.Асаналиев), «…адамжандын дилинде терең жашынып жаткан «Мен» деген көп залалдуу Эгосезимдин чыгармадагы негизги лейтмотив катары атайын изилдениши – бул чынында эле адабияттагы жаңылык, мурда боло элек көрүнүш…» (Ч.Айтматов), «автордун көп пландуу, көп аспектүү, бүткүл дүйнөлүк проблемалар жана адамдын Эго табияты жөнүндөгү эстетикалык-философиялык терең талдоосу…» (А.Эркебаев) экендиги белгиленди. Романга Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды, көптөгөн тилдерге которулду. Романдын сюжети кыргыз жериндеги Адилет деген жоош баланын кунарсыз күндөрүн сүрөттөө менен башталат. Ал бала көрсө Тибетте мындан миң жыл мурда жашап өткөн атактуу архат-олуя Миларепанын кайра жаралышы, жарыкчылыкка кайрылып келиши экен. Үчүнчү көздүн ачылышына чейинки татаал жол, жашоо, өмүр-өлүм, адамзаттын өткөнү-келечеги тууралуу философиялык ой калчоолор романдын көркөм структурасына сиңирилип, жазуучу кыргыз адабиятына жаңы романдын үлгүсүн бере алган.

«Архаттан» соң жазуучу «Эрика Клаустун он үчүнчү кадамы», «Шахидка» деген чыгармаларын жазды. Булар болсо жазуучунун чыгармачылык тематикасынын, поэтикасынын кенендигин, сүрөткер катары ачыла элек мүмкүнчүлүктөрү дагы да көп экендигин көрсөттү.

Абдыкерим Муратов, “ZAMAN Кыргызстан” гезити, 19.11.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.