Канткенде адам уулу адам болот? же олуя Калыгулдун ЖЕТИ ОСУЯТЫ

k_bai_uuluКалыгул Бай уулу (1785-1855) – кыргыздын улуу ойчулдарынын бири. Ал учурунда болочок болоор заманды болжоп, алдын ала айткан көрөгөч касиетинен улам эл ичинде “олуя Калыгул”, “акылман Калаке” аталган жана атак-даңкы канатташ түрк калктарынын арасына чейин тараган.

Ал ырларын башка төкмө ырчылардай обонго салып, комуз менен коштоп ырдабаган. Чыгармаларын көбүнчө чечен сөз түрүндө макалдатып, санат-насыят катарында айткан. Тоталитардык идеологиянын үстөмдүгүнүн тушунда Калыгул айтылуу “Замана адабиятынын” өкүлү катары саясий жактан кодуланып, чыгармаларын үйрөнүүгө тыюу салынып келгендиги белгилүү. Ушундай жагдайдын айынан даанышман инсандын философиялык-этикалык мазмунга карк көркөм мурастары кийинки муундар арасында белгисиз болуп, окумуштуулар тарабынан изилденбей, “кара сандыкка” катылып келди жана кийин эгемендүүлүк жылдарында гана анын мурастарын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк ачылды.

Бизге жеткен тарыхый кабарлар Калыгул чечендин оозунан нуска кеп, накыл сөздөр, санат-насыят таруудай чубуруп, кумдай куюлуп тургандыгын маалымдайт. Мунун чындыгын Калыгулдун “айткан сөзүм түгөнбөйт, Ысык-Көлдүн көлүндөй, барган сайын дүркүрөйт” деген өзүнүн сөзү да ырастап турат. Даанышман өзүнүн акыл-насааттарынын, осуяттарынын эл журтка зарыл экендигин, ал насааттардын эл ичинде жатталып айтылып, өмүрү узак болорун, бир кезекте Калыгулдун сөзү деп тукумдар эстешээрин (“Ошо кезек бир кезде, айткан кебим иштешер, ошондо мени эстешээр”) да, алдын ала айтып өткөн. Терең баамдап карасак, Калыгулдун сөздөрү бүгүн биздин адеп-ахлагыбыз үчүн жол көрсөтүп күйүп турган чырак сыяктуу. Осуяттардын жамаат үчүн маанисин Калыгул өзү да минтип таамай айтып кеткен: “Акыл-макал экөө бирдей келер, ал экөөнүн айтканы күндөй тиер”. Эмесе, ошол пенделер жолуна жарык чачкан осуяттарга көңүл оодаралы.

БИРИНЧИ ОСУЯТ:
Жамандыкты жеңүүнүн жолу

Мораль жаатынан алып караганда, Борбордук Азиялык социумдун, анын ичинде кыргыз этносунун менталитетинде да илгертен бери бири-бирине жанаша, барабар келе жаткан эки көрүнүш бар.

Биринчиси – келип чыккан турмуштук кырдаалдарда алдыга туруп калган маселелерди авторитардык өкүмдүк менен, күч колдонуп, “ормон опуза”, зордук менен чечүү, жамандыктын (зло) каршылыгына жана баскындыгына “канга – кан”, “жамандыкка – жамандык”, “кылычка – кылыч” деген өңдүү принцип менен жооп берүү, күчтүн диктатурасына таянуу.

Экинчиси – маселени, проблемалуу түйүндөрдү тынчтык каражаттар, сабырдуу, чыдамкай мүнөз, сылык амалдар менен чечүүгө, жамандык дегенге “таш менен урганды аш менен ур”, “жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок”, “кемчилик сенден – кечирмек менден”, “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” дегендей гумандуу айкөл мамиле-эрежени колдонуу аркылуу утушка жетишүүгө умтулуу. Бул арканды узун таштап алысты ойлогон гумандуу менталитетке эгедер адамдар жамандыкты жамандык менен, жек көрүүнү жек көрүү менен жоө албайсың, “Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат”, “Сөөмөй менен түртсөң, муштум менен жооп аласың”, “Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңет” деген сыяктуу ишенимге бекиген. Калыгул Бай уулу элдин гуманисттик рух маданиятындагы ушул салттын уңгусун уланткан инсан болгон. Акылман инсан катары Калыгул киши баласынын жаратылышы зилинде мээримге муктаж экендигин, мээрим төгүп мамиле жасагандан улам анын ичиндеги муз эрип, ич дүйнөсү жумшарып, көңүлүнө жаз келип, жүрөгү жибий баштарын, а түгүл адам эмес, жыланды да ташка албастан сылык-сыпаа мамиле жасап, ак чачса, чакпай акырын жылып жолуна түшөрүн, турмушта кылыч кармаган катаалдыкка, орой өкүмдүккө, төбөгө камчы ойноткон залимдикке караганда, колунда “куралы жок” жанагындай рух жоомарттыгы алда канча артык экендигин терең туюнган. Калыгул мына ушундай гуманисттик ынанымын, көз караштык дөөлөтүн Ормон хандын алдында төмөндөгүдөй деп жарыялап турат:
Орой айтсаң адамга жукпайт,
Орой сөздү киши укпайт,
Сылык-сыпаа сөз жетет,
Ал мээге эмес, жүлүнгө кетет.
Түшүндүрүп жай айтсаң,
Уялып, ыраазы болуп кетет.

Түшүнгөн адамга бул жерде ийкемдүү гуманисттик курал менен таасир кылып, кишини ич жактан оң жака козголтуунун бүтүндөй бир программасы берилген. Акындын ишениминде оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет.

Акын-философ Ормон ханга дагы мындай деп кеңешин берет: “Көп казакка аттанба, казактын малын аласың, как талаада каласың”. Бул накылдын ичинде бирөөгө ак жеринен тийишип, азапка калтырсаң, анын кезеги айланып кайра өзүңө келет, кыянаттык кыянаттыкты жаратат, казактын малын алып туйтунсаң, анын ичинде кек калат, мунун айынан араздашуу, душмандашуу көбөйөт, зордуктун түбү – кордук деген акыл кенчи уютулган. “Көп кыйнаба кулуңду, угуп жүргүн мунумду, кезек келип калбасын, кегин кокус албасын. Күркүрөгөн Каранар, күчү пилге барабар, кара чымын таласа, талаага баспай тартынаар” – дейт Калыгул, Ормон ханга айткан дагы бир насаатында. Даанышмандын ишарасынан туюлуп тургандай, пендеге күч менен ыдык көрсөтүп кыйноо, коркутуп сесин алуу жолу менен аны тарбиялап оң жолго сала албайсың, кайра анын каршылыгын күчөтөсүң, күркүрөп күчкө таянган “Каранардын” зордугу жамандыкты кара чымындай көбөйтөөр. “Каранардын” өзү кайра “кара чымындын” – жамандыктын талоонунда калаар. Мына ушундай ишениминен улам Калыгул тарыхта белгилүү Ормон хандын өлүмүнөн улам келип чыккан кыргыздын эки ири уруусунун ортосундагы жаңжалды тынчтык жол менен, жарашуунун, жакшылыктын жолу менен чечүүнү сунуштап, көп аракет кылган. Бирок тилекке каршы кара күчтүн “канга – кан” деген эрежеден кайтпай туруп алганы жамандыкты, азап-тозокту Калыгул айткандай, кара чымындай көбөйткөнү бизге белгилүү го. “Жакшы болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн, таза болсоң суудай бол, жаманды жууп кетирген”- Калыгулдун бул сөздөрү жогорудагыдай айкөл этиканын жашашы үчүн жердей чыдамкай, ноюбас калбаат, көтөрүмдүү, жаман ниеттерди суудай таза пейил менен агарткан асыл касиеттин зарылдыгын каңкуулайт. Жамандыкка кечиримдүүлүк алсыздыктын белгиси эмес, тескерисинче, рух кубаттулугунун жана акыл-эс саламатчылыгынын айгинеси.

Жыйынтыктап айтканда, бирөөнү таш менен урсаң, өзүң кайра ташка алынып, “как талаада каласың”, таш менен урганды аш менен ур, кан канды, кек кекти жаратат, жакшылыкка жетүү үчүн адамдын куралы – жүлүнгө жеткен жылуу сөз, сылык-сыпаа аяр мамиле, мээрим, кечиримдүүлүк, айкөлдүк, ынтымак болуш керек деген Калыгулдун этикалык гуманисттик даанышмандыгы дүйнөлүк улуу ойчулдар Лев Толстой менен Махатма Гандинин жамандыкты жакшылык менен жеңүү, жамандыкка күч менен каршылык көрсөтпөө (“Непротивление злу насилием”) жөнүндөгү айтылуу моралдык философиясы менен түздөн-түз үндөшүп турат. Бүгүнкү күндө жер бетине үгүттөлүп жаткан “зордуксуздук философиясын” (философия ненасилия), “зордук-зомбулуксуз дүйнөнү түзүү” аттуу глобалдык тынчтык кыймылын эске алсак, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги нравалык философия биздин жергиликтүү улуттук кыртышыбызда да узактан бери жашап келаткандыгы сыймыктуу.

ЭКИНЧИ ОСУЯТ:
Канткенде адам уулу адам болот?

Чыңгыз Айтматовдун “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасында Сабыр акын “Канткенде адам уулу адам болот?” деген чоң суроону алдыга коюп, ушул талаш суроонун эзелтен бери карай чечилбей келе жатканына кабатыр болуп, башын катырат. Бу маселе боюнча учурунда Калыгул да акыл тегеретип, олуттуу ойлонгон экен. Дааанышман кеңеш кылат: Адам боло турган адам биринчи иретте, бала кезинен жамандан адашып, (“Жаман менен дос болбо, жаман менен дос болсо, акыры келип доо болоор, айыл конбо анткорго, жолдош болбо айгакка, мүдүрүлтөт тайгакка”), жакшыга жанашып, анын таалимин алып (“Жакшы менен дос болсоң, өлгөнчөктү сыйлашат, уста менен дос болсоң, нар кескенин алаарсың, акылы бар боз бала, акылдууга дос бала, жакшы менен жанашсаң, жакшылыкты табасың”), элдик адеп-ахлактын мыкты өрнөктөрүн үйрөнүп, нуска сөзгө, насыят-накыл кепке кулак төшөшү керек. (“Жакшы азамат белгиси, азыраак сүйлөп көп тыңшайт”, “Акыл-макал экөө бирдей келер, ал экөөнүн айтканы күндөй тиер, билген адам ошону байым кылаар, көкүрөккө ойлонуп дайын кылар”). Боз бала ушундай жол менен акырындап жүрүп отуруп адам болот.

Жакшы адеп жол-жоболорун үйрөнүүдөн башка да, киши болуп жетилиш үчүн эң негизги нерсе, эмгекчилдик сапатка эгедер болуш шарт. Акындын ишениминде эмгекчилдик – адеп-ахлактуулуктун өзөктүү көрсөткүчү. Калыгул, азамат мойнун жок кесет, жокчулук, жакырчылык басынтат, кор кылат, ошондуктан бардар турмушка умтулуш керек, андай турмушка ак эмгегиң, мээнетиң менен гана жетесиң, кичинекейиңден түйшүкчүл болуп, өз бактыңды, өз тагдырыңды өзүң жасоого тийишсиң деген ой-идеяны билгизет. (“Дүнүйөнүн барысы, эмгек кылсаң табылат, абийириңиз жабылат, акылы бар жаш балдар, как ошого камынат”). Эмгек бардыгына падыша. Ал сени акыры жүрүп, алтын аяктан суу ичирет.
Калыгулдун ою боюнча, өзүнүн инсан катары калыптанышында, өз бактысын өзү табууда адамдын өзүнүн жекече активдүүлүгүнө чоң роль таандык. (“Бактылууну карасаң, муз үстүнө от жагат” “Көңүл кылсаң ар ишке, көктөгүнү аласың”).

Дегеле бу дүйнөгө бир берилген өмүрдү татыктуу өткөрүү, мазмундуу пайдалануу үчүн ар кимибиз философ болушубуз керек окшойт. Өмүр-жашоого философиялык мамиле зарыл. Жанагы “Канткенде адам уулу адам болот” деген соболго Калыгул дагы мындай деп жооп берет:
Жакшы чыккан азамат
Элин билет,
Элин билген ал адам
Билим билет,
Окуп, карап, ойлонуп,
Илим билет.
Эчен түрдүү адамдын
Тилин билет.
Чыгып турган ал адам
Чынар болот,
Чымчык сайрап, чынарга
Булбул конот,
Түбү жоон тамгалуу
Терек болот,
Көлөкөсү көп жанга
Керек болот.
Андай адам табылбай
Кайда болот.
Ошол чыкса дүйнөгө
Пайда болот,
Тийип турган асманда
Күндөй болот,
Макулуктун баарына
Бирдей болот.
Ошол адам ойлосоң
Кимден чыгат,
Ушул турган калайык
Элден чыгат.

Калыгул бул маселинде желдей желип, кербен сыяктуу өтүп кете турган өмүрдү эмнеге пайдаланыш керек экендигин жана адам болуп жашоонун мазмуну кандай болууга тийиштигин ачык-айкын көрсөтүп өткөн. Бул саптардан эл ичинен чыгып, демек элдик рухту бойго сиңирип, айлана-тегерекке чынар теректей көлөкө болуп, илим-билим, калыс адеп-ахлак менен адамдарга күндөй чачырап тийип… жакшылык кылып жашаганда жеке өмүрдүн маңыз-мазмуну ого бетер тереңдейт жана кеңейет деген идея тартууланып отурат. Калыгулдун логикасы боюнча адам жеке көртирлигинин алкагы менен гана чектелбестен, өзүмчүл болбостон (“Жеке тамчы сел болбойт, жалгыз аттан чаң чыкпайт”), баарынан мурда өз эл-журтунун атуулу, коомдун активдүү жараны катары жашашы керек (“Тар жерде тайгак кечүүдө, эрендердин күчү артык, көңүлү тынаар көпчүлүк, көзгө толоор эр чыкса”). Өздүк кызыкчылыктарын өзгөнүн кызыкчылыктары, жеке таламдарын жамааттын мүдөөсү, талап-муктаждыктары менен жуурулуштуруп күн кечиргенде, инсанды толук кандуу адам болуп, маңыздуу өмүр сүрдү деп санашка болот. Эч кимге пайдасы жок, элден обочолонуп жашаган пенденин эл ичинде баа баркы болбойт. Калыгул минтип санаттайт:
Тууру кутсуз шумкардан,
Кайырдуу болгон күнүндө,
Турумтай аттуу куш артык.

Калыгулдун этикасында майда маселе жок. Айта кете турган нерсе, акын өз ара мамилелерде кылдат болуп, башкалардын таламдарын дайыма эске алып, камкор, күйүмдүү, кайрымдуу болуп, саламды жана карым-катышты үзбөй, адамкерчиликтүү иш менен айланадагылардын көңүлүн гүл кылып турууну адат кылуу мыкты кишилик касиет экенин эсибизге салат. Антпегенде, “Аскар, аскар, аскар тоо, аягы барып чап болоорун, атадан алтоо болсо да, катташпаса жат болоорун” эскертет.

ҮЧҮНЧҮ ОСУЯТ:
Топуктуулук этикасы

Башыңа жетерлик дүнүйө-оокатты тапканың оң, бирок дүнүйөкор болбошуң керек. Анткен менен топуктуулук, барга каниет кылуучулук – Калыгул катуу барктаган кишилик орчун сапаттардын бири. “Обол мурун ден соолугуң болсо, андан кийин ак жоолугуң болсо, андан кийин боз соолугуң болсо, асылуу казаның болсо, салынуу тулгаң турса, үстүңдө үйүң болсо, жардымын десең эссиздик болор” дейт Калыгул. Чынында байлык, дүнүйө деп ашыкча акактап далбастабай, ушундай колдогу бар оокатка сабыр кылып, каниет менен жашоодон өтөөр нерсе барбы?

Калыгул бу жарыкчылыкта жашоо маселесине философиялык акыл менен кеңири чабытта караган. “Санасаң айла таппайсың, ажал менен өлүмгө, тирүүлүктө жүрөбүз, тике басып жаяңдап, тигине ажал билинбей, аңдып турат аяңдап, дүнүйө өтөт желгендей, өтүп кетет кербендей”. Мындай болгон соң дүнүйө-оокатын пенде о дүйнөгө ала кетпейт, баары калат, ошондуктан көрдүнүйө топтойм деп кымбат өмүрүңдү маңыссыз арзан нерселерге коротуунун кереги канча, дейт акылмандын логикасы.

“Майдаланып кетчү жер көп,
Майдаланбай жүрүш эрдик.
Килем деген чүпүрөктүр,
Алтын, күмүш – темир го бир.
Андай жансыз азгырыкка,
Кор болбосуң биздин өмүр!”
, – деп жазган айтылуу акын Аман Токтогулов, бул терең оюн ушул олуя бабасы Калыгулдун насыятынын духунда ырдаган бейм.

Кеп өмүр кечирүүнүн сапатында. Калыгулдун акылы боюнча бийлик, атак-даңк дегендер шарттуу нерсе. Кеп, эң негизгиси рухтун адамы болуп, маңыздуу өмүр кечирүүдө “Көңүлүңдү эргитип, боз балдар көз өткөнчө жан сакта”. Даанышман бул сөзүндө курсакты “гүлдөтүүгө” эмес, көңүлдү, рухту гүлдөтүп жашоого үндөп жатпайбы. Топуктуулук өзүңдү, да өзгөлөрдү да кыйнаган убаракерчиликтен куткара турган асыл адеп-ахлак, деген терең ойду туйгузат көсөм насаатчыбыз. Демек, топуктуулук жөнүндөгү осуят үстүрт ураан эмес, Калыгулдун ары тереңдеги философиялык даанышмандыгынан чыгып жаткандыгын билип коюшубуз кажет.

ТӨРТҮНЧҮ ОСУЯТ:
Үй-бүлө адеп-ахлагы

Калыгул насыяттарында үйдөгү күйөө менен аялдын өз ара мамилесине, үй-бүлө этикасына да көп көңүл бурган. “Алганың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда?” – дейт акын. Насыятчынын логикасынан чыксак, аялдын тышкы өң-келбетинин сулуулугу ички руханий сулуулук, асылкеч сапаттар менен айкалышып турбаса – бул күйөөнүн бактысыздыгы (“Алганың жаман болгон соң, жамбаштан өткөн сыз менен тең”). Тышкы сулуулуктан адеп сулуулугу кымбат. “Жакшы катын белгиси – кызмат кылып эринин, маңдайынан кетпеген, үзүлгөндү улаган, жыгылганды жөлөгөн, айрылганды эптеген, ага мактанып киши жетпеген”. Аял ушундай аруу сапаттары менен үйдүн куту, эринин көркү боло алат: “Алганы жакшы жолукса, азамат көөнү бийиктейт, жакшы болсо катының, табыла берет акылың” – деп Калыгул бекеринен ырдап турган жок. Ошону менен бирге алган жардын да көөнү бийиктеп, үй-бүлөнүн шамчырагы ого бетер жаркырап жанып турушу керек. Сыйга сый, сыр аякка бал дегендей, аялга карата күйөөнүн мамилесинин да агыл-төгүл болушу шарт. “Баккан эри жарашса, кара катын ак болот” деген сөз бар. “Булбул үнүн эшитпей, буралып гүл ачылбайт, күкүк үнүн эшитпей, күн жайланып ачылбайт” – деген Калыгулдун сөзүндө чоң маани жатат. Айтмакчы, Жеңижоктун, Токтогулдун, Тоголок Молдонун чыгармаларында куурай башын сындырып оокат кылбаган, үйүндө балдары ачка ыйлып отурушса, түтүн чыккан үйдөн тамак аңдып, керээли кечке айыл кыдырып жүргөндү адат кылган эркек жөнүндө көп сөз болот. Бул өңдүү күйөө аялдын бактысыздыгына себепкер. Жаман эркекке туш болгон аял жүрө, жүрө каны бузулуп, жанагындай аркырап беттен алган кыялды кантип күтпөсүн. Мына ошондуктан кыргыздын илгертен келаткан этикасында үй-бүлөнүн бактысы үчүн аялдын гана эмес, биринчи иретте, күйөөнүн жоопкерчилигине олуттуу басым коюлуп келген. Кыргыздын кызды эрге узатып жаткандагы “ак учук бердим саптап ал, ак шумкар бердим таптап ал” деген салттык ырында күйөөгө чоң жоопкерчилик жүктөгөн терең маани бугуп жатат. 17-кылымда жашаган Алдаш Белек уулунун “Балалуу аялга камчы көтөргөн эркек акмак, балапанын ээрчиткен казга кушун шилтеген мүнүшкөр акмак” деген бир эле сөзүнөн аялга карата кыргыз рухунун гуманизминен көп нерсени туюп койсок болот. Калыгул да өзүнүн адамкерчилик мазмунга шыкалган санаттарында үй-бүлө үчүн күйөөнүн жооптуулук маселесин көтөргөн. Анын “атын баккан азамат катын багат” деген сөзүнөн эле аялдын бактысы үчүн күйөөнүн жоопкерчилиги жөнүндөгү орчун ойду окуп койсок болот. Чынында эле акын айткандай, булбул үнүн укпаса, гүл кайдан буралып ачылсын. Калыгулдун үй-бүлө этикасы жөнүндөгү оюунун эң бийик чокусу момунда. Ал мындай дейт:
Эки кудай – аялга,
Бир кудайы – кудайы,
Бир кудайы – жубайы.
Аялдын жубайын кудайындай көрүшү күйөөнүн алган жарына болгон сүйүүсүнөн, айкөл мамилесинен жана камкордугунан жаралып чыга турган нерсе. Ал эми эркектин жубайына болгон урматы аялдын берилген махабатынан, жанагындай үзүлгөндү улаган, жыгылганды жөлөгөн ак кызматынын натыйжасы (“Кадырман болгон зайыбың, картайса да кыз менен тең”). Кыскасы, Калыгулдун тереңдеги логикасын ээрчип айтсак, аял үчүн эри кудай болуп, күйөөсү үчүн алган жары кудай болуп, жубайлар бири-бири үчүн ыйык болуп, бири-бирин кудайындай сыйлашканда гана үй-бүлөнүн пайдубалы бекем, түбөлүктүү болмок. Үй-бүлөдө эки жактын тең жоопкерчилиги бийик болууга тийиш. Төмөнкү ыр саптары ушул жерге ылайык келип турат:
Эй жубайлар, үй-бүлөдө эри менен аялы,
Куштун эки канатындай, билсең чындык ушундай.
Жаман жүрүп, жаңылышып, бир канаты аксаса,
Үй-бүлөнүн кушу өксөп, жолдо калар учалбай!
(С.Б.)

БЕШИНЧИ ОСУЯТ:
Ынтымак

Калыгулдун санаттарында ынтымак категориясы жеке инсандар аралык мамилелердин да, үй-бүлөдөгү жана жамааттагы мамилелердин да бейпилдигинин, бекемдигинин, туруктуулугунун ишенимдүү фактору катары өзгөчө басым менен насыятталат. “Келинди мээнет чырмаса, кайненеси кас болот”. Акыл менен тил табыша албаган үй бүлөдөгү ырк бузган жөндөмсүздүккө, аярсыздыкка боору ачый карайт Калыгул. Бейкутчулук, өз ара коюун-колтук алышкан биримдик, ынтымак кайдан жаралып чыгат? Калыгулдун ишениминде ынтымакты жашоо-тирликтин негизинде жаткан айныгыс мыйзам катары түшүнгөн акыл тереңдиги жаратат.

Эл ичиндеги ынтымактын жашап турушуна жогорку бийлик тактысында отурган башчы, ажо данакер болууга тийиш. Эгерде улук адил, калыс, кеменгер болсо, калк анын айланасына баш кошуп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарат. Жок, андай болбой, улук өзү адилетсиз, бузук болсо элдин шору кайнамак, ишенген кожоң сууга акса, алды, алдыңдан тал карма дегендей, журт ичи бузулуп, ынтымак ыдырамак. “Улук адил болбосо, убара болот – эл карып, ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так”, дейт Калыгул. Ынтымактын, биримдиктин кетишин Калыгул эл башына түшкөн жамандык, трагедия катары карайт. “Биринчисин айтайын, бирдиги кеткен эл жаман”, андай элден ашкан бактысыз эч ким жок дейт Калыгул. Бүгүнкү Кыргызстандагы жер-жерлерге, урууга бөлүнүүчүлүктүн опурталдуу кырдаалында олуя Калыгулдун ынтымактын улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендиги тууралуу каңкуулаган осуяты абыдан актуалдуу. “Ыкыбал сүйсөң бу жайдан, ынтымак тиле кудайдан, кудай берсе ынтымак, куусаң да кетпейт ырыс бак” – Калыгул бул насыят аркылуу улутубуздун биримдик, ынтымак аркылуу гүлдөп өнүгүшүнүнүн зарылдыгын саймедиреп туйгузуп турган сыяктуу. Калыгулдун ынтымак философиясынан улам муну айталы. Өзүнүн тар эгоисттик мүдөө-кызыкчылыктары үчүн калк ынтымагына, биримдигине жарака салып, доо кетирүүгө умтулгандарды – улуттун чыккынчылары деп аташыбыз керек. Калыгул өзү да мындай жосунду “Өзүңдөн душман табылса, өзгөгө бардыр не дээриң “-деп катуу айыптаган.

АЛТЫНЧЫ ОСУЯТ:
Өз ара мамилелер адеби

Калыгулдун биринчи иретте, адам баласына, анын мүмкүнчүлүгүнө, келечегине арканды узун таштап, кенен караган оптимисттик көз карашка ээ экендиги баамдалат. Ал замандаштарына кайрылып, адамга ишеним кылууга, аны басынтпай, басмырлабай, кайра ага колдоо көрсөтүп сүрөөгө алууга, кеңпейилдиктин, адамкерчиликтин жолунан тайбай, айкөл болууга чакырган. “Алгыр болсо тайганың, алтындан таап каргы так”, дейт акын. Маанисинде бул тайганга эмес, адамга карата каймана айтылып жатат. Бул жерде сөз кишинин талант, жөндөмүн баалай билип, ага жекече урмат көрсөтүү акыйкатчылыгы жөнүндө болуп отурат. “Өзөндүү сууга тал бүтөт, өлбөгөн кулга мал бүтөт”. Мына ошондуктан, “Аргымакта жал жок деп, жолго таштап кетпеңер, азаматта мал жок деп, жоого таштап кетпеңер, нелер келип не кетпейт, эр жигиттин башына”, деп насыяттайт. Эгерде өсө турган адамдын алдын тороп, көралбастык, караниеттик кылып, кедергилик жасаса, анда киши аксайт, мүдүрүлөт, өксүйт (“Ак бөкөн келип жыгылат, алдын казып орлосо”), бирок мындай кыянаттык нарктуу пенденин кыла турган жосуну эмес, тескерисинче, адамга жакшы кеп айтып, кулагынын черин жазып, жөлөмөлөсө, азаматтын көңүлүнө канат бүтүп, алдыга аргымактай күүлөнөт, түбү, мындан кайра эле өзүң береке табасың деген Калыгулдун накылы көкүрөккө жат кылып көтөрүп жүрө турган мүлк эмей, эмне?

“Ийри жыгач түз болот, теске салып оңдосо”. Калыгулдун бул сөзүнүн да мааниси терең. Бул адамдын кемчилигин көрүп, андан түңүлүүгө болбойт, “ийрилик” анын маңдайына түбөлүк жазылган эмес, зилинде, ички түпкүрүндө анда өсүүгө, оңолууга мүмкүнчүлүк жатат, эгер амалын, ачкычын таап тарбияласа, адамдын ийриси түзөлүп, оң жолго түшпөй койбойт деген сөз го. Бул өзүнчө бир этикалык-педагогикалык философия. Мына ошентип, Калыгул пенденин инсан катары өсүш маселесине диалектикалуу карап, кишиге ишенич менен камкор мамиле кылуу даанышмандыгын бизге осуяттаган.

ЖЕТИНЧИ ОСУЯТ:
Өзүнө өзү сын көз менен кароо билгилиги

Мына мобул саптарда да керектүү, орчун маани уюп жатат:
Кемер айтат жармын-деп,
Чымчык айтат кушмун-деп,
Чырпык айтат талмын-деп,
Эшек айтат малмын-деп.

Бул сөздөр эмнени билгизет? Баамдасак, өзүнө өзү сын көз менен кароо идеясы астыртан кыйытылып айтылып жатат. Ар ким өз ордун, өз алын билсе деген ой. Канчалаган пенделер өзүнүн ким экендигине эсеп бербей, көкүрөгүн өргө айдап, өпкөсүн далысына байланып, өзүн бир укмуш сезип, куру элес, кыял менен курсактарын тойгузуп жүрөөрү ырас го. Маселен, өзүн бүркүтмүн деп ойлоп алган таранчы бир күнү чоң кырсыкка кабылбай коөбу? Ошон үчүн ар ким өзүнүн ордун, алы-күчүн, абалын туура баалап, өзүнө өзү сын көз менен мамиле жасап, өзүнө да, өзгөгө да реалисттик көз менен карай билсе, анын иши алдыга карай ылдамдап жылар эле.

Калыгулдун жеке инсандык адеп-ахлак өрнөгү

Сөз соңунда айта атурган нерсе, кыргызда адамды сөзүнөн эле эмес, эң оболу ишинен тааны деген накыл кеп бар го. Ушул жагынан алганда, Калыгулдун өзүнүн турмуштагы инсандык жеке этикасы, өздүк жүрүм-туруму кандай болгон? Мүнөздөп сөз айтуудан мурда, тарыхчы Белек Солтоноевге кеп кезегин берели:
“Жаш баланы жаш чагынан жоо бетин көрсөтүп, машыктыруу кыргызда баятан берки адет болуп калгандыктан, жети жашар Калыгулду жакын тууганы Эсенгул Болот уулу казактар менен болгон жортуулга ала барган. Эсенгулдардын казактарды аябай өлтүрүп жатканын көрүп, Калыгул “Кишини киши аябастан, боору оорубастан ошончолук дагы койдон бетер кырабы? Мындай болоорун билгенде келбейт элем!” – дегенде Эсенгул “Жаагыңды бас! Бала баладай болучу, башыңды жуткур” деген. Үйүнө келгенде: “Элдин кылган иши курусун” деп карачарбанын аркасында болуп,элге аралашпастан өскөн. Катын алып, үйлөнгөндөн кийин таман акы, маңдай тери менен жан сактап жүргөн. Манаптардын кылыгы, иштеген зулумдугуна эң нааразы болгон. 1815-1821-жылдар арасында солто менен сарбагыш кыргыздары урушуп, “Ушу урушка жүргүн” деп сарбагыштар келсе, “эки агайиндин урушу эмес, казак-кыргыздын урушуна балалык менен баргамын, бул урушуңарга барбаймын” деп Калыгул үйүндө кала берген. Ормондун эл жегендигине, адилетсиз суракка ыраазы болбостон 1825-1853-жылдары Калыгул айылы менен бугу (Көлгө) кыргызына көчүп кетет” (Ала-Тоо, 1992, 68-бет).

Көрүнүп тургандай, Калыгул бала күнүнөн тарта эле жаратылышынан гумандуу, жан дүйнөсү жаңжалды, кан төккөн катаалдыкты кабыл албаган, адилеттүүлүк сезими сергек жан болгон. Кийин да өмүр бою зордук, зулумдук менен келише албай, адилетсиздикке сөзү менен гана эмес, өзүнүн реалдуу жүрүм-туруму менен да каршы туруп, айлана-тегерегине гумандуу адеп-ахлактын өрнөгүн жайылткан.

Калыгул “Бул дүйнөдө не карып” деп суроо коюп, кайра ага өз убагында, “Айтылбаган сөз карып” деп жооп берген. Калыгул жалтанбай, түз бетке айткан, акыйкат чындыкты жашырып “карып” кылбаган руху баатыр киши болгон. Анын өзүнүн “Мейли жаман көрө бер, дегеле айтпай койбоймун, катар-катар лөктү айтам, калп айтпаган төптү айтам” деген сөздөрү буга далил.

Белек Солтоноев дагы минтип жазат: “Анын адилдигине көзү жеткен соң, кээ чакта арка кыргызы чиелешкен чоң доосу болсо, Калыгулга тапшырган. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш, парз албастан, дос-тамыр, өз-жатка карабастан маселени адилеттүүлүк менен чечкен”. Мына ушундай инсандык нравалык бийик сапатынан улам учурунда эл ичине “Кара кылды как жарган Калыгулдай калыс бол” деген лакап сөз тараган. Бүгүнкү коррупцияга малынган сот системасы үчүн Калыгул бийдин сөз менен жүрүм-турумдун биримдигин алып жүргөн мындай асыл өрнөгү үйрөнө турган сабак.

Акырында айтарыбыз, элдин таяна турган эки тиреги бар, биринчиси – баатыр, экинчиси – акылман деген калк ичинде келе жаткан сөз бар. Акылман Калыгулдун рух мурастары – биздин тирегибиз. Акылман атабыздын рух дайрасынын суусунан кана ичүү – ар бирибиздин адеп-ахлак жактан жаңыланышыбыздын өбөлгөсү.

Советбек Байгазиев,
Ф.и.д. профессор, Кыргыз Республикасынын К.Тыныстанов атындагы
Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.02.2013-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.