“Мамыры гүлдөгөн маалда” англисче чыкты

b_sartov_kitebiКыргыздын фантаст жазуучусу Беганас Сартовдун “Мамыры гүлдөгөн маалда” повести англис тилинде жарык көрдү. Учурда ал немис жана орус тилине которула баштаган кези.

Фантастика жылдызы

Мен бар го – бул дүйнөнүн эркесимин,
Жерде туулуп,
Күн нурунан шимирип тайраңдаган,
Жылдыздардан жылдызга кайкып учуп,
Мезгилдин зынданында кармалбаган…

Өзү жөнүндө мына ушу ырды жараткан Беганас Улуу Ата Мекендик согуш бүткөн жылы төрөлүп, ага ысымды Чүйдө жашы 90дон ашкан чечен байбиче койгон экен. Беганас деген “бийиктеги жылдыз” деген маанини берет. Кары эненин оозуна сала бергендей, бир топ жылдан кийин кыргыз адабиятында фантастиканын жылдызы пайда болот.

Бунтар жана “Тоо жылдыздары”

Аалам чексиз!
Анысынан не пайда,
От тамызгы боло албаса куурайга?!
Сен өзүңдү жаратпасаң бел бууп,
Өзгөртө албайт, тагдырыңды кудай да…

Бала кыял!  Бунтар! Шайыр! Беганас Сартов көбүнүн эсинде ушундай сакталып калган экен. Тапкычтыгын ушундан көр, 70-жылдардын башында «Тоо жылдыздары» аттуу адабий ийрим түзөт. Ал бир өзүнчө бака-шака түшкөн, “чымындуу” жаштардын ордосуна айланат.

Андагы дуулдаган жаштардын бири, акын Айгүл Узакова ошол кезди чыгармачыл улан-кыздардын «жылдыздуу доору» болгон деп эскерди:
Фрунзе заводу бар эмес беле. 70-жылдары ал заводдун астында ар кандай ийримдер бар болчу. Беганас агайдын адабий ийрими тууралуу мага акын Анарбек Акматов айтып калды. Шаарга жаңы келгем. Биз эми ал кезде китеп эле окучубуз да. Азыркыдай шаан-шөкөт жок. Эртеси күнү эле бардым. Беганас агай узун бойлуу, ак жуумал, тамашакөй, бапыраңдаган киши экен. Жазуучулар ушундай болот турбайбы деп суктанып коём. Ийримге менден башка дагы отуз-кырк киши барат экен. Агайдын таппаганы жок да, адабий ийримди поэзия, проза, драматургия, адабий сын, музыка жанры деп бөлүп алыптыр. Музыка бөлүмүн азыркы чыгаан композитор Сталбек Бактыгулов башкарчу. Беганас агайды баарыбыз байкебиздей көрүп, жанынан чыкпайбыз. Анан ар кандай майда кептер дагы кетчү: «эмне эле кыздардын баары Беганаска жармаша берет» деген. Кээде кийим-кечеңе чейин кийлигишип жиберчү. Көңүлү ооруп калбасын дегенсип, «ай, сен эмне бүгүн чачыңды сонун кылып алгансың» деп коёр эле. Анысы башы-көзүңдү жууп, жакшынакай жүр деген сөз болчу.

Жаштардын жалындуу деми, курч сыны аттуу-баштуу акын-жазуучуларды да сестентип, ийримдин аты алыска кетет:
Мен баргандан кийин Турар Кожомбердиевдин «Оту өчпөгөн коломто» деген китебине талкуу жүргүздүк. Эми Турар Кожомбердиев ким, ошол жерде олтурган биз ким? Биринчи курска кирип-кире элек, филфактын жытын алып-алалек жаштарбыз да. Акындын китебин окуп чыгып, дегеле такшалган сынчылардан бетер каяша сүйлөп кыйынбыз. Беганас агай болсо «оюңарды ачык айткыла, чындыктан тайбагыла» деп дүрмөттөп жатат. Көрсө тууганбы же душманбы өз оюңду тартынбай, ачык айта билгенге үйрөткөнү тура. Антсе ого бетер шерденип, опол-тоодой Турар Кожомбердиевди сындап… Ал дагы бир көл киши эле, күлүп коюп олтурат…

33 жашында көз жумарын билген…

Беганас Сартовдун ата-энеси кийин Чүйдөн  Жумгалга көчүп кетип, балалыгы Суусамыр жайлоосунда өтүптүр. Кыялкеч баланын жазуучу, болгондо да фантаст болушуна тоонун табышмактуу сырлары, колду созсо жетчүдөй жылдыздары таасир эткендир. Анын кантип жылдыздарга саякат жасаганын, керемет гүлдөрдөн дартка дабаа издегенин, бала кезде уккан-көргөнүнүн баарын чыгармага кантип айлантканын уялашы Абакир Сартов айтып олтурду:
– Жашынан эле ырга шыктуу болчу. Мектептеги дубал гезиттин редактору эле. 1961-жылы мектепти бүтөөрү менен филология факультетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, ал жылы окууга өтпөй калды. Барып атама кой кайтарганга жардам берди. «Күн тийбес тоолордун сырын» ошол кезде баштаган. Бирок ал чыгарма аягына чыккан жок. Эми ойлосом, 33 жашында өлөрүн да алдын-ала билиптир. «Мамыры гүлдөгөн маалдагы» баш каарман ушул жашында кайтат эмеспи. Бул фантастикалык чыгарма болгону менен анда өз өмүр баяны жазылган. Ушунча жыл өтүп кетти эми бир сырды ачайын, повестте Рена аттуу кыз бар эмеспи. Ал өзү менен бирге окуган Насип деген эже болчу. Агам окууга өтпөй калып кой кайтарып жүрсө, Тилемиш деген досунан кат берип жибериптир. Тезинен алып кетпесең, атам күйөөгө бергени жатат деп. Атам алып кел деди, апам «үйлөнсөң окубай каласың» деп каршы чыкты. Ошентип барбай калды. Кийин ал эжеге жолуктум, 11 балалуу болуптур. Учурашсам «болбой калган кайниң менен сүйлөшүп жатасыңбы» деп күйөөсү урушкан.

Вокзалдан табышкандар

b_sartov_jana_altyn_1960Мүнөзүм октум-соктум, курчтугум бар,
Канча ирет сени ыза кылгандырмын,
«Көңүлүмдү оорутту, өзүмчүл» деп,
Көп жолу капалыкка тунгандырсың.
Ээ, Алтыным?!

Беганас Сартовдун жубайы Алтын Сартова казак кызы. 1961-жылы тогузунчу класста окуп жаткан кыз борбордо турган эжесине мейманчылап келип, кайра кетип баратканда автобустан бир жигит телмире тиктеп турганын байкап калат. Аңгыча автобус жүрүп кетип, бейтааныш кол булгалап кала берет. Бул эки бейтааныш буйрук менен арадан эки жыл өткөндөн кийин кайра кездешет:
1965-жылы мектепти бүткөндөн кийин университеттин физика-математика факультетине өттүм. Токтобүбү деген курбум бар эле. Бир күнү сүйлөшкөн жигитим киного чакырып атат, барып келели деп калды. Барсак, тиги бала менен вокзалдан көргөн жигит чогуу келиптир. Өңү жылуу учурап, түкшүмөлдөп өзү айтканда гана эстедим. Ал болсо көргөндө эле тааныптыр. Кийин келип турду. Кийинки жылы баш коштук. Балалуу болдук. Экөөбүз тең сырттан окуу бөлүмүнө которулдук. Беганас күндүз телевидениеде иштечү, режиссердун жардамчысы болуп. Дооронбек Садырбаев менен да иштешип калды. Кечкисин болсо жазчу. Мүнөзү шар, сөзгө бекем эле. Айтканын сөзсүз аткарчу. Өзүм казак кызымын да, бош боло калганда мага кыргыз тилин үйрөтөт. Кээде ушунун айынан уруша кетчүбүз, бара-бара так сүйлөп кеттим. Орто-Сайда өзүбүз салган чакан үйүбүз бар эле, андан киши үзүлчү эмес. Орустун, казактын фантаст жазуучулары менен кат алышып турчу. Айрымдары дале сакталуу. Ырларды жазарын жазып алып, ыргыта берген адаты бар эле. Кийин китеби чыгаарда мынча барак жетпей жатат деп айтып калды. Ошондо баягы ыргыткан ырларын колуна карматсам, аябай сүйүнгөн: “Лев Толстойдун аялы жазганын чогултуп койчу экен, сен да ошондой болгон турбайсыңбы”, – деп. Өлөрдүн астында Соң-Көлгө кеткен, тууганыбызга учурашмакка. Эки күндөн кийин кабар келди. 1-курста окуп жүргөндө сарык менен ооруптур. Догдурлар ошол дарты өтүшүп, боору эзилип кеткенин айтышты.

Беганас Сартовдун артында эки уул, эки кыз калган. Өзү каза болгондон кийин жубайы Алтын 3-4 жумушта иштеп жүрүп, баарын эрезеге жеткирет. Тун уулу Үрүстөм 1997-жылы авто кырсыктан көз жумган экен. Учурда Зулпукар, Карлыгач, Назирабегим аттуу уул-кыздары өз-өзүнчө түтүн булаткан. Алардын ичинен Назирабегим чыгармачылыкка жакын.

“Мамыры гүлдөгөн жерде” өз турмушунан алынган

Мен киммин?!
Планеттин бир күкүмү,
Турмуштун агымынын бир үзүмү,
Бүгүндөн эртеңкиге жалын чаччу,
Ургалдуу көркөм сөздүн көк бүчүрү.

Кой жайып жүргөн жигит адабий жыйынга келип, Рена аттуу кызга жолугат. Эки жаштын ортосунда сезим тутанат. Баш каарман Мелис кызга мамыры гүлүн тартуулап, анан колун суроону чечет. Бирок жуп аскага чыгып, мамырыны үзгөн маалда кайдан-жайдан гуманоид пайда болуп, гүлдү алып кетет. Көрсө мамыры биздин галлактикага окшош башка бир галлактикада жашагандарды оорудан сакайтчу миңдин бири экен. Баш каарман Мелис өзүнүн антикөчүрмөсү Силим менен ошентип таанышат.

«Мамыры гүлдөгөн жерде» повести 1978-жылы автор дүйнө салгандан кийин жарык көрөт. Эми арадан 34 жыл өткөндөн кийин ал чыгарма англис тилине которулуп олтурат. Жазуучунун экинчи өмүрү ушинтип башталды. Аны которгон Шахсанем Мюррей жазуучунун небереси (бир тууган инисинин кызы). Бир нече жыл мурда шотланд жигитке турмушка чыгып, азыр чет өлкөдө.

Шахсанемден кыргыз фантастынын чыгармасын чет өлкөлүк окурмандар кандай кабыл алганын сурадык:
Беганас атабызды унутпайлы, өз окурмандар да, өзгө окурмандар да билсин деген идея болду. Азыр эми немис, орус тилдерине которулуп жатат. Китептин бет ачары Лондондо өттү. Кыргыз эммигранттары, түрктөр келди. Дагы бир-эки китебин которсом деген оюм бар. Беганас ата астыны көрө билген киши экен. 60-жылдары скайп болорун, чөнтөк телефон болорун эч ким билчү эмес да. Роботторду башка планетага азыр жиберип жатышпайбы.

Эридиге учуп кеттиби?

Өкүнүчтүүсү, жазуучу “Тоо жылдыздары” ийриминин атагы дүңгүрөп турган кезде, 1978-жылы 33 жашында оорудан көз жумат. Айгүл Узакова ошондо устатына арнап, ыр жазат. Көөдөндү жарып чыккан бул жоктоо бейит үстүндөгү таш эстеликке өчпөс болуп чегилет:
Жарык маанай, маңдайыңды жайдары,
Тилегиңди эңсеттирген өмүргө.
Жаштыгыңды али жанып бүтө элек,
Жарык дүйнө кантип кыйды өлүмгө?

Замандаштарынын айтымында, Беганас Сартов ырга келгенде салабаттуу, фантастикага келгенде жаш баладай шайыр болуптур. Илим жаңы өнүгө баштаган 60-жылдары эле жылдыздарга саякат, роботтор, жер астындагы өткөөлдөр тууралуу жазчу тура. Ушундан улам ой келет, балким анын жаны бир кезде өзү эңсегендей ааламга саякат жасап жүргөндүр?…

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.

Санжи Туйтунова, «Азаттык», 04.12.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on ““Мамыры гүлдөгөн маалда” англисче чыкты

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.