Самудиновдук мектеп

t_samudinovТоктосун Самудинов балдар поэзиясына дароо келе калган жок. Адегенде адабий коомчулукка лирик акын катары таанылган, пародист жана юморист Т.Самудиновдун балдар ырлары “басыгын” жай баштап, бирок балдар адабиятынын бийиктигин башкалардан эртерээк багынта алгандыгын баса белгилөөгө туура келет.

Себеби, анын балдар поэзиясындагы жанрдык-те­матикалык изденүүлөрү бүтүндөй адабий процесске таасирин тий­гизүү мүмкүндүгүнө ээ болгондугун окурмандар жакшы билет. 80-жылдардын экинчи жарымынан балдар ырларын “ырдайбыз, жыргайбыз, гүлдөйбүз” пафосунан биротоло бошотуп, анын толук калыптангандыгына кепил болчу саналуу балдар акындарынын башында Т.Самудиновдун көркөм-эстетикалык табылгалары тургандыгын жокко чыгарууга болбойт. Натыйжада балалыктын миң кырдуу сырларына саякат жасаган жаңы сапаттагы ырлар башка калемгерлерге таасир этип, ошол адабий таа­сири менен акын “Самудиновдук мектепти” жарата алды. Убагында нускасы 80 миңге жеткен бул балдар басылмасы (азыркы нускасы абдан аз) балдар акындарынын бир муунун өз айланасына топтоп, ага жарыяланган А.Кыдыров, Э.Ибраев, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, Т.Самудинов, К.Жунушев, Н.Жаркынбаев, Ж.Бекниязов, А.Рыскулов өңдүү акындардын бала жыттуу ырлары бала бакчалардын, мектептердин жандуу турмушу менен кошо жашагандыгы балдар адабиятын көркөм чыгармачылыктын өзүнчө тармагы деңгээлине алып чыккан. Экинчиден, “Байчечекей” журналынын баш редактору Т.Самудиновдун чыгармачылык изденүүлөрү балдар ырларын жазып жүргөн акындардын дагы бир муунун (Ж.Абдылдаев, А.Казиев, Ы.Кадыров, Н.Ахмедулин, А.Акбаров ж.б.) пайда кылды. Натыйжада кичинекейлерге арналган көркөм сөз өнөрү балдардын табигый жетилүү процессиндеги психологиялык жана физиологиялык мыйзам ченемдерине төп келүүчү таанып-билүү ырларынын, дидактикалык чыгармалардын жаңы жанрдык классификациясын жаратты. Айрыкча балдар акындары жараткан табышмак ырлары, суроолуу ырлар, сөз оюндары, заманбап дүйнө таануу ырлары; жаңы мазмундагы дидактикалык (көңүлдүү алиппе, көңүлдүү грамматика ж.б.) ырлар топтомдорунун жаралышы; жаңы жаңылмачтар, математикалык мүнөздөгү эсеп ырлары азыркы балдар адабиятына мазмундук да, формалык да жаңылыктарды алып келди. Балдарга арналган чыгармалардын мазмунундагы ирония, юмор, сатира, тамаша, оюндун камтылышы балдар адабиятынын сапаттык деңгээлге чыгышын камсыз кылды. Айрыкча балдар ырларында элдик дүйнө тааным, эне тилди наристелерге үйрөтүү маселелеринин көркөм чагылышы аркылуу чыгармалардын улуттук руханий баалуулукту көркөм интерпретациялоо мүмкүндүгүнүн кеңейгендиги менен балдар адабияты адабий коомчулуктун урматына арзыды.

“Байчечекей” негизделген күндөн бүт тарыхында Т.Самудинов баш редактор болуп иштеген бул журналга жарыяланган кийинки жылдардагы чыгармалар: кроссворд, чайнворддордон башка да “Өзүңөр боёгула”, “Сүрөттү улантып тарткыла”, “Кесинди сүрөттөрдү ордуна койгула”, “Жандырмагы сүрөттө”, “Сөзсүз сүрөт”, “Сүрөттөрдү кайчы менен кесип, кайра бириктиргиле”, “Сүрөттөрдү карап аңгеме жазгыла” деген тапшырмалар сыяктуу эле “Из кууп оку”, “Нота менен окуп көр”, “Күлбөй турган жорукпу?” рубрикалары наристелерди алектендирүүчү (занимательность) касиетке ээ болду. Себеби, ал чыгармалардын мазмуну аркылуу сүрөт тартууга, ойноого, эсеп чыгарууга, роль аткарууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Журналдагы “Көңүлдүү баракча”, “Ким кыялкеч, ким тапкыч?”, “Ким тезирээк чогултат?”, “Алфавиттик табышмак”, “Байчечекейдин баш катырмалары”, “Биле жүр”, “Табышмактуу суроолор”, “Баш тырматар оюндар” рубрикаларында жарыяланган чыгармалар балдардын учкул кыялына гүлазык берип, алардын логикалык ойлоосун өстүрүүгө багытталгандыгы менен балдар адабиятынын интеллектуалдык деңгээлин бир топ көтөрдү. Анткени акын “Интелегенттер жогорку окуу жайында эмес, мектепте даярдаларын” жакшы билет.

Балдар адабиятында гана эмес, дегеле Т. Самудиновдун жалпы чыгармачылыгында сөз кудуретине олуттуу маани берилет. Сөз маанисинин артынан сая түшкөн Самудиновдун стихиясы анын балдарга арнаган чыгармаларынын жанрдык көп түрдүүлүгүн камсыз кылды. Анын “Сөздүк ыр”, сөз оюндары: “Бир тамгадан кемитсең”, “Бир тамгада ката бар”, “Тарынчаак тамга”, “Бир маанилеш үч сөз”, “Чекиттерге тамга тап”, “Сөз жашынмак”, “Сөз оюн”, “Каршы сөз”, “Жаңыча жаңылмачтар”, “Ырдагы сыр”, “Синоним ыр”, “Туура эмеспи, туурабы?”, “Синоним уйкаштар”, “Антоним уйкаштар”, “Көңүлдүү грамматика”, “Сөз үйрөнүп алалы”, логогрифтер, шарадалар, анаграмма, метаграмма, акроыр, цифрограмма, шрифтограмма, табышмак ырлары, түшүндүрмө ырлар, кроссворд-ыр, котормо ырларынын таасиринде ыр жазуучулардын катары улам арбып барат. Анткени ал ырлардын стили да, мазмун-формасы да окурманды өзүнө оп тартып турат. Айтылган ойдун аргументи катары акындын төмөнкү ырын мисал келтиребиз:

Билесиңби?
Сен, албетте, билесиң!
Кантип атайт жылкынын үй-бүлөсүн?
(үйүр)

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Не дечү эле мактай берсе ким өзүн?
(көйрөң)

“Эсеп оюн”, “Амал менен окуй бил”, “Жандырмагы сүрөттө”, “Оюн – викторина”, “Оюн – ыр”, “Уйкаштыгын өзүң тап” ж.б. рубрикаларында берилген чыгармалар бала темасында жазгысы келген калемгерлерге эле таасир этүү менен чектелбей, мектеп-окуучуларынын да бүйүрүн кызытып, аталган жаңы жанрларда чыгарма жазууга шыктандыра баштады. Айталы, автордун “Ким алдыда, ким артта?” аттуу ыры балдарга окуп берүү үчүн же балдар окуусу үчүн эле эмес, аларды сүрөт тарттырып, кичинекейлердин чыгармачылык ишмердүүлүгүн өстүрүү үчүн да эң сонун материал боло алат. Ырдын текстин карап көрөлү:

Тыйын чычкан, кашкулак,
Коён, түлкү, мамалак.
Келмек болуп чечишти,
Токойду бир аралап.

Тыйын чычкан түлкүнүн,
Алдына өтүп алыптыр.
Бирок, шашма коёнго,
Жетпей артта калыптыр.

Мамалактын алдында,
Бара жатат кашкулак.
“Жетпейсиңби мага!” – деп,
Аны түлкү шаштырат.

Карандашың колго алып,
Тартып туруп сүрөтүн.
Ким алдыда ким артта,
Баратканын билесиң.

Балдарды кайдыгер калтырбаган мындай элестүү “ыр-мультфильмдер” окуучулардын сезимине канат байлап, чыгарма жазууга дем берип тургандыктан, “Байчечекейден” Т.Самудиновдун таасиринде жазылган балдардын да жакшынакай тырмак алды чыгармаларын табууга болот.

Адабий таасирден улам, азыркы балдар адабиятында кичинекейлерге арналган чыгармаларда көркөм-эстетикалык табылгалар педагогика-дидактикалык ойлор менен жуурулуша баштады. Балдар ырлары наристе жана кенже курактагы (мектепке чейинки жана башталгыч мектеп окуучулары) балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуунун негизинде жазылып, алардын кабыл алуусуна төп келип, тили, стили жаттоого жеңил болгондуктан, жазылган чыгармалар балдарды тарбиялоо иштерине түздөн-түз колдонулуп, тарбиячылардын таянган таянычы катары аларга жардамга келүүгө жетишти. Ырлардын мазмунундагы тамаша, юмор кичинекейлердин жарпын жазган деңгээлге көтөрүлүп, жаш окурмандар чөйрөсү өздөрүнүн көркөм сөз өнөрүнө тартылып калды. Мындай процесстин калыптанышына негиз болгон маанилүү фактор катары “Байчечекей” балдар журналынын кийинки кыйын мезгилдердин сыноосуна туруштук берип, жабылып калбай, жашап турушун эсептөөгө болот. Журналдын кичинекейлерге чыгарма жазуунун көркөм-эстетикалык лабораториясына айланышы балдар адабиятынын толук кандуу калыптанышына зор роль ойноду.

Үмүт КУЛТАЕВА, филилогия илимдеринин доктору,
«Кыргыз Туусу», 05.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.