Толкун Ади уулу. «Карекке каткан сүрөт»

(аңгеме)

Алар дын аңгемеси тордон башталган. Тордо таанышып, тордо дос болуп, анан тордо сүйүшүп калышты. Айтып келсе кеп кызык…

Кыздын тордогу аты «Жыпар» болуп, анын торго чыгарып койгон баш сүрөтү көргөн кишинин көзмайын жечүдөй укмуш сулуу эле. Жигит оболу кыздын ошол баш сүрөтүнө ашык болуп калды. Ал тордогу «Жыпар»аттуу кыздын жазган ырларына кызыгып, чынын айтканда кыздын тордогу баш сүрөтүнө ашыкча кызыгып, өзүда билбей торго чыкса эле ошол «Жыпар»ды издеп, анын кылчайып карап турган сүйкүмдү сүрөтүн көргөнгө шашылчу болду. Айтбасада сүрөттөгү кыз өтө ажарлуу, ашкан сулуу эле. Башына үкүлү аппак кундуз тебетей кийген, бир жак жанына кылчайып карап турган калыбында, үлбүрөгөн ак жүздүү, көздөрү ботонукундай бажырайып чоң, ары карагаттай кап кара. Мойнун аккуунукундай койкойтуп, мөндүрдөй аппак тиштерын жаркыратып жылмайып, ардайым күлүмсүрөп карап турат болчу…

Жигит мурда торго чыгып аны-муну көрүп турганы менен, чыныгы мүчө болуп катталып кыргенге коошачу эмес. анчейын зериккенде торду ачып аны-муну көрүп койгону болбосо, өзү кол салып тема жолдоп, торго аралашканга кызыкпай жүргөн. Ошол «Жыпар»аттуу кыздын сүрөтүнө ашык болуп, олтурса-копсо, басса-турса оюнан чыкпай ашыктык отуна куйкаланып, акыры болбой, торго мүчө болуп катталды. Ѳзүнө»Эрмек»деп ат койду. Ал өзүнүн мурдагы көз карашын өзгөртүп, торго кирип биринчи болуп Жыпардын ырларына жооп жазды. «Жыпар тордош, мен сенын ырларыңды жактырып окуйм. ырларың да өзүңө окшош эле сүйкүмдүү, жүрөктүн кылын чертет…» деп жазды. Жооп жазышты ал башкалардан үйрөнгөн, анын бул жазган жообу деле башкалардыкынан анчейын айрымаланып кетпейт. Бирок, Эрмектин назарында бул анын»сулуукызга»суктанып айткан чыныгы жүрөк сөзү эле.

Күтпөгөн жерден «Жыпар»кыз Эрмекке жооп жандырып:»Ыракмат агай, уландуу колдоп туруңуз»деп калды. Сулуу кыздын бул бир ооз сөзү Эрмекке тоодой медет болду. Ошондон баштап анын чымыны козголуп, токтобой ыр жазып, торго айдата баштады. Мурдатан эле ырга шыгы бар болчу, барган сайын тасыгып, көпкө барбай Эрмек деле тордо башы көрүнгөн»акын»болуп чыга келды. Жооп жазышып, жооп алышып жүрүп, Эрмек менен Жыпар тил табышып, жакын «тор достор»дон болуп калышты. Жыпардын өздүк маалыматында туулган жылын, ай, күнүн ачык жазбасада жашын жыйырма жаш деп анык билдыргенинен улам, өзүнөн жеты,сегыз жаш кичи экенын билып, Эрмек Жыпарды карындашым деп, кээде»Жыпара»деп эркелетып жакынчылык кылып, сулуу кызга үзүлүп түшүп турду. « Баш сүрөтүң өзүңдүкүбү?»деп сураса, «Ооба « деп жооп берген кыз эч нерсены капарына албай…

Эрмек өзүнүн баш сүрөтүн торго чыгарган эмес, чыгарса деле чыгарып коймок, көп эле неме баш сүрөтү менен чыгып жүрбөйбү? Ошентседа ал өзүнөн өзү чочулап, туурасын айтканда сулуу кыздын өзүн жактырбай калышынан кабатырланган. Бой-турку келишкен жигит болгону менен, төбөсүнүн чачы суйук, кашка баш болчу, ошонусунан намыстанат кыздардын алдында. Тор деген ушундай «сыйкурлуу» дүйнө экен. Бири биринин тек жайын абыдан былышпей , бет орой келып көрүшпөй, экөө экы жакта туруп эле издешпей табышып, сезимдери серпилип, тил табышып калышат экен…

Эрмек менен Жыпар ошондой болду. Алар тордо ыр жазышып, баарлашып канбай, эмы күкүк номурларын(QQ номурларын) айтышып, элден бөлүнүп, купуя сырдашчу болду. Экөө тең баштары бош»боз жигит менен бой жеткен кыз»экенын билишти. Көрсө алар бир эле жерде, тагырак айтканда бир эле ооданда чогуу жашап жүрүшүптүр. Алакандай болгон бул оодан шаарчасында ал экөөнүн коомдо жолугушпай «тордо» жолугушуп, кол учун сунушуп таанышып калганы өзүнчө бир тагдыр болду…

Эрмектын»жологушалы»деген өтүнүчүнө, баштабында Жыпар көнбөй жүрдү. Эмнегедир сулуу кыз тордо Эрмекке боорун берип, сыр жашырбай төгүлүп турганы менен, жолугушууга келгенде тайсалдап, кылыктана берди. Ошонткен сайын Эрмек туталанып, ашыктык оту ансайын күчөп, сулуу кыз бирер күн торго чыкпай калса жан далбас кылып өзүн коёрго жер таппай, заманасы куурулуп жүрдү. ал, Жыпардын жүрөктү куйкалаган сулуу сүрөтүн тордон түшүрүп, жуудуртуп да алган. Жаш жигит ошол бир барча көркөм сүрөттү күнү-түнү бооруна кысып, жанынан айрыбай, көзүнө сүртүп жүрөт. Жыпардын ар бир жазган ыры, ар бир айткан сөзү ошол көркөм сүрөт менен быргелешип, жан сыз сүрөткө жан кырып, өзү менен кобурашып сүйлөшүп, сыр бөлүшүп жаткандай сезилет эле Эрмекке…

Эрмек басса-турса, тала-түзгө чыкса, көзгө урунган көп кыздардын  арасынан, ошол көзгө тааныш өзүнүн «Жыпара»сын издейт болчу. Ѳчөшкөнсүп алаканчалык жерди ала койбой, «кылт»эткен «кызыл жоолук»ту кыйдым өткөзбөй издесе да, житип кеткир Жыпарасы көзүнө эч бир урунбады… Айланып келип эле дагы ошол»тор»го чыгат. Үкүлүү кундуз тебетейчен мөлтүрөгөн сулуу кыз мөндүрдөй аппак тиштерин жаркыратып, башын кылчайтып күлүмсүрөгөн калыбында аркачанда мелтиреп карап турат, жебедей тартылган каштарын ирмеп да койбой…

Алар күндүзү таң эртеңден кечке чейин бош убакыт табышса эле тордо аңгемелешет, кеч үйлөрүнө кайтканда кол телефонунан күкүк аркылуу торго чыгып, кат жазышат. Кара сөзгө канбай ыр курап, куйулушкан сүйүү ырлары аркылуу бири бирине сүйүү талабын койушуп, макулдашып да болгон…

– Сени сүйүп калганыма ишенбейсиңби?-деп кат жазды бир күнү тордо, күйүткө чыдабаган Эрмек.

– Ишенем…- деп жооп жазды, Жыпар адаттагысындай эле мөлтүрөп.

– Сен мени сүйбөйсүңбү?-дейт, Эрмек көндүм сөзүн миң кайталап.

– Сүйөм…

– Эмнеге жолугушпайсың?

– Сүйбөй калабы деп чочулайм…

– Мүмкүнбү? Жүрөгүмдү жарып берер элем керек болсо…

«Жакшы сөз жанды эритет» болдубу, акыры Жыпара жолугушууга көндү, алар оодан шаарчасынын түштүгүндөгү көркөмдөп жасалган тоолуу бакчага барып көрүшмөк болушту.

Ушундай бир күндүн келишин Эрмек күнү-түнү эңсеп, чыдамсыздык менен күтпөдү беле? Бүгүнкү жолугуушуну ойлосо өңү же түшү экенин билбегендей дең-дароо болуп, ошондо да кубанычын кучагына сыйдыралбай толкундап, эң бир жарашыктуу кийимдерин кийип, көңүлү көтөрүлүп, маанайы жаркып, болжогон маалынан аш бышым мурда жетип келди, көрүшчү жерине .

Быйыл жыл кечигип, алиге чейин жаз болбой, май айынын орто чены болуп калган болсо да далыдан өткүдөй күндүн табы жок, аба ырайы бузулуп, бирде жамгыр жаап, бирде топо жаап, күн оңоло албай будала-чаң болуп турган. Бүгүн асман ала булуттанып, кадыресе күн ачылгансып калыптыр. Тээ алыстагы тоонун баштары сур булуттанып үксүйүп турганы болбосо, азырынча жаан жаачудай түрү жок. Эрмек асман менен жерге көз чаптырып, айланасын тегерете карап көөнү ачык, көңүлү чак, көптөн беры көрүшүүнү эңсеген кишисинин бачымырак келишин күтүп, сабырсызданып олтурду. Бир оокумда төмөн жактан кып кызыл спорт кийим кийип, чалыш аргымактыкындай ничке буттары уп узун, өлөң кара чачтарын далысы ылдый төгүлтүп коё берген, узун өкчөлү кара топлейчен аша көрктүү көркөм кыз жай басып чыгып келатты өзү олтурган дөңсөөгө. Эрмектин жүрөгү дүрсүлдөп, өзүнүн ээ-жайына көнбөй булкунуп кагып жатты. Бирок, кыз жакындай бергенде анын өзү күтүп жаткан Жыпара эмес экенын байкап, курулай дүрүлдөгөн сезими басылып, демин ичине тартып, шалдырап олтура кетти. «Жайынча сейилдеп жүргөн бирөѳ болсо керек» деп ойлоду ичинде.

– Сиз Эрмек агай болосузбу?- деп, шыңгыр добуш үн катты, сулуу кыз анын жанына чукул келгенде.

– Ооба…- деп элеңдей түштү Эрмек, абдан чоочуп.

– Мен… Жыпармын.- деп, анын жанына жакын эле келип колун сунуп салам берди, алиги кыз.

– Бу… бул кандайча?…

Эрмек кекечтенип, кыздын сунган колун кыса кармай албай калтарып турду. Ѳзүн «Жыпар»деген бул кыз сүрөттөгүсүнө мүлдө окшобойт болучу. Жигит эмне кыларын билбей, турган жеринде катты да калды.

– Олтуруңуз, ашыкпай аңгемелешебиз!

Эрмекке караганда кыз батымдуулук кылып, арадагы тунжурону түгөтүп, анын кашына келип көчүк басып олтурду. Эрмектин өзүн эмес сүрөтүн да көрүп бакпаган кыз, аны көргөндө эле боору таанып, эч нерседен корунбай, көптөн бери көрүшүүнү эңсеген жакын кишисине жакын ыктап, ошончолук камсыз, жайма-жай коё берды өзүн.

– Ишенкиребей турганыңызды билем, тордоку Жыпар менин бир тууган эжем болот. Мен анын сиңдиси Тумар болом,- деды, кыз жайдары сүйлөп.

-Эжең өзү келген жокпу?- деп, шашылыш суроо берди Эрмек.

– Ал келе албайт, келбес жерге кеткен…

– Эмне?… эмнеликтен андай…

– Бир жолку каттоо окуясында кырсыкка жолугуп , жыйырма жашында биз менен түбөлүктүү коштошкон…- кыз көңүлсүздөнүп, көзүнүн кычыгын сүртүндү.

– Анда сен тордоку Жыпар эмес экенсиңда?- деп, кызга кайрадан үңүлүп карады Эрмек. Кыз эжесыне мүлдө окшобосо да, анында өзүнчө келбети келишкен, көзгө сүйкүм, ажарлуу кыз экен. Бирок, тордогу «Жыпар»дын сулуу баш сүрөтүнө суктанып көнүп калган Эрмектин көзүнө, бул кыз башкача бей тааныш инсан болуп көрүндү.

– Ооба, тордогу сүрөт эжекем Жыпардыкы. Сиз менен таанышкан, сыр бөлүшкөн кыз мен, Тумармын….- деп күлмүңдөдү, кыз маанайын жаркытып.   Ошентип турса да, Эрмектин көңүлү көтөрүлбөдү, ал тунжурагандан тунжурап, өзүнүн ким экенин унутуп койгонсуп, жанындагы жаш кыз менен эч кандай катышы жоктой болуп, сабыры суз. Алыстарга көз чаптырып, асмандын аркы кыйырынан кимдидир бирөнүн карегинде катып калган элесин издеп жаткансып, мелтиреп турду.

– Эмне болдуңуз ага? Маанайыңыз жакшы эмес го?…- деп үн катты, Тумар тунжуроону бузуп.

– Жок, тим эле… эжең кайтыш болголу канча жыл болду?-деп, ошондо гана эсине келип, суроо катты Эрмек.

– Сегиз жыл болду. Анда мен он беш жашта элем…

– Ээ…- деп койду, Эрмек эмнегедир улутунуп.

Эртеден бери ала булуттанып турган ачык асман бир паста бүркөлүп, алыскы тоонун башындагы сур булуттар сүрдүгүп, жаан аралаш шамалдын эпкини жортуп келе баштады тоо жактан.

Алардын маанайы чөгүп, көпкө чейин үндөшпөй тунжурап олтурушту. Кыз дагы бир нерсени сезгенсип, баятандагыдай жаркылдап сүйлөбөй, кабагын салып, башын жерден көтөрбөйт. Көп күндөрдөн бери көрүшүүнү самап, ак эткенден так этип, шаштысы аябай кеткен Эрмектин, тордо баарлашкандай жалындуу сөздөрүнөн бирөѳ да жок, жанында жанаша олтуган ашыгын эми өзү менен эчкандай катышы жоктой сезинип, ысыган бою сууп, селдеген сезими өчүп, карегине катып калган ошол бир жансыз сүрөттү жүрөгүнөн чыгаралабай компоюп олтурду оозунан кеби түшүп. Тордогу «Жыпар»дын баш сүрөтүнө ашык болгон Эрмек , азыр жанында жаркылдап олтурган Тумардын чыныгы сүйүүсүн барктай албай, аны менен көптөн бери оттой махабатташып, бир көрүүгө зар болуп жүргөнүн унутуп, жумуртканын жубарына эмес кабыгына ашык болгонун билбей, ошондойунча нес болуп кала берди.

Жазгы жаан бир демде шатыратып төгүп жиберди. Алар олтурган дөңсөөдөгү сере жаанга далда болуп турса да, Тумар эмнегедир ордунан атып туруп, көл-шал болуп төгүп турган жамгырга карабай, сомкасынан анчейин кызыл кол чатырын чыгарып, жыргатып далда болбосо да башына калкалап, өкчөлүү топлейы менен чылпылдатып суу кечип, өзүида шолоктоп төгүлүп, жамгыр менен жамгыр болуп, жалгыз калган Эрмекке кайрылып карап да койбостон басып кетти. Басып кетти байкуш кыз, жамгырдай жашын төгүп…

2012-жыл, 27-май, Улуучат

Соц тармактар:

One thought on “Толкун Ади уулу. «Карекке каткан сүрөт»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.