Толкун Ади уулу

Толкун Ади уулунун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу

Толкун Ади уулу 1969-жылы 4-айдын 10-күнү Кызылсуу облусу, Артыш шаарынын Тегермети айылында туулган. 1987-жылга чейин айылдык баштооч, толоксуз орто, облустук толук орто мектептерде окуган. 1987-жылы 9-айдан 1992-жылы 7-айга чейын Шинжаң педагогика университетинин саясий окуу-агартуу факультетинде философия кесибин үйрөнүп бакалаврдык окуу күбөлүгүн алган. Окууну аяктаган соӊ бир катар кызматтарда үзүрлүү эмгектенген. Учурда Улуучат оодандык маданият-дене тарбия, радио-кино-телеберүү мекемесинин башчысы болуп кызматтанып келет.

Толкун Ади уулунун чыгармачылыгы 1991-жылы «Шинжаң кыргыз адабийаты» журналында жарияланган «менин Айсулуум» аттуу аңгемеси менен башталып, азырга дейре эки повесть, бир кино сценарий, жыйырмага жуук аңгеме жазды. Анын көптөгөн чыгармалары ар кайсыл гезит-журнал беттеринде жарыяланып, сынчылар тарабынан сынга алынып, жакшы алкоолорго татыктуу болгон. Ал азыр Шинжаң жазуучулар коомунун мүчөсү.

 

Чыгармалары

Карекке каткан сүрөт (аңгеме)

Тумчуккан сүйүү (аңгеме)

Ак төшөк (аңгеме)

Жарым эс (аңгеме)

Модель (аңгеме)

 

Соц тармактар:

2 thoughts on “Толкун Ади уулу

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.