Жумалы Орозо уулу

jumaly_orozo_uulu

Жумалы Орозо уулу 1966-жылы 4-айдын 10-күнү Кызылсуу кыргыз автоном областы Артыш шаарына караштуу Каражүл айылында жарык дүйнөгө көз ачкан. 4 жашында ата-энеси менен бирге Тегирмети айылынын Ыдыраң (корумдуу) кыштагына көчүп барган. 1973-жылы 7-айдан тарта, Ыдыраң кыштагынын башталгыч мектебинде жана Тегирмети айылдык толуксуз орто мектепте (1979 – 1981-жж) окуду. 1981-жылы 9-айдан 1983-жылы 7-айга чейин Кызылсуу облустук 3-орто мектепте окуган. 1983-жыл 9-айдан 1988-жылы 7-айга чейин Шинжаң университетинин закон илими факултетинде окуган, 1988-жылы 7-айдан 2004-жылы 4-айга чейин Шинжаң эл радио станциясынын кыргыз редакциясында котормочу, кабарчы, кошумча программа жүргүзүүчү, «Закондон кеңеш», «Адам жана закон» программасынын жооптуу жүргүзүүчүсү болуп иштеген. 2004-жылы 4-айдан 2006-жылы 4-айга чейин ошол эле мекеменин коргоо башкармалыгында иштеген. 2006-жылы 4-айда кызматтын талабы боюнча, мекеменин интернет кабарлар борборуна жөткөлүп, мекеменин кыргызча сайтына жооптуу болуп иштеп келет.

Жумалы Орозо уулу жан жактылуу билим-өнөргө эгедер коомдук ишмер катары белгилүү, азырга дейре Кыргызча жана Уйгурча гезит-журналдарда 150 барчадан ашуун ырлары, ой толгоо макалалары, тил изилдөө макалалары жарык көргөн. Ал студенттик кезинде «Кызылсуу гезитинде» «Манасчы Жүсүп атама» (1986) деген арноо ыры менен тушоосун кыйган. «Шинжаң кыргыз адабияты» журналында бир топ ырлары жарыяланган, «Тил жана котормо» журналында котормолору жана көркөм жазуу жөнүндөгү макалалары, тил изилдөө макалалары жарык көргөн, китептер жана үн тасмаларынын мукабаларын иштеген, агартуу басмасы жагынан чыгарылган бир канча кыргызча окуулуктарды которууга катышкан. 2000-жылы Шинжаң эл басмасынан «Кызгылт таң» аттуу ырлар жыйнагы басылып чыккан, 2002 – 2003-жылдары «Шинжаң гезити» жана «Шинжаң жаштары» катарлуу уйгурча гезит-журналдарда 20 барчадан ашуун ой толгоо макалалары уйгур тилинде жарык көргөн. Өмүр баяны «Жуңго көркөм өнөр салаасындагы ишмерлер» томуна киргизилген. Кээ бир макалалары автоном район даражалуу сыйлыктарга татыктуу болгон. «Ак тилек» сайтын ачып элине тартуулаган.

Жумалы Орозо уулу Шинжаң жазуучулар коому жана эл ооз адабиятчылар коомунун мүчөсү.

 

Ырлары

ЧОҢБАГЫШ МҮНӨЗ ЧЕРИКМИН
(сатиралык саптар)

Кыпчак, жоош, кушчу, черик, чоңбагыш,
Кытай кыргыз журтундагы уруулар.
Уул үйлөп, кыз берүүдөй улуу салт,
Ушул чийим чөйрөсүндө курулар.

Мейримдүү эл, чоң багышым алкапсың.
Мени багып койнуңда сен жалгапсың.
Эгер мурун чериктигим билинсе,
Чоңбагыштан кыз алалбай калмакмын.

Түбүң черик десе башта териктим,
Туугандарды, атамды да кейиттим.
Какшаалга капыс барган кезимде,
Чериктерим билбей сыйлап мейиттиң.

Бабам өткөн Карабулак кашында,
Барктуу өлгөн Ак байпактын ташында,
Каракөөнү, кабырганы мекендеп,
Кадимки эле черик болгон башында.

Каражүлдүн мечитинде туулдум,
Тегирмети мейримине жуурулдум,
Ата-журтум калып көзүм аркамда,
Артышта окуп Үрүмчүгө туурулдум.

Жакшыланып азыр элим жолдоруң,
Куда болуп барат кемпир-чалдарың.
Кошунадан ала берип кыздарды,
Кодоо болуп калбайт эми балдарың.

Элим ушул чоңбагышты кыямбы,
Эми барсам черигиме сыямбы.
Байкап көрсөм өзүмө окшоп көрүнөт,
Турдубайды, Дүйшөнаалы, Сыярды.

Кайда барсам ал жер сулуу көрүнөт,
Касиети тартат көөнүм бөлүнөт.
Калпакчан эл, кыжымалуу энелер,
Карындаштар… карап ичим сөгүлөт.

Ченсиз көрдүм чоңбагыштын ашайын,
Черигиме эми кантип качайын.
Кыйын экен кыргызымдын батасы,
Кылчактабай кыргыз болуп жашайын

Кыргыз экен уруулардын атасы,
Кыргыз болсом болбостур дейм катасы.
Куудулданып тамашалап койгомун,
Досторумдун келбесе экен капасы.

 

ТААРЫНБА
(обондуу ырдын с
өздөрү)

Айыпсыз сага жаңылып,
Алоого жүрөк жагылып.
Арданган ошол сырымды ,
Айталбай жүрөм жабыгып.
Айталбай жүрөм,
Айталбай жүрөм жабыгып.

Кыпкызыл бетиң албырып,
Кылгырып жашың агылып,
Кызганыч назың билинбей ,
Кылчайбай кеттиң таарынып.
Кылчайбай кеттиң
Кылчайбай кеттиң таарынып.

Карааның көздөй агылып,
Капелим өрткө кабылып,
Какшанып турган чагым бул ,
Каражан сени сагынып!
Каражан сени,
Каражан сени сагынып.

 

ЖАРЫӉМЫН
(обондуу ырдын сөздөрү)

Жабырың тарткан жарыңмын,
Жолуңду көздөй агылдым.
Жолугар күндү эстетип,
Жодурап көзгө чагылдың.

Сагындым сени сагындым,
Сабылып ойго агылдым.
Жытташаар күндү эңсетип,
Жылдызым болуп чагылдың!

Эркелеп сүйгөн жарыңмын,
Ээсисиң жаным барымдын.
Кызыгын арнайм өзүңө,
Кыйычу ажал жанымдын.

Ашыгып сүйгөн жарыңмын,
Асылы сенсиң барымдын
Ачкычын арнайм өзүңө,
Алычу теңир жанымдын.

 

АРДАГЫМ
(обондуу ырдын сөздөрү)

Койкойгон сулуу ардагым,
Кошулуп жүрсөк ардайым.
Жолугуп мага кеталбай, айдайым…
Жолтоңо бир иш бар дайым.

Жадырап турган жайдайым,
Жакшы (эле) көрөм айтайын.
Ажарың элди суктанткан, айдайым…
Асмандан тийген айдайым.

Ырдасам ырым дап-дайын,
Ырдап да талды таңдайым.
Ар убак карап жолуңду, айдайым…
Аптапка күйдү маңдайым.

Эстейсиң билем айдайым,
Эсиңди бөлүп чачпайын.
Сагынып кетсем кантейин, айдайым…
Сактайын сени сактайын.

 

ЖАЗУУЧУ ЫРЫСБЕК АБЫКАНДЫ ЖОКТОО ЫРЫ
(обондуу ырдын сөздөрү)

Көңүлдөн кайгы-муңду суурудуң,
Көп эстеп, зарлап ырдап турушум.
Эл сүйгөн кайран агам Ырысбек,
Өзүңдү алган дүйнө курусун,
Курусун.

Капыстан жанып өчкөн жылдызым,
Кылгырып көздөн жаштар ыргыдың!
Катканга кара жерге сени кыйбай,
Кайгырып калдык казак, кыргызың,
Кыргызың,
Кыргызың.

Кең пейил канча болсо кечирген,
Кемчонтой сенектерди жекирген.
Такшалган талант элең абакем,
Шум ажал алып кеттиң кесилген,
Кесилген,
Кесилген.

Аткардың милдетиңдин көбүн агай,
Ажалдан жумган менен көзүң агай.
Ардактайт урпактарың өрнөгүңдү,
Аркачан өлбөйт бирок сөзүң агай,
Сөзүң агай,
Сөзүң агай.

 

ЭЛ БИЛЕТ

Баш деңгээлиң бийикби,
Жаш деңгээлиң бийикби.
Жан-жакасын сынчылап,
Жалпы эл бычат кийитти.

Жүйрүксүңбү, чабалбы,
Чеченсиңби, нааданбы,
Өөдөсүүгө койбостон,
Өмүр сынайт адамды.

Озотсуңбу, ортобу,
Жортоксуңбу, жоргобу.
Жоругуңа жараша,
Жолуң билет ошону.

Жакшысыңбы, жаманбы,
Жалпы эл билет жараңды.
Чеченсүүгө койбостон,
Ченеп берип саламды.

Жабык алган кадам бар, .
Жакшы сымак жаман бар.
Жаза бассак кокустан,
Жазаа берет адамдар.

Айткан эле «Эп» болбойт,
Жуткан эле «Жеп» болбойт.
Утурумдук өмүрдө,
Утуп жашайм деп болбойт.

 

ТУРМУШТА

Мен турмушта салмак басып жай барам,
Мезгил менен арбашам да арбалам.
Бийик максат тилектерге жетем деп,
Бир шумдуктуу образдарга айланам.

Кээ кожомун, кээ турмушка мүңкүрмүн,
Кесип кармап тууга чыгып үлгүрдүм.,
Сатаң үйүм бир бурчунча сезилбейт
Сан жыл мурун бабам өткөн үңкүрдүн.

Намыс билип ата жолун туурадым,
Нарп айтпаса кечкен жокмун суубадым.
Бабасын кой, мени гана тартса дейм,
Бапестеген балам бактым кубатым. ”

Мен турмушта көбүн көрдүм экчелдим, ,
Мейрим, насип бөлгөн жерге кеч келдим.
Кашкөй экен тагдыр деген кантейин,
Качканыма кайра нечен беттелдим.

Мен мээримди сурабадым сүйгөндөн,
Сүйгөнүм да кудум мендей үйрөнгөн.
Кыз кыялдуу, асыл нарктуу, ажарлуу, !
Кыргызымдын бир кызына үйлөнгөм.

Өнөр артын өжөрлөнө куугамын,
Өкүрөңдөйт «тың жаша» деп тууганым.
Бүдөмүктөйт, мага чеги билинбейт,
Бул турмушта кээде ката- тууранын.

 

МАКТАП ЖҮРӨМ

Мен сени оозумда мактап жүрөм,
Адам болуп калар деп сактап жүрөм.
Жакшылыкка жамандык жандырсаң да,
Жамандыгың эсебин тактап жүрөм.

Ичимде эмес сыртымда мактап жүрөм,
Жок жеринен бир кычык табабы деп.
Чам алдырбай баркымды сактап жүрөм,
Чаян болуп тар жерде чагабы деп.

Мен сени калптан эле мактап жүрөм,
Туйдурбастан туурасын жактап жүрөм.
Көөдөктүгүң эл билет айтпасам да,
Мактап коюп баркымды сактап жүрөм.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.