Өрүк курут

Oruk_kurutКурут кыргыздын улуттук даамдарынын бири катары белгилүү. Ал эми Баткен жергесинде курутту өзгөчө сыйлуу тамак катары аздектеп келишет. Эгер дасторконго эзилген курут берилсе, анда келген мейман өтө сыйлуу. Адатта, куруттун өрүк курут, туздуу курут деген эки түрү жасалат. Өрүк курут өрүк бышкан маалда даярдалат.

Керектелүүчү азыктар:

Айран,
жакшы бышкан өрүк,
сары май

Даярдоо ыкмасы:

1. Уютулган айранды мата баштыкка куюп, илип коюу шарт.
2. Жакшы бышкан өрүктү эт туурагычтан өткөрүп алыңыз.
3. Айран суусунан арылып, сүзмөгө айланганда аны казанга саласыз.
4. Сүзмөнүн өлчөмү канча болсо, ошондой өлчөмдө эзилген өрүктү кошуп, жай отто 1 саат чамасында кайнатуу керек. Кайнатуу учурунда тез-тез аралаштырып турууну унутпаңыз.
5. Сүзмө муздаганда алаканга салып тоголотуп же мыкчып формага келтириңиз.
6. Формага келтирилген куруттар эми кургатылат.
7. Даяр болгон куруттарды кышкысын, мейман келген учурда же орозо маалында талкалап майдалап казанга салып, бир аз суу куюп, эзилгенче кайнатып алуу керек.
8. Эзилген курутка сары май катыкталып, сый тамак катары берилет.

Эскертүү:

Учурда айрымдар эзилген өрүктү бууга кармалган банкаларга куюп жаап, кышка сакташат.
Мунун жакшы жери, керек маалда банкаларды ачып, эзилген курутка аралаштыра салып кайнатып ичүүгө ыңгайлуу.
Туздуу курут деле жогорудагы ыкма менен даярдалып, өрүктүн ордуна туз кошулуп даярдалат.
Куруттун бардык түрүнө табитиңизге жараша кант же набат кошуп ичсеңиз да болот.

«Сары-Кол» сайты

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.