Омор Султанов: Сүйүүнү акылым түгөнгүчө жазам

o_sultanov

“Сен жөнүндө поэмасы” аркылуу даңкы далайга кеткен айтылуу эл акыны Омор Султанов “Азаттык” менен адамгерчилик, бийиктик, жалгыздык, сүйүү жана башка түбөлүктүү темалар тууралуу баарлашты.

«Азаттык»: Алтымышынчы жылдары жанардай атылып чыккан акын,  махабаттын жарчысы Омор Султанов бүгүн эмне менен алек?

Султанов: Бүгүн Омор Султанов роман жазып жатат. Ушунчалык башымдан көп нерселерди өткөргөн экемин, чоң окуяларга аралашып, эң бийик даражадагы адамдар менен чоң талкууларга аралашып, саясий күрөштөрдө жолугушкан экемин. Жаштарга сабак болсун деп ошол башымдан өткөргөндөрүмдү тарыхый-философиялык роман кылып жазып атам.

Мен 57 жыл мурда Бакуда жаш акындардын дүйнөлүк фестивалына катышыптырмын. Жакында ошол тарых кайталанып, Анар (Назым Хикметтин уулу) деген Азербайжан жазуучусунун 80 жылдыгына, Бакуга бардым. Көп өлкөлөрдөн чакырылыптыр, бирок мурдагы караан өтө азайыптыр…  Белла Ахмадулина, Андрей Вознесенский өңдүү авангардисттердин баары чогуу жүргөн досторум болчу. Евгений Евтушенко болсо Америкада экен. Азыр бир бутун кестирип, кыйналып жүрүптүр.

Жорго ырлардан качып…

“Азаттык”: Жакында Орусия каналдары Евтушенко менен чыгармачылык сапары, калемдештери, анын ичинде Бродский менен мамилеси тууралуу өтө таасирдүү, кеңири маек берди. Көрдүңүзбү? Кандай таасир калтырды?

Султанов: Бродский менен мамилесин ашырып берди. Бродский муну менен анча чоң дос болгон эмес. Мен билчүмүн. Булар, айрыкча  Евтушенко адегенде стадиондун, аянттын, сахнанын акыны болчу. Поэзиясы терең эмес эле. Вознесенскийлер, Бродскийлер башка болчу да.

“Азаттык”: Өзүңүз айткандай, сиз Бродский, Вознесенский, Евтушенко сыяктуу чыгаандар менен үзөңгүлөш, замандаш, теңтуш болдуңуз. Таланттардын дүйнөсү негизи, башкача болот турбайбы, дос-душмандары болот экен дегендей. Кыргыз адабиятында, сиздин жакын чөйрөңүздө жакшы санаалаштарыңыз, атаандаштарыңыз, досторуңуз кимдер, айта аласызбы?

Султанов: Чынын айтсам дос болуп, колуңдан сөз да жеп, нан да жеп жүргөн жаштар, чогуу жүргөн достор атың чыга баштаганда эле кача башташат экен.

“Азаттык”: Эмне үчүн? Көралбастыкпы?

Султанов: Ошол, ошол. Балким мен жаңылып аткандырмын, бирок бул кыргызда өнүккөн өнөкөт экен да. Саясатта да ошол, айылда деле кошуна кошунанын малынын көбөйгөнүн көрө албай кетет. Коом, психология, менталитет ушундай турбайбы.

Мисалы, Чыкем деле жалгыз кетти. Кичине аты чыккандан баштап баарысы андан кача баштады. Жамандап киришти бечара кишини. Анын күнөөсү эле көпчүлүк менен барып, эт жеп, арак иччү эмес. Эч ким менен сыр бөлүшчү эмес. Себеби, ал өзүнүн ичиндегисин айтса, анын деңгээлин түшүнбөгөндөр кайсы жерине күлөм дегендей болот экен да. Мен аны байкап калганым – 50 жылдай бирге жүрдүк. Үйлөнүү тоюма келген. Анан жакын болуп кеттик. Үй-бүлөлүк сырларына чейин айта баштады. Бирок майдаланчу эмес. Кабагы сейрек ачылып жүрчү. Усубалиев, Акаевдер деле жактырчу эмес. Муну жакшы колдогон эле Болот Мамбетов деген БКнын мүчөсү болду.

Мен өзүм жөнүндө болсо: жерде жатып калгандарын көтөрүп чыкпадымбы. Алыкул Осмонов атындагы ийрим түзүп, далайды сүрөбөдүмбү. Мен буга сыймыктанам. Бирок баары бир дүйнөнү кыдырып, таанып, китептерди окумайынча болбойт. Айтматов деле изденип, дүйнө таанып жүрүп ушул деңгээлге чыкпадыбы.

“Азаттык”: Таржымалыңызга караганда, орус адабиятына ыктап чоңойгон экенсиз…

Султанов: Мен ошон үчүн жазсам керек: “акындар, кечиргиле, ырларыңар окшошот совхоздун ак койлоруна” деп телевизордон айткам. Ыраматылык агалар, алардан деле көп эле тарбия алдым, бир жолу жаштык, курчтук менен айтсам керек  “Жададым Темиркулдун ырларынан, Маликовду окусам кускум келет” деп окуп коюптурмун. Жорго ырлар деп качсам керек.

Чолпон Жолдошева деген таланттуу, чоң окумуштуу бар, орус адабиятына ушу киши жол ачып берди окшойт. Мен Пушкинди түшүнчү эмесмин. Көрсө сөз байлыгым аябай аз турбайбы. Ошон үчүн Пушкинди которбой жүрдүм да. Ошол эле Гете, Гейнелерди убагында жакшылап которгондо кыргыз адабиятына сиңип кетмек. Мисалы, “Жолборс терисин кийген баатырдын” сиңип кеткенин кара. Ал  Шота Руставелиникинен таптакыр башка, түп нускасына салыштырып окуп чыктым. Жарыктык киши (Алыкул) өзү сүйүүгө кабылып, ошону тигиге жамап туруп чыгарган окшойт.

Жалгызсыраганга убакыт жок

“Азаттык”: Сиздин бир топ мыкты замандаштарыңыз алыста. Көзү өтүп кеткендери бар. Сиз жалгызсырабайсызбы? Жалгыздык деген эмне өзү деги?

Султанов: Орустар “быть самим с собой” дейт. Жазуучу өзү менен өзү болушу керек. Ал ааламды аңтарып жүргөн адам. Анын жалгызсыраганга убактысы жок. Карачы, менин үйүмдө, мына бул иш бөлмөмдө канча китептер окулбай жатат. Кичине эле карасаң кирип кетесиң.

“Азаттык”: Кыргыз журтчулугунда тилекке каршы окуу маданияты солгундап кеткендей…

Султанов: Бул дүйнөлүк проблема болуп атат, бирок китепти алмаштыруу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Жазуучуларда өксүк жокпу, ким окуйт, өзүм үчүн эле өзүм жазып жаткан жокмунбу дегендей?

Султанов: Мага андай ой кирип чыкпайт дагы. Мен билгенимди башкаларга айтышым керек. Ким окуйт, качан окуйт – ал кызыктырбайт. Жанагы романымды бүтүп калсам, дагы бир чакан романым турат. Ошого абдан шашып атам. Анан ырларым да көп болуп атат.

“Азаттык”: Азыр эми ыр жазганда сизди баягыдай эргүү башкарабы же акылбы?

Султанов: Мен буга жооп бере албайм. Жөн жүргөндө эки сөздү кураштыра албаган кишиге отурганда эле келе баштайт. Муну эргүү деймби, акыл деймби? Бул айтууга мүмкүн болбогон башка бир нерсе.

“Азаттык”: Сүйүү жөнүндө дагы эле жазып атасызбы?

Султанов: “Сен жөнүндө поэманы” көзүм өтүп, акылым түгөнгөнгө чейин жазып көрөйүн деп ой кылгам.

“Азаттык”: Оюңуз ишке ашып атабы анан?

Султанов: Ашып атат. Себеби адам баласынын эмоциясы кандай болуп ишке ашат – ушуну эксперимент кылып атам. Эми кээде бу кудай урган 20-30 жаштагыдай эле эргип атат дешеби деп да коркосуң (күлөт).

“Азаттык”: Сиз Моруанын “жазуучу башкалар жөнүндө, акын өзү жөнүндө жазат” деген сөзүн келтирип атасыз. “Сен жөнүндө поэма” сиздин турмуш, сиздин тагдыр, сиздин сүйүүбү?

Султанов: Ошо да. Өзүмдүкү гана.

“Азаттык”: Сиздин сүйүү ырларыңызды, мисалы, “Сен жөнүндө поэмаңызды” чыгармачылыгыңыздын туу чокусу дешет. Кокус чоң сүйүүгө кабылбай калсаңыз сизден ушундай чоң акын чыгат беле?

Султанов: Апам ырчы экен, атам фронттон ыр менен гана кат жазчу экен. Агаларымдын бардыгы ыр жазган. Осмон деген согуштан кайтпай калган агамдын “Эскерме” деген ырын Тосордун элинин бардыгы көчүрүп алып окушчу.  Ырыс аке деген таятам чечен киши болгон. Анын келини, казактын кызы Ашуу деген чоң энебиз да акын экен. Байкасам менде башка жол болгон эмес окшойт.

Бурулкан Сарыгулова, «Азаттык», 21.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.