«Атакенин Акболот» – жазуучунун жана тарыхчынын чыгармачылык эмгегинин үзүрү

(Уландысы. Башы бул жерде)

Мына ошол тарых А.Рыскулов бүгүнкү окурманга алып чыга турган сабак. Кийин-кийин Ормон хан менен Боронбай ордо кура баштаганда Калыгул олуя айтат эмеспи, оюнду токтоткула, ордо ичи канга толуп кетти деп. Болбой эле, акыры эмне болду: кыргыз тарыхынын капкара барактарына жазылган сарыбагыш-бугу чатагы чыкты. Ошол-ошол сыяктуу уруулук чатактар, биригүүлөр жана ажыроолор – романдын негизги окуяларында кызыл сызык менен сызылып өтөт. Алмагайып заманда Түлкү менен Дархандан тараган Үчүкө, анын үч уулу Маматкул, Дөөлөт, Бердигул үчөө үч жакты карап отурат. Ошолор биримдикте болсо, калмак коңтаажысы Сыбан Рабдын колун талкалап коюшпайт беле, ага алы жетпей, Сыр-Дайраны бойлоп жан сакташты. Алкынган Мааникердин баягысы жок, «ак көбүк шилекейин шамалга жулдуруп, оозун аңырдай ачып калгандай» кыргыздар да баягысы жок, жер карап калган кез. Эми алар Тынай бийдин туусуна биригип, сырт душмандарды сүрүп чыга алабы? Кеп ошондо. Мына ушундай тарыхый кырдаалга каармандарды алып келет да, тарыхый шарт-кырдаал мүнөздөрдү жаратат.

Окуя ушинтип өнүгүп отурат, Санжы-сынчынын байыркыны козгогон санжырасы, «бөрү биригип миң болбогон, кой чачырап бир болбогон» философиясы, казак-кыргыз аңыз кептери, уламыштары, тарыхый баяндары жазуучунун көркөм элегинен өтүп сюжеттин динамикасы, образдардын ачылышы үчүн кызмат кылат. Тарыхый-документалдык материалдар менен элдик оозеки кептерди бири-бирине салыштырган, анализдеген, алардын типтүү учурларына таянган, чыгармачылык токуу менен аларды кайрадан иштеп чыккан, алардын кайсылары азыркы коом үчүн зарыл, кайсыны жазуу керек да, кайсыны жазбай коюу керек дегенде жазуучу жогорку профессионалдуулугун көрсөткөн. Болбосо, ал, материалдардын чытырман токойдой болгон чоң базасынан адашып калмак, ошол чытырмандан чыга албай калмак. Тарыхты жазган кишинин адистиги өтө көп материалдардын ичинен зарылдарын, керектүүлөрүн бөлө билиште. Бул жагынан биз сөз кылып жаткан автор жолдуу болгон. Ал керек учурда Унковский, Андреев, Валиханов сыяктуу аскерий-жергезерлердин жазгандарын, орус падышасы Екатерина IIнин 1786-жылы 15-мартта, жекшемби күнү Атаке баатыр жиберген кыргыз элчилерин кабыл алган протоколду ошол-ошол бойдон окурмандарына төкпөй-чачпай берип кетет.

Калмактарга каршы күрөшкөн Маматкул, Тынай, Жанболот, Качыке, Кошой, Нышаа, Каработо, Бердике, Туубий ж. б. тарыхта жана санжырада аты аталган инсандар романда өз жүзү менен, өз өзгөчөлүктөрү менен чыга келет, алардын баарын бириктирип турган өзөктүү ой бар, ал – мекендин азаттыгы, жерди ээлеп алган жоону сүрүп чыгуу. Кыргыз адабиятынын көптөгөн чыгармаларына өзөк болгон мына ушул тема «Атакенин Акболот» романында андан ары улантылат. Андыктан да автор согуш баталияларын кыргыз эпосунун традициясында кинемотографиялык тактык менен бере алат. Ар кандай авторду кыйнаган да, сынаган да согуш эпизоддорун сүрөттөөдө романдын кыйла утугу бар. Мына бир эпизод: «Кыргыз уландарын кыйкуулап сүрөгөн эр Солтоной ат жалында айкаш өнөрүнөн кынуу таап, кызый берди. Жер жайнаган камыш башын кайкы кылыч, болот шамшар менен таарый жүрө отуруп, күндөгүдөн оолак кетти.

Мындан ары жыландай имерилген Жоон­саз жолду тирейт. Уландар ушул туштан имерилчү эле. Солтоной бүгүн «кайт» дебей, Жоонсазды шилей кирди. Калбырдай өпкөсү көөп, кара тери алынган калмак жылкысы түздө мурча берер эмес, бирок сазда сорулду. Жаштайынан ат жалында ойногон азаматтар былкылдак сайга киргенде булар да өчөрүлдү өмгөктөй. Ат туягы жерге жетпей, каалгыган каздай. Акырек созуп кошкура, көкүрөк-көөдөнү балчык жирейт. Уландардын чабалы Татыгул ат-паты менен сазга тыгыла, буйдала түшкөн белем, буркурап ыйлап жиберди:

– Баа-а, баа! Мен чөктүм, баа…

Имериле чапкан Солтоной мууну бош уланга кайрылып, сазга баткан атты ооздуктан тарта өөдөлөтө сууруп барат:

– Темин! Чү де!

Татыгулга эңиле, жандай сүздү баатыр. Атка айбат көрсөтө камчысын үйрүп жүрүп отура, кургакка жетти. Күтпөгөн буйрук айтты Татыгулга:

– Чап, атаңа наалат, чап! Узап кет алга!

Сазды жиреп чыккан балдар кудум кара каргадай. Көзүнө чейин баткак. Топтун алды эки тизгин, бир чылбырды жыйнай тартып, дем баскыча эр Солтоной ач айгай салды:

– Чап дейм! Токтобо-о!!..

Атаке конгон торуну булдурсун камчы менен сооруга тартып жиберди:

– Ча-ап, Манаптын тукуму!

Шакирттерин шаштырып, алга сүрөгөн эр Солтонойдун көздөрү чычаладай күйүп, кызарып чыккан. Куйрук улаш Нышаа, Сеңкибайдын аттарын, Ыйбан өчөңдөй минген кулагерди демите киркиреди:

– Ооздукту койо бер, оозуңа ча-айын! Чү де, чамда-а!..

Аттары саздан атыла, мөңкүштөй чыккан балдар тең жарыша, карчыга куштай сызылды. Даңгылга жеткенде туякта калган ылай-баткак асманга чейин чачырап, даңкан ыргып барат.

Куйундай куйгуду уландар…

Калмак жасагынан бөлүнгөн эр Солтоной колу карлыгачтай зыпылдап, Жылдыз, Кундуздун сол жакасына из жашырып кетти заматта. Тайчызаада Калдаң Сереңдин арттан түшкөн куугуну Жоонсаздан калмактын кара мылтыгын даңылдата асманга атып, бармагын кырча тиштеп кала берди».

Сүрөттөөнүн тактыгы, мезгилдик колорит, каармандардын кыймылы – бул чыгарманын жандуулугу, жазуучу-сүрөткердин окуяга кире алгандыгы.

Эгерде советтик учурдагы тарыхый романда, анын ичинде «Көк асабада» да, «Сынган кылычта» да, өзгөчө «Келкелде» да социалисттик реализмдин изи, айрыкча, каармандарды карама-каршы лагерге, эки тапка бөлүп алып кароо илдети болсо, «Атакенин Акболотунда» автор андай илдеттен кыйла кутулган. Ошол эле эзүүчү тап дегенибиз көп учурда эл тарапта болот. Тынай, Эр Садыр, Жайыл баатыр, Эр Солтоной, Эсенгул эл эркиндигин ойлоп, жеке жашоосунан калк тагдырын жогору коёт. Калмак коңтаажысынын сулуу кызы, кыргыздын оозеки баяндарында ооздон түшпөй келген Гүлгаакы-Олоңбайырдын образы романдын романтикалуу да, лирикалуу да, трагедиялуу да барактарын толтурат. «…Акболотто» лиризм да, шарттуулук да, фантастикалуулук да, романтика да, ирреалдуулук да, а түгүл катаал реализм да аралашып келе берет, социалисттик реализмге негизделген советтик адабиятта мындай болмок эмес.

Мына ушундай тарыхый доор өз уулдарын жаратат. Алардын туу башы, алтаны роман боюнча Атаке бий, же Атаке баатыр. Сарыбагыш уруусун башкарып гана калбай, ал казак-кыргызды калмак жапырыгынан куткарган. Үчүкө, Түлкү баатырдын тукуму болгон Атаке 1738-жылы туулган, анын атасы эли менен Сыр-Дарыя боюна сүрүлүп калган кезде, Чүй боорунда Жуңгар колунун башчысы Доргул менен жекеме-жеке чыккан кезде аны сайып түшөт. Романда ал баатыр, акылгөй. Тарых менен жеке адамдын бири-бири менен өзөктөштүгү, тарыхтагы жеке адамдын, жеке адамдын турмушундагы тарыхтын орду ар кандай татаал, карама-каршы ситуацияларда ачылып отуруп, көз алдыбызга тарыхый адамдын тарых жараткан образы тартылат. Автор Атаке менен бирге эле чыгармасында окуяларды сүрөттөөдө сюжеттик сызыкка көптөгөн каармандарды алып келет, алар бийлөөчүлөр, баатырлар, уруу жакшылары, карапайым адамдар, даанышмандар, ошолор баары биригип отуруп, турмуштун татаалдыгын, ошол татаал дүйнөдө жалгыз бий же баатыр бий да, баатыр да эместигин насааттайт.

Ошентип калмак жапырыгы кыйла басылган кезде казак-кыргыз согуштары чыгат, бир жактан Чын (Кытай) жакын келет. Булар романда көптөгөн эпизоддордо ачылат. Мына ошол кезде үчилтиктин үчүнчүсүнө келебиз. Кыргыз үчүн бир гана жол калгандай – ал орус менен мамилени жакшыртуу. Андай болбосо кыргыз кырылып калгыдай. Ошентип 1785-жылдын жайында Абдрахман Кучаков деген билимдүү молдо жана букаралардан чыккан Шергазы аттуу адамдар элчилик мамилелерди кантип түзүп келгендиги романда көркөм баяндалат. Эгер Абайды Абай кылган Мухтар, Курманжан датканы Курманжан датка кылган Төлөгөн дей турган болсок, анда Атакени Атаке кылган Акбар болуптур.

Молдо Кылыч «Чүй баяны» деген поэ­масында Сары-Өзөн Чүйдө өскөн 140 өсүмдүктүн, 73 жаныбардын атын атайт, акындын Чүй фауна-флорасына жасаган экскурсуна таң каласың, Мухтар Ауэзов болсо азыр музейинде турган кол жазмасында Түштүк Казакстанда кездешкен чөптөрдүн эки жүздөн ашыгынын атын жана негизги мүнөздөмөсүн жазып койгон экен. А.Рыскулов да бул чыгармасы менен кыргыз тилин, кыргыз этнография­сын, этнопедагогикасын изилдөөчүлөр үчүн бир топ кеңири материал таштап кетиптир. Романда көөнө сөздөр, аскерий-согуштук лексика, вулгаризмдер, варваризмдер кеңири иштетилет. Ал жагы өзүнчө сөз.

Роман өтө көлөмдүү, көп жылдык (кылымдык) тарыхты камтыган, көп пландуу, көп адамдардын көркөм бейнеси тартылган, бул же тигил санжырага туура келбей калышы да толук мүмкүн, анысы табигый нерсе жана ал чыгарманын баа-баркын төмөндөтө албайт. Автордун мүдөөсү чыгармасынын идеялык-көркөмдүк проблематикасын үч кылым мурдагы окуяларды көркөм интерпретациялоо менен байланышса да, ошол тарыхый окуяларды бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелери менен ашташтыра бергендигинде.

Негизгиси биз чыгарма туу­ралуу «чөп башылап» гана айтууга мажбур болдук, себеби, айта турган сөз көп. Алдыда. Көп адам айтат. Жазуучу тарыхчы катары да, сүрөткер катары да айта турган сөзүн айтып койду. Анын айткан ал сөзү Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка толук татыктуу деп ойлойбуз.

Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор,
«Кыргыз туусу», 25.07.2014-ж.

Соц тармактар:

One thought on “«Атакенин Акболот» – жазуучунун жана тарыхчынын чыгармачылык эмгегинин үзүрү

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.