Жүгүнүү салты

(этнографиялык талаа материалдарынын негизинде)

Макала автордун Кыргызстандын Ысык-Көл, Талас, Нарын аймактарынан чогулткан этнографиялык талаа материалдарынын негизинде жазылды.

Кыргыздардын салттык этикетинде келинге мүнөздүү тергөө жана жүгүнүү салттары маанилүү орунду ээлеп келген.

Жүгүнүү

Келин кайын ата, кайын эне, күйөөсүнүн улуу эркек жана аял туугандарынын бардыгына жана кайын энесинин бир туугандарына учурашуу иретинде жүгүнгөн. Аларга жолуккан мезгилде кол берип учурашууга же үнүн катуу чыгарып саламдашууга тыюу салынган. Мында ал саламдашуу иретинде колун бооруна алып, тике карабай, ийилип таазим эткен. Келин топ кишиге карата да бир эле жолу жүгүнгөн.

Келин күйөөсүнөн «аяк алып ичерлик улуу», тактап айтканда жашы жагынан анча-мынча, бир аз гана улуу эркек туугандарына да жүгүнүүгө тийиш болгон, бирок алар өздөрү макулдук берип келиндин жүгүнбөөсүн суранышкан учурда ал жүгүнүүсүн токтото алган.

Айрым бир учурларда келин ыраазычылык билдирүү иретинде да жүгүнгөн. Алсак, жогоруда аталган адамдар устукан берген учурда, ыраазычылык иретинде ал кишиге жүгүнүп койгон.

Келин кимге багыштап жүгүнсө, ал киши буга жооп кылып «көп жаша», «өмүрлүү бол», «кудай жалгасын», «теңир жалгасын», «алганың менен тең кары», «бар бол», «өркөнүң өссүн», «тилегиңе жет», «кудай тилегиңди берсин», «этегиңден жалгасын», «ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн», «ак элечегиң башындан түшпөсүн», «көшөгөң көгөрсүн» деген сыяктуу алкоолорду айтып ыраазычылык билдирүүгө тийиш. Ал эми келиндин жүгүнүүсүн жоопсуз калтырып байкамаксан болуп басып кетүү, бата бербей же алкабай коюу кыргыздардын салттык этикетинде өтө чеки иш катары эсептелген.

Келиндин кайын журтуна жүгүнүүсү келиндин өзү же күйөөсү каза болгонго чейин созулган. Кыргыздарда адат боюнча күйөөсү өлгөндөн кийин жесир аялды «бели сынды» деп жүгүндүрүшкөн эмес. Мындай өтө жаш калган жесирге да тиешелүү болгон [1:8,26,46,51,54].Бирок, алардын кайын журтун тергөөсү мурункудай эле улантыла берген.

Ал эми аял киши карып калган учурда да абышкасынын көзү тирүү туруп, уруусунда андан улуу киши калса, анда ага мурункудай эле жүгүнүүсүн уланта берген [1: 26,54,66,70].

Бирок, кыргыздардын салттык этикетинде төмөндөгүдөй айрым бир учурларда келиндин жүгүнүүсүнө тыюу салынып, токтотулган:

Жесир кайрадан турмушка чыккандан кийин жүгүнгөн эмес. Бирок, нике кыйылгандан кийин, кайын тарабы тамак-аш, чай куюлган аяк сунуп, балам, мындан кийин муруңку жолуң менен жүгүнүп жүр, муну ич деп берет. Ошондон баштап келин мурункусундай жүгүнө баштаган. Эгер мындай иш-аракет аткарылбаса, жүгүнгөн эмес [1:54].

Келин бирөө каза болгон үйдө өзүнүн дайыма жүгүнүп жүргөн адамдарына сөөктү жерге берип келгенге чейин жүгүнгөн эмес. Мындай ишаратка жамандыкка жүгүнгөндөй, ага багынгандай болуп калат деген ишеним себеп болгон [1:8].

Белгилей кетчү нерсе, келин күйөөсүнүн улуу туугандарына гана эмес, башка уруунун аксакалдарына да салам берүү иретинде жүгүнгөн. Ошондой эле көп никелүү үй-бүлөлөрдө байбиченин балдарынын аялдары токол апасына да жүгүнүп, атын атабай тергеген.

 

Тергөө

Кыргыздарда келин күйөөсүнүн туугандарын (аялдарын да, эркектерин да) көзү барда да, жокто да атынан айтпай, башка сөз менен алмаштырып атаган жана күйөөсүнүн жети атасына да ушундай мамиле кылган. Бул тууралуу Ф.А.Фиельструп төмөндөгүдөй маалымат келтирет: «Аялдар үчүн айтууга тыюу салынган сөздөр – күйөөсүнүн эркек туугандарынын аттары. Азыркыга чейин кары аялдар күйөөсүнүн ата-бабаларынын онунчу атасына чейин атабайт. Мындан сырткары, бул аттар менен үндөш, окшош сөздөрдү да айтууга укугу жок болгон. …Манаптарда келин күйөөсүнүн уругун да атабайт, ошондой эле бул аттар менен байланышкан нерселердин, жаныбарлардын атын айтпайт» [5:48,49].

Жаңы келген келинге улуу абысындары кимди кандай ат менен тергээри тууралуу айтып беришкен. Анткени, ар бир уруунун келиндердин арасында кайын агаларынын ар кимисинин кесибине («Уста акем»), сырткы келбетине («Төкөр акем»), мүнөзүнө («Момун акем») ж.б. өзгөчөлүктөрүнө жараша тергелген аты болгон. Келин мындан ары аны эл арасында «Баланча акем» деп ошол ат менен тергөөгө тийиш. Бирок, ага кайрылуу учурунда антип тергелген аты менен эмес, жөн гана «аке», «аба» деп кайрылган. Бирок, белгилей кетчү нерсе, кыргыздардын салттык этикетинде келин кайын атасы, кайын агалары менен сүйлөшкөн эмес, алардын суроолоруна гана жооп берген. Эгерде бир нерсени суроого туура келсе, бирөөлөр аркылуу кайрылган.

Ошондой эле келинге ошол үйгө бүлө болуп келгенге чейин төрөлүп калган кайын сиңди, кайнилерин да атынан атоого тыюу салынган. Ал келгенден кийин төрөлгөндөрдү гана тергебей өз атынан айта алган. Бирок алардын арасынан да чоң ата, чоң апаларынын атынан коюлгандарын тергеген [1:27].

Келин кайын сиңдилерин «кыз», «бийкеч», «эрке кыз», «улуу кыз», «жана кыз» (улуу кайын сиңдисин), «ортончу кыз», «кичи кыз» деп тергеген. Мындан сырткары кээде кайын эже, кайын сиңдилерин кайсыл аймакка турмушка чыккандыгына жараша да тергешкен. Алсак, «Көлдөгү эжем», «Чүйдөгү кыз» ж.б.. Ал эми кайнилерин «бала», «улуу бала», «ортончу бала», «кичине бала», «уул», «кичине уул» «эрке бала», «марка бала» («марка» – кенже деген мааниде), «молдо бала», «ырчы уул» ж.б. деп тергеген.

Минтип тергөө кайын сиңдиси, кайниси картайып калган мезгилде деле кармалып, адатта жеңеси каза болгонго чейин улантыла берген.

Ошондой эле келин кайын энесинин эркек бир туугандарын (таекелерин), алардын аялдарын жана кайын энесинин эже-сиңдилерин да аттарынан айтпай тергеген.

Кээде келинге өзүнүн атасынын атын же өз ысымын атоого тыюу салынган учурлар да кездешкен. Алсак, кайын атасы менен өз атасынын ысымдары окшош болуп калган мезгилде, келин болуп келгенден тартып өз атасынын атын айтпай калган.

Ал эми А.Капалованын Ысык-Көл облусунун Тоң айылынан топтогон маалыматы боюнча, эгерде келиндин аты кайын энесинин атындай болсо, ал турмушка чыккандан баштап өмүрүнүн акырына чейин өз атын айткан эмес [3:61]. Айрым бир информаторлордун маалыматы боюнча, мындай учурда келиндин ысымын өзгөртүп коюшкан.

Минтип келиндин кайын журтун тергөөсү анын ошол үйгө бүлө болуп келгенинен тартып, ал каза болгонго чейин кармалган. Ал эми ал тергеген кишилердин көзү өткөндө деле алардын атын айткан эмес.

Н.П.Дыренкованын маалыматы боюнча келиндин кайын атасын, күйөөсүнүн улуу туугандарын тергөөсү анын кайындалган мезгилинде эле башталган. Эгерде кыз менен жигитти бала чагында эле кудалап койгон болсо, кыз кичине кезинде гана болочоктогу күйөөсүнүн туугандарын атынан атаган. Ал эми 11-13 жашынан баштап, ал болочоктогу кайын атасы менен күйөөсүнүн улуу туугандарынын эч кимисинин атын атаган эмес [2:17]. Бирок, талаа материалдарын топтоо мезгилинде мындай маалыматка кайчы пикирлерди жолуктурдук. Тактап айтканда, информаторлордун маалыматы боюнча кыз кудаланган мезгилден баштап болочоктогу кайын журтуна көрүнүүдөн жана жолугуп калуудан качкан, бирок аларды тергеген эмес.

Кыргыздардын салттык этикетинде аял кишинин айтуусуна тыюу салынган сөздөрдүн катарына анын күйөөсүнүн ысымы да кирген. Аял күйөөсүнүн атын анын көзүнчө, ал жокто жана күйөөсүнүн туугандарынын арасында айткан эмес. Анын атына окшош башка кишилердин да атын атабай, а түгүл ага окшош сөздөрдү, буюм аттарын да буруп, башка сөздөр менен сүйлөгөн. Аял күйөөсүн «атасы», «балдардын атасы», «байым», «кожоюн», «абышка», «от ээси», «биздин киши», «жанагы», «биздин үйдөгү», «тиги», «кайнатамдын баласы» сыяктуу ар кандай сөздөр менен атап, ага сиз деп кайрылган. Же балалуу болушкандан кийин, аны баласынын же кызынын атын айтып, «Баланчанын атасы» деп кайрылган [4:44]. Мында балдарынын улуусунунбу же кичүүсүнүнбү, кызынын же баласынын атынан айтып кайрылгандыгынын айрымасы жок [2:15]. Күйөөсү каза болгондон кийин да аялы анын атын атаган эмес. Н.П.Дыренкованын айтуусу боюнча аял киши күйөөсүн атынан эки учурда гана атай алган: экөө кичинекей кезинен бери чогуу өсүп, бири-бирин атынан атап көнүп калса же жесир болуп кайрадан күйөөгө тийген учурда [2:15].

Сөзүбүздү жыйынтыктап келсек, тергөө салтында төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр эске алынган:

– сырткы келбети («Узун бут аке»);

– мүнөзү («Момун аке»);

– кесиби же өнөрү («Уста аке», «Ырчы уул»);

– жашаган жерине карата («Көлдөгү эжем»);

– ысымына маанилеш сөздөр менен (Камчыбек – Шапалак);

– балдарынын аты менен тергеген («Асандын апасы»);

– күйөөсүнүн жашына салыштыра же бир туугандарынын жаш өзгөчөлөгүнө жараша («Улуу эжем», «Кичине бала») тергеген.

Ошондой эле көпчүлүк учурда тергөө катарында «Ат тескери» деген сөздү колдонуп келишкен. Ал эми азыркы учурда адамдын ысымын орусчага которуп тергөө да өкүм сүрүп келет.

Динара Молдокулова, И.Арабаев атындагы КМУ, “Баракелде”,
сүрөт www.azattyk.org сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.